Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Новости за 30.06.2021

Чек ара: тараптар мунаса таба алабы?

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик президенттери Дүйшөмбү шаарындагы жолугушууда чек ара маселесин сүйлөштү. Бирок ал боюнча атайын документ кабыл алынган жок. Башка кызматташуу боюнча төрт макулдашууга кол коюлду. Бул жолку сапардын, анын алкагында кол коюлган макулдашуулардын коңшу өлкөлөр үчүн мааниси кандай? Канчалык эки тараптуу мамилелерди өзгөртүп, жөнгө сала алат? “Эксперттер талдайт” программасында ушул тема талкууланды.

Парламент маалымат мыйзамын четке какты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору колдоо тапкан жок. Бир жыл мурун коомчулуктун нааразычылыгынан кийин президент артка кайтарган мыйзам долбоору бул жолу парламенттен өтпөй калды.

Путиндин түз эфири: коронавирус жана активисттин нааразылыгы

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин шаршембиде жарандардын суроолоруна түз эфирде жооп берди. Түз эфир өлкөдө коронавирус жуктургандар көбөйүп, эпидемиологиялык абал начарлаган учурга туш келди.

Нур-Султанда жеңил рельстүү транспорт системасын куруу уланат

Azattyk.org 

Казакстандын борбору Нур-Султанда жеңил рельстүү транспорт системасын (LRT) куруу долбоору улантылат. Мындай маалыматты казак баш калаасынын мэри Алтай Кулгинов ырастады. Анын айтымында, долбоорду толугу менен бүткөрүү үчүн 1 миллиард доллардан ашык каражат керек. Аны казак бийлиги өкмөттүн кепилдиги менен банктардан алууну көздөөдө. Жалпы узундугу 22 чакырым жеңил рельстүү транспорт системасы (LRT) Нур-Султандын башкы транпорттук системасы болмок. Бул курулушу үзгүлтүккө учураган. Долбоордогу коррупция үчүн бир нече аткаминерге иш козголуп... Читать дальше...

Мигранттар үчүн атайын сайт ачылды

Azattyk.org 

Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттары үчүн маалыматтык жана кеңеш берүүчү сайт ачылганын жарыялады. Сайттын дареги - www.migrant.kg Мында мигранттарга тиешелүү бардык суроолорго жооптор, кара тизмени текшерүүчү портал дагы бар. Сайт USAID эл аралык уюмунун долбоору аркылуу ишке ашырылган. Кыргызстандыктар негизинен миграцияга Орусия, Түркия сыяктуу мамлекеттерге барышат. Ар кандай маалыматтар боюнча Орусияда миллионго жакын кыргыз жараны эмгектенип жүрөт. (TSh)

Мурдагы эки серб аткаминери Гаагада соттолууда

Azattyk.org 

Сербиянын коопсуздук кызматынын мурдагы эки жетекчисинин иши 30-июнда Гаага сотунда каралууда. Слободан Милошевичтин колунда иштеген 70 жаштагы Йовица Станишич жана 71 жаштагы Франко Симатович 90-жылдардагы Балкан согушундагы аскердик кылмыштарга айыпталган. Станишич жана анын орун басары Симатович 1998-жылы кызматтан кеткенге чейин Сербиянын мамлекеттик коопсуздук кызматын башкарышкан. Прокурорлор алар жетектеген атайын кызмат 1992-1995-жылдары куралданган топторду түзүп, бир катар кылмыштарды жасаганы боюнча далилдерди таап чыгышкан. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы ачылышы ыктымал

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасы кырдаалга жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына жараша ачылышы ыктымал. Бишкекте “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы нааразылык акция өттү. Парламент чуулгандуу документти кабыл алган жок. Орусиянын президенти Владимир Путин быйыл 18-жолу түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берди.

Кыргыз-тажик эли үзүрүнөн үмүт кылган жолугушуу

Azattyk.org 

Дүйшөмбү шаарындагы Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери катышкан жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүдө чек ара боюнча документ кабыл алынган жок. Президенттердин жолугушуусуна жана анын жыйынтыгына кыргыз жана тажик коомчулугу катуу назар салып турду. Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы Максат айылынын тургуну Шайбек Абдрахимов чек арадагы башка адамдардай эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Дүйшөмбү шаарындагы жолугушуусуна кызыгып турду. Читать дальше...



VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш сегизинчи сессиясын аяктады

Azattyk.org 

VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин сегизинчи сессиясы ишин аяктады. 30-июндагы жыйында парламент төрагасы Талант Мамытовдун кайрылуусун вице- спикер Нурбек Сыдыгалиев окуду. Анда акыркы сессия учурунда парламент бир нече саясий окуяларды башынан кечиргенин жана бир нече маанилүү мыйзамдарды кабыл алынганы айтылды. Бул сессияда парламент 131 мыйзам, 615 токтом кабыл алды. Министрлер кабинетинин, Улуттук банктын, Башкы прокуратуранын жылдык отчеттору угулуп, жарандардын 13393 кайрылуусу каралган. Жогорку Кеңештин регламентине ылайык... Читать дальше...

Парламент БШКнын жаңы курамын шайлады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 30-июндагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жаңы курамына сунушталып жаткан талапкерлерди 101 добуш менен колдоп берди. 28-июнда президент Садыр Жапаров “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Конституциялык мыйзамга кол койду. Ага ылайык БШКнын 12 мүчөсүнүн жарымын президент, калган алтоону Жогорку Кеңештеги фракциялар көрсөтөт. БШКнын жаңы мүчөлөрү болуп президенттин квотасынан Нуржан Шайлдабекова, Марс Наспеков, Анар Дубанбаева, Нурлан Койчукеев... Читать дальше...

Майыптыгы бар кыз-келиндер көргөн кордук

Azattyk.org 

Amnesty International уюму Кыргызстанда зомбулукка учураган майыптыгы бар аялдардын көйгөйү көмүскөдө калып жатканы тууралуу макала жарыялады. Анда айтылгандай, мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер жакындарына көз каранды болуп, жашоодо өз жолун табышы өтө кыйын. "Теңдик" коомдук уюмунун директору Гүлмира Казакунова Каракол шаарына дагы бир майып кыздын укугун коргогону бара жатканын айтып сөзүн баштады: "Мен азыр Караколго сапарга чыкканы турам. Биздин шелтерге келип түшкөн 27 жаштагы кыздын сотуна катышам. Читать дальше...

Тайырбек Сарпашев тил кат менен бошотулду  

Azattyk.org 

Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу кармалган мурдагы биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, тергөө бүткүчө жашаган жеринен башка жакка кетпөө шарты менен бошотулду. Саясатчынын бөгөт чарасын Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 29-июнда караган. Сарпашев Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу 17-июнда колго түшкөн. Аталган райсот 19-июнда Сарпашевдин ишин карап, аны 31-июлга чейин камакта калтырган. Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда... Читать дальше...

Европада мекендешим үчүн уялдым...

Azattyk.org 

Бир күнү бажырайып кооз кийинген сүрөтүмдүн алдына чет тилде текст жазып, социалдык баракчама илип койдум. Менин жашоомду жомок элестеткен айрымдар дароо эле кат жаза баштады. “Кантип чет жерге кетип калдың эле?”, “Мени дагы сен жүргөн жерге чакырчы”, “Кыргызстандан тажадым, башка жакка кетиш керек” деген суроолор эле. Алардын айрымдары Кыргызстандан өз келечегин көрө албай турганын айтыптыр. Учурда жаштарыбыздын басымдуу бөлүгүндө чет жакка чыгып кетүү, башка өлкөдөн жумуш табуу чоң максаттардын бирине айланып калганы байкалат. Читать дальше...

1-июлдун аба ырайы

Azattyk.org 

1-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын табы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21... Читать дальше...

Парламент депутаттары коронавирустун күчөшүнө министрди күнөөлөдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева баш болгон бир нече депутаттар өлкөдө коронавирустун тездик менен жайылып жатышына саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди күнөөлөдү. Алар министрлик калкты жапырт эмдөө боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзгөн эмес деп айыпташты. “Бул жерде министрдин жеке күнөөсү жана шалаакылыгы. Ошондой эле, штабды башкарган жетекчиликтин күнөөсү. Силер алдап жатасыздар, мурда эле вакцинаны алып койсо болмок. Коңшу Өзбекстан, Казакстанды алсак... Читать дальше...

Кыргызстан Кытайдан 1,1 млн. доза вакцина алат

Azattyk.org 

Бүгүн, 30-июнда Министрлер Кабинети Кытай өкмөтү менен коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm вакцинасынын 1,1 миллион дозасын жеткирүү тууралуу макулдашты. Мекеменин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, кытай препараты жакынкы күндөрү Кыргызстанга чартердик каттам менен келет. Ушул эле борт менен Кытайдын гуманитардык жардам катары берилген Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы кошо келет. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, вакцинага каражат бюджеттен каралган. Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы... Читать дальше...

"Кыргыз-тажик чек арасы кырдаалга жараша ачылат"

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 29-июнда Дүйшөмбү шаарында жолукту. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 25 бөлүмдөн турган биргелешкен билдирүү кабыл алынды.

АКШ Беларуска учак билеттерин сатууга тыюу салууну көздөөдө

Azattyk.org 

АКШнын Транспорт министрлиги Кошмо Штаттардан Беларуска учак билеттерин сатууга тыюу салууну сунуштады. Мындай демилге аталган министрликтин расмий сайтына жарыяланды. Бул чара Кошмо Штаттардын Беларуста Ryanair компаниясынын учагы күчтөп кондурулушуна жооп катары каралууда. 23-майда Афины-Вильнюс багытында бара жаткан учак Минск шаарына күчтөп кондурулуп, борттогу оппозициячыл журналист Роман Протасевич менен сүйлөшкөн кызы София Сапега камакка алынган эле. АКШнын Транспорт министрлиги Беларуска... Читать дальше...

Новости России
Москва

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»


Маалымат мыйзамынын долбоору добуш берүүдөн өткөн жок

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору өтпөй калды. Парламенттеги 59 депутат “макул” деп добуш берсе, 38и “каршы” болду. Мыйзам долбоору биринчи окуудан өтүш үчүн 61 добуш талап кылынат. Добуш берүүдөн кийин депутат Бактыбек Райымкулов айрым депутаттар адашып калганын айтып, кайра добуш берүүнү талап кылды. Буга эл өкүлү Дастан Бекешев каршы чыкты. Бирок, парламент башка маселени кароого өттү. Жогорку Кеңештин жыйынында “Жалган... Читать дальше...

Момбеков: "Маалымат жөнүндө мыйзам" бийликтин куралы болот

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса бийликке каршы сүйлөгөндөргө курал болуп калаарын айтып, кесиптештерин мыйзамды колдобоого чакырды. “Бул мыйзам иштебейт. Ачыгын айтканда, иштей турган болсо бийликтин куралы болуп иштейт. Фейктер, троллдор анан ар намысты коргоо деп жатасыңар. Ар-намысы бар адам, ар намысын соттон эмес, көкүрөктөн анан элдин арасынан издейт. Сенин кандай экениңди эл билет. Комментарийлерди окуп алып, ага маани бербеш керек. Читать дальше...

Садыр Жапаров Түркиянын коргоо министрин кабыл алды

Azattyk.org 

Бүгүн, 30-июнда президент Садыр Жапаров Түркиянын коргоо министри Хулуси Акарды кабыл алды. Анда аскердик-техникалык чөйрөдөгү жана коопсуздук багытындагы эки тараптуу кызматташтык жөнүндө сөз болду. Садыр Жапаров эки өлкөдө,  жалпы чөлкөмдө тынчтыктын,  туруктуулуктун болушу үчүн биргелешкен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. "Чөлкөмдөгү туруксуз абал жана коркунучтар өсүп жатканда өзгөчө Ооганстандагы кырдаалдын татаалдашкандыгына байланыштуу,... Читать дальше...

Италия Ооганстандагы аскерлерин толугу менен чыгарды

Azattyk.org 

Италия Эл аралык коалициянын курамындагы аскерлерин Ооганстандан толугу менен чыгарды. Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министри Лоренцо Герини 30-июнда жарыялады. Ал Италиянын Ооганстандагы соңку аскерлери Гераттан Пиза шаарына келген соң “Өткөн түнү Италиянын Ооганстандагы миссиясы расмий түрдө аяктады” деп билдирди. 29-июнда Германия Ооганстандан аскерлери толугу менен чыгарылганын жарыялаган. Бул өлкөлөрдүн аскерлери туура 20 жыл Эл аралык коалициянын курамында террорчулук менен күрөшүү миссиясына катышты. Читать дальше...

Путин түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берүүдө

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин түз эфирде жарандардан келген суроолорго жооп берүүдө. Бул Путин өлкөнү башкарган жылдардагы 18-жолку түз эфир болуп калмакчы. Орусиянын мамлекеттик телеканалдарынан көрсөтүлгөн эфир аркылуу президент жарандарды тынчсыздандырган жана кызыктарган суроолорго жооп берүүгө даяр экенин ишарат кылат. Бул жолу Владимир Путинге 1 миллионго жакын суроо жана кайрылуу түшкөн. Алардын көпчүлүгү коронавирус пандемиясы менен күрөш, вакцинага байланыштуу суроолор экени белгилүү болду. Читать дальше...

Милиция: мурда кыз уурдоого айыпталган адам зордуктоого шектелип кармалды

Azattyk.org 

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 18 жашар кызды «зордуктоого» шектелип, 29 жаштагы жигит кайра кармалганын билдирди. 19-майда ал кызды уурдоого шектүү катары кармалып, бирок Ош шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарган. Соттун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы бул маалыматты ырастады: “Шектүүгө карата үй камак түрүн тандоодо анын жашы жана туруктуу жашаган жери, тергөөгө убагында келгени эске алынган. Учурда "Адам уурдоо" беренеси боюнча жазык иши Ош шаардык сотунун өндүрүшүндө”. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Мирра Андреева установила новый рекорд на турнирах WTA-1000






Матвиенко: Парламентская ассамблея Совета Европы — пустая и никчемная структура

Звезда «Великолепного века» снова прилетел в Россию

«Родиной не торгуем»: МИД России исключил обмен новых регионов на замороженные российские активы

«В детстве я хотела стать кинозвездой, а не футболисткой»: Нападающая ЦСКА Ордега – о выборе между Месси и Роналду, жизни в Австралии и русском языке