Криштиану Роналду таң калтырып Англиянын "Манчестер Юнайтед" клубуна өттү
"Манчестер Юнайтед" айтылуу футболчуну "үйгө кош келдиң" деп тосуп алды. Роналду бул клубда 2003-жылдан 2009-жылга чейин ойногон.
"Манчестер Юнайтед" айтылуу футболчуну "үйгө кош келдиң" деп тосуп алды. Роналду бул клубда 2003-жылдан 2009-жылга чейин ойногон.
Кабул аэропортунда бир күн мурдагы жардыруулардан каза тапкандардын саны 90 кишиден ашты. Алардын 13ү америкалык аскерлер. АКШ президенти Жо Байден бул чабуулдун артында турган "Ислам мамлекети" террордук тобуна чара көрүлөрүн эскертти. Кыргызстанда парламенттик шайлоо системасы өзгөртүлдү. Буга чейин депутаттар партиялык тизме боюнча шайланып келген болсо, эми аралаш шайлоо системасы болот. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Кыргызстандык спортчу, 21 жаштагы суучул Владислав Шулико... Читать дальше...
Лейлектеги Максат айылында 84 үй-бүлө жаңы тамга көчүп киришти. Ал эми Баткен районундагы 40 үйдүн курулушу аяктай элек. Жазындагы кандуу жаңжалды көргөн тургундар бийликтен чек ара маселесин кечиктирбей чечип, коопсуздукту камсыздап берүүнү суранууда. Кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда үй-жайы күйүп кеткен Максаттын тургундарына ачкычты 27-августта президент Садыр Жапаров өзү тапшырды. "Мекен үчүн жан берген атуулдарыбыздын үй-бүлөсүнө аз да болсо жардам көрсөтүүнү колго алып отурабыз. Читать дальше...
Лейлектеги Максат айылында 84 үй-бүлө жаңы тамга көчүп киришти. Ал эми Баткен районундагы 40 үйдүн курулушу аяктай элек. Жазындагы кандуу жаңжалды көргөң тургундар бийликтен чек ара маселесин кечиктирбей чечип, коопсуздукту камсыздап берүүнү суранууда. Кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжалда үй-жайы күйүп кеткен Максаттын тургундарына ачкычты 27-августта президент Садыр Жапаров өзү тапшырды. "Мекен үчүн жан берген атуулдарыбыздын үй-бүлөсүнө аз да болсо жардам көрсөтүүнү колго алып отурабыз. Читать дальше...
Баткен облусунда узундугу 51 чакырымды түзгөн “Раззаков-Арка” электр кубатын берүү линиясы жана “Раззаков” көмөкчү чордону ишке киргизилди. Ошондой эле “Арка” подстанциясын реконструкциялоо иштери да аяктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматы кабарлады. “Раззаков” жаңы көмөкчү чордонун ишке киргизүү иш-чарасына Баткен облусунда жумушчу сапары менен жүргөн президент Садыр Жапаров катышып, кошуна мамлекеттерден энергетикалык жактан көз карандысыз болууга мүмкүндүк берген... Читать дальше...
Орусия баш болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттер Ооганстанда курчуган кырдаалга байланыштуу Кыргызстанда жана Тажикстанда биргелешкен аскердик машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу ЖККУнун өкүлү Владимир Зайнетдинов 27-августта "Интерфакс" агенттигине билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандагы биргелешкен аскердик машыгуу 7-9-сентябрда өтөт. Мындан сырткары Владимир Зайнетдинов тажик-ооган чек арасына жакын тилкелерде дагы үч аскердик машыгуу уюштуруларын, төртүнчүсү быйыл ноюбрь айына пландаштырылып жатканын айтты. Читать дальше...
Токидогу Олимпиада оюндарында беларус спорт чиновниктерин сындаганы үчүн мелдештен четтетилген жөө күлүк Кристина Тимановская 2019-жылы Европа оюндарынан алган медалын 21 миң АКШ долларына сатканын Беларустун спорттук тилектештик фонду кабарлады. Кристина Тимановскаянын медалын аукциондон Америка Кошмо Штаттарынын жараны соңку сумманы сунуштап, сатып алганын Naviny.by сайты жазды. Сатып алган кишинин аты-жөнү ачыкка чыгарылбайт. Кристина Тимановская медалын сатуудан түшкөн акчасын Александр Лукашенкого каршы чыккан акцияларга катышып... Читать дальше...
21 жаштагы кыргызстандык Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан биринчилерден болуп сүзүп өтүп, рекорд жаратты. Анын марага кантип келгендигин Sputnik Кыргызстандын видеосунан көрө аласыз.
“Ата Мекен” күзүндө өтө турган шайлоого катышат. Бул тууралуу партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди. "Былтыркы шайлоого жаштарга жол бошотуп, команда түзүп барышты. Быйыл дагы ал эреже өзгөргөн жок. Бул жолу да жаштар биздин кеңеш менен жаңы команда түзөт", - деди Текебаев партия өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-августта "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Кеч күздө өтөрү болжолдонуп жаткан... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн 180 чакырымдан ашуун узундугун башынан аягына чейин сүзүп өткөн спортчу Владислава Шуликону рекорд койгону менен куттуктады. Баткенде иш сапарында жүргөн мамлекет башчысы суучулга телефон чалып куттуктаганын 27-августта президенттин басма сөз кызматы билдирди. «Бардык кыргызстандыктар, анын ичинде мен да алты күн бою көлдө сүзүүңүздү сарсанаа болуп карап жаттык. Сиз койгон рекорд тууралуу кабарды чоң кубаныч жана толкундануу менен кабыл алдым. Сиз биздин чоң сыймыгыбызсыз. Читать дальше...
Кыргызстанга Ооганстандан ондогон студенттер келип окушат. Учурда алар өз мекенинде болуп жаткан окуяларга кабатыр. "Азаттык плюстун" бул чыгарылышында Кыргызстанда билим алып, иштеп жаткан ооган жаштарын көрсөтөбүз.
Коронавирустан таза экени жөнүндө ПЧР тесттин жасалма тастыктамасын сатууга шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу 27-августта Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, экөө тең 25 жаштагы жергиликтүү тургундар экени аныкталды. Алар Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 359-беренесинин (Документ жасалмалоо) негизинде жүрүп жатканы белгилүү болду. “Али Токтакунов... Читать дальше...
Кыргызстандык танкисттер үч айлампада эки ирет биринчи болуп келип, тайпалык этапка өтүштү. Мындан тышкары, өз дивизионунда лидер экени маалым болду.
Токио Олимпиадасын ийгиликтүү жыйынтыктап, допинг-көзөмөлдөн аман-эсен өтсө да россиялык спортчулардын баш оорусу бүтпөй калды сыяктанат. Тескерисинче, баары эми башталып жаткандай.
Эл аралык республикалык институттун (IRI) соңку сурамжылоосуна ылайык, президент Садыр Жапаровго ишенгендер азайды. Андан кийинки орунда турган атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге ишеним арткандар тескерисинче көбөйгөн. Ошондой эле, "өлкө туура эмес жолдо баратат" деп ойлонгон жарандардын саны өскөн. Соңку сурамжылоодо Садыр Жапаровго ишенгендер 32% түздү. Уюмдун былтыр жыл аягындагы сурамжылоосунда бул көрсөткүч 51% болгон. Анда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиевге 13% ишеним көрсөтсө... Читать дальше...
Жалал-Абад шаарында майыптыгы барлардын "Даанакер" коому өткөн жылы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан жарыяланган сынакка долбоор жазып, утуп алып күнөсканада гүлдүн түрлөрү өстүрүлө баштаган. Долбоор алкагында майыптыгы бар 25 жаранга шаар бийлиги бөлүп берген жердеги күнөсканада гүл өстүрүүнүн сырлары үйрөтүлүп, жумуш менен камсыз болушат. Күнөсканада өстүрүлгөн гүлдөрдү сатуудан түшкөн каражат аярлуу катмардагы жарандардын материалдык абалын чыңдоого, жумуш орундарын кеңейтүүгө сарпталат. Читать дальше...
Коронавирус пандемиясы башталгандан бери азык-түлүктүн баасы кымбаттап, каатчылык жакыр жашагандардын кендирин кесип жатат. “Азаттык” Ивановка айылындагы эски ооруканада жашагандардын турмушу менен таанышып келди. Ал жерде жашагандардын көпчүлүгү Тажикстандан, калганы башка облустардан көчүп келген.
Ооганстандын Кабул эл аралык аэрпортунун айланасында 26-августта ондогон адамдын өмүрүн алган жардыруудан кийин 27-августта эртең менен адамдарды эвакуациялоо иштери кайрадан жанданды. Кабулдун тургундары учуулар калыбына келтирилип, учактар учуп жатканын көрүп жатышканын ырасташты. АКШ президенти Жо Байден 26-августтагы Кабул аэропортундагы кандуу террор Ооганстандан адамдарды эвакуациялоо ишине тоскоолдук жарата албастыгын билдирди. Кабул аэрпортуна жакын жердеги жанкечтилердин эки жолку жардыруусунун кесепетинен жүздөй адам каза таап... Читать дальше...
АКШ президенти Жо Байден Кабул аэропортунун босогосундагы жардырууга байланыштуу атайын билдирүү жасады. Террордук актынын кесепетинен жүздөн ашуун адам каза таап, 150 киши жаракат алды. Каза болгондордун арасында 13 америкалык аскер бар. Андан сырткары 18 деңиз аскери жарадар болду. Жо Байден Пентагонго аэропорттогу жардырууга жоопкерчилик алган "Ислам мамлекети" террордук тобунун башында тургандар жайгашкан объектилерге карата абадан сокку урууну тапшырды. "Бул кол салууну ишке ашыргандар жана жалпы эле АКШга кара ниеттик каалагандар... Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта жабыркагандарга бүгүнкү күнгө карата мамлекеттик бюджеттен 34 миллион сом бир жолку материалдык жардам катары бөлүнүп берилди. Бул тууралуу 27-августта саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова билдирди. Анын айтымында, акчалай жардам 122 адамга бөлүндү. Алардын 30у каза болгондордун жакындары, 92си жабыркагандар: “Келишимдер бар ортодо. Жарандар кайсы жерде болбосун, Бишкекте, Нарында же Баткенде болобу... Читать дальше...
Ысык-Көл облусунун Тоң айылында музыкалык мектеп ачылды. Ал - Кажы-Сайдагы Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектептин филиалы болот. 2020-жылы айылдын демилге тобу тургундардын арасында сурамжылоо өткөрүп, балдар үчүн мектептен тышкаркы билим алуу борборлорунун жоктугу маанилүү көйгөйлөрдүн бири экенин аныктаган. Айыл тургундары 22 миң сомго жакын каражат топтоп, андан мурун COVID-19га каршы күрөшүү үчүн топтолгон каражаттан 50 миң сом бөлүп, балдар үчүн 12 комплект улуттук кийим сатып алышкан жана мектеп имаратын оңдошкон. Читать дальше...
“Талибан” кыймылынан Анкарага Кабул эл аралык аэропортунун жарандык башкаруусун колго алуу сунушу түшкөнүн Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган маалымат жыйынында айтканын Anadolu агенттиги кабарлады. “Талибдер Кабул аэропортун башкарууну бизге сунуштады. Кимге? Бизге. Коопсуздукту камсыздай турганын айтышты. Ал эми аэропорттогу жарандык жөнгө салуу иштери менен алектенүүнү бизге сунуштап жатышат. Биз азырынча жооп бере элекпиз”, - деди ал. Кабул эл аралык аэропортуна жакын жердеги жанкечтилердин... Читать дальше...
Аймак башчысы Салима, киночу Сахра, футболчу Халида, журналист Шабнам, каратэчи Мина, активист Кристал... Мунун баары талибдер бийликке келгенден кийин бейкапар жашоосу аңтар-теңтер болгон оогандык кыз-келиндер. Бүгүн биз бул алты аял тууралуу айтып беребиз. Талибер Ооганстандын бийлигин алгандан кийин булардын баары жумушсуз калды, көбүнүн өмүрү коркунучта.
Бейшембиде Жамбылдагы аскердик кампада катуу жарылуу болуп, каза болгондордун саны 12ге жетти. Жүзгө жакын адам жараат алып, айрымдарынын абалы оор экени кабарланды. Жергиликтүү бийлик айыл тургундарын эвакуациялады. 26-август күнү кечинде Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик кампада өрт чыгып, ок-дарылар жарылды. Казакстандын коргоо министри Нурлан Эрмекбаев жарылуудан беш кызматкери каза болгонун билдирди. Дагы бир нече аскер дайынсыз болуп жатканы айтылууда. Жарылуунун так себеби белгисиз... Читать дальше...
Бейшембиде Жамбылдагы аскердик кампада катуу жарылуу болуп, каза болгондордун саны тогузга жетти. Жүзгө жакын адам жараат алып, айрымдарынын абалы оор экени кабарланды. Жергиликтүү бийлик айыл тургундарын эвакуациялады. 26-август күнү кечинде Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик кампада өрт чыгып, ок-дарылар жарылды. Казакстандын коргоо министри Нурлан Эрмекбаев жарылуудан беш кызматкери каза болгонун билдирди. Дагы бир нече аскер дайынсыз болуп жатканы айтылууда. Акыркы маалыматтар боюнча... Читать дальше...