Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2021

Орусияда бир күндө 25 миңден ашуун адам коронавируска чалдыкты

0
Орусияда бир күндө 25 миңден ашуун адам коронавируска чалдыкты

Орусияда соңку бир сутка ичинде 25 142 миң адамдан коронавирус табылды. Бул январь айынан берки эң жогорку сан.

4-июлга карата расмий маалыматка ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде Орусияда 663 бейтап COVID-19дан көз жумду. Натыйжада Орусияда коронавирустан кайтыш болгон адамдардын жалпы расмий саны 138 миңге чукулдады.

Бул аптада Орусияда беш күн катары менен COVID-19дан өлгөндөрдүн саны эң жогорку чекти көрсөтүп жатат. 3-июлда вирус 697 адамдын өмүрүн алганын расмий статистика көрсөткөн.

Орус бийлиги өлкөдө коронавирустун адеп Индияда табылган "дельта" варианты жайылып жатканын билдирүүдө. Адистер вирустун жаңы толкунунан көпчүлүк орусиялыктардын эмдөөдөн өтпөгөнү жана коомчулук арасындагы вакцинага каршы маанай себеп болгонун белгилеп жатышат.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда калктын 15% гана COVID-19га каршы вакцина алды. Бул аптада президент Владимир Путин элди эки-анжы болбой, эмдөөдөн өтүүгө чакырды.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Александрова не смогла обыграть Саснович и покинула турнир WTA-1000 в Риме






"Американская мечта" сегодня. Теория заговора оказалась правдой

Работу Wink и «Кинопоиска» могут приостановить за пропаганду ЛГБТ*

Глава Мытищ Юлия Купецкая поздравила ветеранов с Днем Победы

Новостройки Новой Москвы