Иран: жаңы президент Раиси кызматка киришти
Ирандын жаңы президенти Ибрахим Раиси 5-августта парламент алдында ант берип, кызматка киришти.
Ирандын жаңы президенти Ибрахим Раиси 5-августта парламент алдында ант берип, кызматка киришти.
АКШ президенти Жо Байден учурда мекендеги саясий куугунтуктоодон кооптонуп Америкада жүргөн Гонконгдун жарандарына убактылуу башкалка сунуштады. Кол коюлган меморандумда Байден Ички иштер министрлигине «тышкы саясаттагы олуттуу себептерден улам» учурда Америкада жүргөн гонконгдуктардын эркин жүрүү мөөнөтүн 18 айга чейин узартууну тапшырган. «Соңку бир жыл ичинде Кытай Гонконг автономиясына кол салып, ал жактагы демократиялык институттардын жана жараяндардын беделине доо кетирип, академиялык эркиндикти чектеп... Читать дальше...
Пресс-атташе машыктыруучу Нурбек Изабековдон Айсулуу Тыныбекова финалда анын айткан ыкмаларын ишке ашыра алган-албаганын да сураган.
Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматына караштуу Ми-8 тик учагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун аймагында кырсыкка учурады. Андагы экипаж тоодо, беш миң метр бийиктикте түшө албай калган орус туристтерине жардамга бараткан. Кырсык бир адамдын өмүрүн алып, төрт киши жарадар экенин «Азаттык» радиосунун тажик кызматына жергиликтүү бийликтеги булак билдирди. Чек ара кызматынын тик учагы кырсыктаганы боюнча расмий маалымат чыга элек. Окуя болгон Поймазор кыштагы Федченко, Кашолаях жана Медвежий мөңгүлөрүнө жакын жайгашкан. Читать дальше...
Он бир жылдык тыныгуудан кийин Улуттук илимдер академиясынын жаңы 14 академиги шайланды. Арасында Сыртбай Мусаев, Осмонакун Ибраимов, Осмон Тогусаков, Абылабек Асанканов, Чолпонкул Арабаев өңдүү окумуштуулар бар. Алар учурдагы 29 академиктин катарына кошулду. Ошондой эле, академиянын 35 корреспондент-мүчөлөрү да шайланды. Алардын катарында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси... Читать дальше...
Токио-2020 Олимпиадасы Кыргызстандын тарыхында балбандардын катышуусу жагынан да, медаль жеңген көрсөткүчү жагынан да эң ийгиликтүү мелдеш болду. Өлкөнүн балбан кыздар-балдарынын таймаштагы ирмемдерин Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрүңүз.
«Күрөштө эң оор жолду Айсулуу Тыныбекова чапты, анын артынан келаткан кыздарга жеңилирээк болду». Кыз-келиндер курама командасынын улук машыктыруучусу, Жогорку Кеңештин депутаты Байгазы Кенжебаев ушундай пикирин бөлүштү.
Кыргызстандык спортчуну Олимпиаданын финалында жеңип алган атаандашы, япониялык Юкако Каваи экинчи сапка көтөрүлдү.
Беларус бийлигинин куугунтугунан кооптонуп, башка мамлекеттерден башпаанек сураган жөө күлүк Кристина Тимановская Польшага жетип, «коопсуз жана бактылуу экенин» билдирди. Ал Токиодогу Олимп оюндарына катышып жаткан жеринен, машыктыруучуларын социалдык тармактарда сынга алганы үчүн Беларуска мөөнөтүнөн мурда жиберилерден мурун качып кеткен. 5-августта Варшавада уюштурулган маалымат жыйында ал Польшага ыраазычылыгын билдирип, кайсы бир убакта «эркин» Беларуска кайтарына үмүтү бар экенин айтты. «Мен аны саткан жокмун... Читать дальше...
XXXII жайкы Олимпиададан күмүш медаль уткан Айсулуу Тыныбекова мелдештен кийин Токио шаарында түшкөн сүрөтүн Facebook баракчасына чыгарды.
Саясатчы Равшан Жээнбеков кайрадан камакка алынды. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 5-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды. Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирди. Жээнбеков бир жолу бузганын мойнуна алып, бирок эскертүү менен чектелүүнү соттон суранган. Соттун бүгүнкү чечимин ал оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырууда. Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын алкагында камалган. Читать дальше...
Саясатчы Равшан Жээнбеков кайрадан камакка алынды. 5-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 5-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды.
Азия өлкөлөрү Индияда тараган коронавирустун "дельта" штаммы менен күрөшүп жатышат. Акыркы апталарда Кытай, Япония жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдө вирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, Түштүк-Чыгыш Азияда "дельта" штаммы тез жайылууда.
Токиодогу Жайкы Олимп оюндарында эркин күрөш боюнча кыргыз балбаны Айаал Лазарев 6-августта жооткотуучу беттешке чыгат. Анын атаандашы - учурдагы Олимпиада чемпиону түркиялык Таха Акгүл. Таймаш Бишкек убактысы боюнча саат 8:00дө башталат. Акгүл 31 жашта. Дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Европа чемпионатынын жети жолку жеңүүчүсү. Олимп оюндарынын үч жолку катышуучусу. 2016-жылдагы Рио Олимпиадасынын жеңүүчүсү. Лазарев 5-августта 125 кг салмакта америкалык Дэн Гейбл Стивенсон менен күрөшүп 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилип... Читать дальше...
Тыныбекова кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирип, машыктыруучулары жана спортчу кыздар менен Токиодо түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган.
Токиодогу Олимп оюндары ушул апта соңунда жыйынтыкталат. Бул жолу дагы олимпиадалык жаңы рекорддор болду. 5-августка карата Кытайдын спортчулары Токиодогу Олимп оюндарында 33 алтын, 24 күмүш, 16 коло байге утуп, жалпы эсепте биринчи орунга чыкты. АКШ курама командасы экинчи орунда, үй ээси Жапония үчүнчү орунда турат. Борбор Азия мамлекеттеринен эки алтын, бир коло медалы менен Өзбекстан алдыда. Андан кийин эки күмүш, бир коло уткан Кыргызстан турат. Казакстандыктар жети коло утуп алды. Читать дальше...
"Хюман Райтс Уотч" уюму Кыргызстандагы маалымат мыйзамы тууралуу 5-августта билдирүү таратты. Анда президент Садыр Жапаровго бул мыйзамга вето коюуга чакырык ташталган. "Бул мыйзам Кыргызстандын сөз эркиндигине, маалымат каражаттарынын эркиндигине олуттуу коркунуч келтирип, мамлекеттик цензурага жол ачып, өлкөнүн адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келет", - деп белгилейт "Хюман Райтс Уотч" уюму. 28-июлда Жогорку Кеңеш “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алган. Читать дальше...
Саясатчы Равшан Жээнбеков кайрадан камакка алынды. Бүгүн 5-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 5-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалды. Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирди. Жээнбеков бир жолу бузганын мойнуна алып, бирок эскертүү менен чектелүүнү соттон суранган. Равшан Жээнбеков 2019-жылы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын алкагында Кой-Ташта камалган. 2020-жылы күздөгү бийлик алмашуудан кийин үй камагына чыгарылган. Читать дальше...
Кыргызстандык балбан баштапкы этапта АКШлык Гэйбл Стивенсон менен кармашып, америкалыкка таза техникалык артыкчылык менен утулган.
"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Шайдулла Жолдубаевден келген материалды сунуштайбыз. Сынакка материалдарды кабыл алуу 30-июлда токтотулду. Таӊ атып, айлана-чөйрө көзгө даана көрүнүп калган учур. Бишкектен бери өзгөчө бир жерге барарын билгендей, чарчаганын сезбей чимирилген темир тулпар Кайрагачтын өрүкзарын аралап, көз жеткис чоӊ өрөөнгө чыга келди. Шарип аксакал көөдөнүн кере дем алып, толкундана түштү. Рулду башкарып бараткан Пааша уулуна: - Балам, ушул жерге токтотуп койчу, - деди. Читать дальше...
Бишкекте милициянын убактылуу кармоочу жайында отурган оппозициячыл "Туран" партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов 10 күндөн кийин ачкачылык акциясын токтотту. Мунун алдында медициналык кароодон өтүп, жүрөгүн текшерткен эле. Саясатчынын тарапташтары, Акыйкатчы институту ал дарыгерлердин жардамына муктаж экенин айтып чыгышкан. Молдокматов май айында камалган жана ага бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларынан улам айып коюлган. Жеңиш Молдокматов 5-августта Бишкектеги Улуттук кардиология жана терапия борборунда кароодон өттү. Читать дальше...
Жуманын аягына чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 5-августта чукул билдирүү таратты. Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 8-августка чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда туруксуз аба ырайына жана нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн. Өткөн айда Баткенде сел 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрүн алган. Жалал-Абад облусунда селдин курмандыгы болгондор онго чукулдаган. Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында да сел жүрүп... Читать дальше...
Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында 6-августта эркин күрөштөн 65 килограмм салмакта мелдешке катыша турган кыргызстандык Эрназар Акматалиевдин алгачкы атаандашы белгилүү болду. Беттеш Бишкек убактысы боюнча 8:00дө башталат. Ал 1/8 финалда индиялык Бажраң Пуниа менен беттешет. Бул салмакта жалпысынан 16 балбан күч сынашат. Бажраң Пуниа 27 жашта. Дүйнө чемпионатынын үч жолку байге ээси (бир күмүш, эки коло), Азиянын эки жолку чемпиону, үч жолку күмүш, эки жолку коло байгесинин ээси. Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровду кылмыш иштерди буйрук боюнча “токуган” тергөөчүлөрдөн жана прокурорлордон тазаланууга чакырды. 5-августта Атамбаев Кой-Таш окуясынын эки жылдыгына карата кайрылуу жарыялап, Жапаровдун “Убактымды куугунтукка коротпойм” деген билдирүүсүн “так жана таасын сөз” деп атады, андай кызматкерлер “чоңдоруна жагыныш үчүн куугунтук жүргүзүүнү, буюртма иштерди козгоону гана билет” деди. “Алар Сооронбай Жээнбековду, аны менен кошо бүт өлкөнү сазга батырды. Читать дальше...
Талибдер денесине чыпташкан көйнөк кийип, эркек туугандарынын коштоосу жок көчөгө чыкканы үчүн бир келинди өлтүрүп салышкан. Бул тууралуу Ооганстандын түндүгүндөгү Балх провинциясынын полициясы кабарлады. «Талибандын» жоочулары өз карамагындагы Самар Кандиан айылында аялды атып өлтүрүп кеткенин полиция башчысы Зиалухак Туфан «Азаттыктын» ооган кызматына билдирди. Маалыматка караганда, Назанин аттуу келин болгону 21 жашта эле. Ал Мазари-Шариф шаарына баруу үчүн үйүнөн чыгып машинеге отурар маалда кол салышкан. Читать дальше...