Добавить новость
Главные новости Москвы
Москва
Сентябрь
2020

Алексей Навальный комадан чыгарылды

0
Германияда дарыланып жаткан орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын абалы кыйла оңолуп, комадан чыгарылды. Бул тууралуу Берлиндеги «Шарите» клиникасынын дарыгерлери билдиришти.


Навальныйдын абалы оор болгондуктан дарыгерлер аны атайылап уктатып коюшкан эле. Ошондой эле учурда Навальныйды жасалма дем алдыра турган аппараттан чыгаруу да каралып жатат.


Маалыматтарга караганда, Навальный ага үн катып, сүйлөшкөндөргө реакция кыла баштады. 


Буга чейин дарыгерлер аны ууландыруунун кесепети узакка созулушу мүмкүн экенин билдиришкен. 


Навальный 20-августтан тартып комада жаткан. 


44 жаштагы Навальный 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен келатып, өзүн жаман сезе баштаган. Дааратканада эстен танып жыгылгандан кийин учак Омск шаарына чукул конууга аргасыз болгон. Алгач Омскидеги ооруканага жаткырылган Навальный бир нече күндөн кийин Берлинге жеткирилген. 


Берлин Кремлди сындап келген саясатчы анын «көзүн тазалаш үчүн» нервди шал кыла турган зат менен ууландырылганын жарыялаган. Москва болсо мындай шашылыш тыянак чыгарбай турууга чакырган.



Москва на Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в Москве

Новости спорта


Новости тенниса
Серена Уильямс

Хэмилтон одним словом отреагировал на выступление Серены Уильямс с Кендриком Ламаром






Рекламная акция: в НАС отреагировали на старт продаж б/у автомобилей на маркетплейсе

В Москве откроют 50 пунктов сбора подарков участникам СВО к 23 февраля

Памяти артиста: в Казани стартуют юбилейные «Качаловские чтения»

Эксперт Петрова: цифровой детокс может улучшить психическое здоровье