Президент Садыр Жапаров жарандарды активдүү добуш берүүгө чакырды
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарынын Ленин районундагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал добуш бергенден кийинки кыска кайрылуусунда элди активдүү добуш берүүгө чакырды. “Ар бир берген добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн жана балдарыңыздардын келечеги аныкталат. Ошон үчүн дагы бир жолу сиздерден шайлоого активдүү катышып бериңиздер деп суранам”,- деди президент. Ал добуш берүүгө жубайы Айгүл Жапарова менен чогуу келди. Мамлекет башчы бүгүн, 28-ноябрда Түркмөнстанга жумушчу сапар менен барат. Читать дальше...