Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Ташкент: ооганстандык качкын келин көз жарды

0
Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бул өлкө аркылуу эвакуацияланып бара жаткан ооганстандык качкын келин Ташкентте көз жарганын кабарлады. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды.


"22 жаштагы келин аман-эсен уул төрөдү. Ымыркайдын салмагы 3 кг  840 грамм. Азыркы тапта жаш эне баласы менен төрөтканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө", - деп билдирген министрлик.


Буга чейин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ташкент аэропортунан эки миңге чукул ооганстандык качкын эвакуацияланганын кабарлаган.


15-августта талибдер Ооганстанда бийликти басып алган. 100 миңдеген жайкын тургун өлкөдөн качууга аргасыз болгон.


Дүйнөнүн 12 өлкөсү ооган качкындарына транзиттик аймак болуп берүүгө даяр экенин билдиришкен. Алардын арасында Өзбекстан да бар. (BCh)




 

Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса