Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 15.10.2018

Депутаттар Кызыл-Кыя аэропортун ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулайт

Azattyk.org 

Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети бүгүн, 15-октябрда Ош облусунун Ноокат районунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда көчмө жыйын өткөрүшөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, көчмө жыйын учурунда Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорттун абалы, аны кайра ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууланат. Учурда Кыргызстанда он бир аба майданы бар. Алардын  жетөө учактарды кабыл алат. Читать дальше...

Кыргызстан менен ЕАЭБ ортосундагы сооданын көлөмү азайды

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2018-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен соодасы 1,5 миллиард долларды түздү. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 пайызга төмөн. Ошол эле маалда экспорт 5,2 пайызга өсүп, импорт 6,2 пайызга азайган. ЕАЭБ курамындагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен өз ара соода-сатыктагы эң көп үлүш Орусияга (66,5%) тиешелүү. Андан кийин 31,8 пайыз менен Казакстан турат. Читать дальше...

Кыргызстан менен ЕАЭБдин ортосундагы сооданын көлөмү азайды

Azattyk.org 

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2018-жылдын январь-август айларында Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттер менен соодасы 1,5 миллиард долларды түздү. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 пайызга төмөн. Ошол эле маалда экспорт 5,2 пайызга өсүп, импорт 6,2 пайызга азайган. ЕАЭБдин курамындагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен өз ара соода-сатыктагы эң көп үлүш Орусияга (66,5%) тиешелүү. Андан кийин 31,8 пайыз менен Казакстан турат. Читать дальше...

Түркияда мигранттар кабылган кырсыкта көз жумгандар 22 кишиге жетти

Azattyk.org 

Түркияда мигранттар кабылган жол кырсыгында көз жумгандардын саны 22 кишиге жетти. Арасында балдар да бар. Дагы 13 киши жараат алган.  "Анадолу" агенттининин маалыматына караганда, Измир облусунун Мендерес районунда мыйзамсыз мигранттарды алып баратка жүк машинеси Дегирменчай дарыясына кулап кеткен.  Полиция окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Стамбулда 70тей кыргызстандык жүргүнчү аэропортто кармалууда

Azattyk.org 

Стамбулдагы "Сабиха Гөкчен"  аэропортунда 70тей кыргызстандык жүргүнчү мекенине уча албай турат. Бул тууралуу "Азатыкка" жүргүнчүлөрдүн бири Ханзада Асаналиева билдирди. - Биз 13-октябрда Бишкекке кетмекпиз. Дагы деле уча элекбиз. Отуздай киши мейманкаларга кетти. 40тай адам учурда "Сабиха Гөкчен" аеропортунда отурабыз. Түнү отургучтарда уктадык. Абдан суук болуп үшүдүк. Бизге эч кандай түшүндүрмө бериле элек. Кыргызстанга кете албай жаткан жүргүнчүлөрдүн дээрлик көбү Анталия шаарында туристтик сезондо иштеп кайткан эмгек мигранттары. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Теннисисты Рублев, Хачанов и Самсонова не сыграют на Олимпиаде-2024






Поздравление Г.А.Зюганова с праздником Курбан-Байрам: «Пусть ваши сердце и душа всегда жаждут добрых поступков!»

Mash: число заболевших ботулизмом в Москве из-за отравления выросло до 41

Спортивные достижения Ставрополья представят на выставке «Россия» в Москве

Головин: если переходить, то в топ-клуб вроде «Реала» или «Манчестер Сити»