Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2021

Жапаров АКШ менен кызматташууну чыңдоого аракеттенерин билдирди

0
Жапаров АКШ менен кызматташууну чыңдоого аракеттенерин билдирди

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров  4-июлда  АКШнын президенти Жо Байденди Американын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Куттуктоодо Байденге Кыргызстанга киргизилген визалык чектөөлөрдү алып салганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Кыргызстан мындан ары да АКШ менен кызматташууну чыңдоо жана кеңейтүү үчүн аракеттенерин кошумчалады. 

4-июль - АКШнын Эгемендик күнү. 1776-жылдын  4-июлунда өлкө эгемендүүлүгү тууралуу декларация кабыл алынган.

АКШнын Мамлекеттик департаменти быйыл март айында 13 өлкөнүн, алардын арасында Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүү боюнча чектөөлөрдү алган. Чектөөлөрдү мурдагы президент Дональд Трамптын администрациясы киргизген. Буга себеп катары Кыргызстан жарандарды электрондук биометрикалык паспорт менен толук камсыз кылбаганын мисал келтирилген.

Ага чейин, 2015-жылдын июлунда Кыргызстандын ошол кездеги премьер-министри Темир Сариев кызматташууну үзүү демилгесин көтөрүп, кыргыз өкмөтү келишимди бир тараптуу денонсациялаган.

Буга ошол кезде АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстанда өмүрүнүн аягына чейин камалган укук коргоочу Азимжан Аскаровго “адам укуктарын сактоого кошкон салымы үчүн” ыйгарган сыйлыгы себеп болгон. Сөз болгон келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган эле.

Кийинчерээк АКШ тарап өкмөттөр аралык кызматташтык боюнча жаңы долбоорду сунуш кылган.

АКШ Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи болуп тааныган  жана ири донорлордун бири. Вашингтондун 2019-жылдагы расмий маалыматтарына караганда, Кыргызстан эгемендик алгандан бери АКШ 2 миллиард доллардан ашуун жардам көрсөткөн. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Соболенко сделала признание о соперничестве с Рыбакиной






Михаил Мишустин пообещал усилить адресность мер поддержки граждан

Аналитик Бакланова рассказала о культурах, которым не страшны заморозки

Домодедовские спортсменки завоевали золото и серебро Чемпионата Европы по боксу

Три группы выступят на отборочном концерте фестиваля «Добрый рок» в Твери