Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2021

Филиппинде аскердик учак кыйрап, кеминде 29 адам өлдү

0
Филиппинде аскердик учак кыйрап, кеминде 29 адам өлдү

Филиппиндин түштүгүндө аскердик учак кыйрап, андан 29 адам мерт болгону ырасталды. Өлкөнүн армиясынын өкүлү, генерал-майор Уильям Гонзалес билдиргендей, дагы 17 жүргүнчүнүн дайыны чыкпай жатат. 50дөй киши аман-эсен куткарылып, ооруканага жаткырылды.

Бортунда 92 адамды салып бара жаткан "Локхид C-130 Геркулес" аскердик учагы 4-июлда баш калаа Маниладан миң чакырым алыстыктагы Холо аралына кыйрап түшкөн. Армиянын маалыматына ылайык, учак аэропорттогу тилкеге коно албай, кайра көтөрүлүп бара жатканда кулаган. Reuters  жаңылыктар агенттиги кабарлагандай, борттогу айрым аскерлер учак жерге жакын калганда секирип кетүүгө аракет кылышкан.

Аскердик учак Холо аралынан дээрлик 600 чакырым алыстыктагы Лагуиндинган аймагынан учуп чыккан. Борттогу жоокерлердин көбү жакында эле аскердик машыгуусун аяктап, Филиппиндин түштүк райондорундагы исламчыл согушкерлерге каршы күрөшүү үчүн жөнөтүлгөнү кабарланды.

Аймактагы армиянын өкүлү генерал Корлето Винлуан аскердик учак кандайдыр бир чабуулга кабылышы мүмкүндүгүн четке какты.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Российский теннисист поднялся на две позиции в топ-10 рейтинга ATP






Уголовное дело возбудили после смертельного ДТП с грузовиком в Подмосковье

С. ОСЕТИЯ. Глава Северной Осетии Меняйло встретился с ректором МФТИ Ливановым

РФ не пригласила на парад Победы официальных лиц недружественных стран

На МСД произошла авария с несколькими автомобилями