Олимпиадада медал уткандар сыйланды (видео)
Бүгүн, 23-августта Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында байгеге ээ болгон спортчуларды сыйлоо аземи өттү. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында уюштурулган иш-чарага президент Садыр Жапаров катышты. Токиодогу жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Акжол Махмудов II даражадагы “Манас” ордени менен 10 млн. сом, Toyota RAV4 автоунаасы менен сыйланды. Кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медал ээси Айсулуу Тыныбековага II даражадагы “Манас” ордени, 10 млн. сом жана Toyota RAV4 үлгүсүндөгү автоунаа берилди. Читать дальше...