Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Август
2021

Новости за 27.08.2021

Баткен: Президент жаңы үйлүү болгон чек ара тургундары менен жолукту

Azattyk.org 

Баткенде Лейлек районунун Максат айылында быйыл жазында чек ара окуясында жабыркаган 84 үй-бүлө жаңы курулган үйлөрүнө кирип жашай башташты. Бүгүн 27-августта айыл тургундары менен президент Садыр Жапаров жолукту. Мамлекет башчысы чек ара чырында каза болгон 36 жергиликтүү тургундун жакындарына көңүл айтып, өкмөт мындан ары да жардамын улантарын, таза суу, жол, бейтапкана, бала бакча маселелерин чечүү үчүн бардык аракет жасаларын айтты. Президент Түркия өкмөтүнө Баткендеги талкаланган үйлөрдү... Читать дальше...

Бишкекте «Шамбала» тасмасынын премьерасы өттү

Azattyk.org 

Бишкекте 26-августта режиссёр Артыкпай Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасынын премьерасы өттү. "Манас" кинотеатрында уюштурулган иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, өкмөт өкүлдөрү, чыгармачыл интеллигенция катышты. Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин негизинде жаралган бир жарым сааттык «Шамбала» тасмасы Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» студиясында 2020-жылы тартылып бүткөн. Фильмдин дүйнөлүк премьерасы ошол жылдын июль айында Кытайдын Шанхай шаарындагы фестивалда болгон. Читать дальше...

Владислав Шулико Ысык-Көлдү узунунан 180 чакырым сүзүп өттү

Azattyk.org 

Кыргызстандык спортчу, 21 жаштагы суучул Владислав Шулико Ысык-Көлдү беш күн ичинде узунунан сүзүп өттү. Спортчунун 22-августта Караколдон башталган марафону бүгүн 27-августта Балыкчыда ийгиликтүү жыйынтыкталды. "Азаттыктын" "Өзүңүздү кандай сезип жатасыз?" деген суроосуна спорту "Эң жакшы!" деп жооп берди. Көл жээгинен аны Жогорку Кеңештин депутаттары, демөөрчүлөр, жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү, жакындары тосуп алышты. Сууда сүзүү боюнча спорт чебери Владислав Шулико Караколдон бери 180 чакырымды өзү сүзүп өттү. Читать дальше...

Казакстанда аскердик кампадагы жарылуудан 9 киши каза болду

Azattyk.org 

Казакстандын Жамбыл облусундагы аскердик кампадан чыккан өрттөн жана жарылуудан каза болгондордун саны тогуз кишиге жетти.  Жума күнү эртең менен 28 киши ар кандай жаракат менен ооруканага түшүп, алардын алтоосунун абалы оор экени аныкталды. Облустук акимчиликтин басма сөз кызматы жалпысынан 66 адам ар кандай жаракат алып, ооруканага жаткырылганын билдирди. Ал эми өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматы боюнча окуя болгон жерден 171 киши убактылуу коопсуз жайга көчүрүлдү. 26-август күнү... Читать дальше...

Ооганстандагы абал Борбор Азияга мамилени өзгөртөбү?

Azattyk.org 

Ооганстандагы бийлик алмашуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн ири державалар менен мамилесине таасирин тийгизет. Айрымдардын пикиринде, чөлкөмдө Орусиянын аракети күчөп, Кытай менен АКШнын таасири басаңдашы мүмкүн. "Талибандын" Ооганстандагы жеңиши Борбор Азиянын ири державалар менен мамилесине кандай таасирин тийгизет? Айрым эксперттер АКШнын Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетиши Вашингтондун Борбор Азиядагы репутациясына чоң сокку урат жана Кошмо Штаттардын чөлкөмдөгү беш постсоветтик республика менен... Читать дальше...

Ысык-Көлдө КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн спорт оюндары өтөт

Azattyk.org 

Ысык-Көл жээгинде КМШ (Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештиги) жана ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) уюмдарына мүчө мамлекеттердин жыйырманчы спорт оюндары өтөт. Бул тууралуу маалымат КМШ аткаруу комитетинин сайтына жарыяланды. 4-12-сентябрга пландалып жаткан эл аралык иш-чарага КМШдан жана Кытай, Монголия, Пакистан өлкөлөрүнөн спортчулар келип катышат. Жалпысынан 2 миңдей катышуучу спорттун 20 түрү (мини футбол, волейбол, сууда сүзүү, жеңил атлетика, сумо, мас-рестлинг, армрестлинг ж.б.) боюнча таймашат. Читать дальше...

Эгемендик-30: Майрам күндөрү 9 миң милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейт

Azattyk.org 

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата майрам күндөрү Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштейт. Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдиргендей, ар бир милиция мекемесинде элдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча план иштелип чыккан. 30-августтан 1-сентябрга чейин майрамдык иш-чараларда жана көчөлөрдө жалпысынан 9 миңдей милиция кызматкери иштейт. 31-августта Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгы белгиленген күнү Бишкекте аскер парады жана эмгекчилердин парады өтөт. Читать дальше...

28-августтун аба ырайы: Көпчүлүк жерлерде жаан жаайт

Azattyk.org 

28-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт... Читать дальше...



Милиция: Темирлан Султанбековго кол салуу "Ээнбаштык" беренеси менен тергелүүдө

Azattyk.org 

"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековго кол салуу фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү Жазык кодексинин 266-беренесинин (Ээнбаштык) негизинде жүрүп жатат. Бул тууралуу 27-августта Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Чүй облустук жана Аламүдүн райондук милициясынын тажрыйбалуу кызматкерлеринен турган ыкчам тергөө тобу түзүлдү.   Султанбеков милицияга окуя 26-августка караган түнү болгонун, айдоочу... Читать дальше...

Жапаров Жамбылдагы жарылуудан улам Токаевге көңүл айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскер бөлүгүндө болгон жарылуудан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. "Бул суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрү менен жакындарына көңүл айтам. Бул каргашалуу окуянын кесепетинен жапа чеккендердин баарына тезирээк сакайып кетүүнү каалаймын", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында. 26-августта... Читать дальше...

Кабулдагы терактта 200дөй адам жараат алды

Azattyk.org 

Кабул аэропортунда 26-августа болгон жардыруудан каза тапкандардын саны 170тей адам каза тапты. Алардын арасында 13 америкалык аскер бар. Бул тууралуу The Wall Street Journal басылмасы Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлүнө таянып жазды. Буга чейин жанкечтинин жардыруусунан 100дөй киши каза болгону кабарланган. Ооганстандагы CBS News маалымат бөлүмү маркумдардын арасында балдар да бар экенин тактаган. 200дөй адам жараат алды. Алардын көпчүлүгүнүн абалы оор деп айтылды. Ооруканаларда... Читать дальше...

Кабул аэропортундагы жардыруудан ондогон киши каза тапты

Azattyk.org 

Кабул ооруканасынын кызматкерлери түнү бою күчөтүлгөн режимде иштеди. Жардыруудан жаракат алган 150дөй кишиге дарыгерлер колунан келген жардамын көрсөтүүдө. Алардын көпчүлүгүнүн абалы оор деп айтылды. Ооруканалардын кызматкерлери талибдер бийликти басып алгандан кийин жумушка толук чыкпай жатат. Ошондуктан дарыгерлер үлгүрө албай жатканы кабарланды. Бейшембиде Кабулдун эл аралык аэропортундагы кош жардыруудан каза тапкандар саны 100гө жетти. Ал эми жараат алгандар 150 киши. Арасында жаш балдар дагы бар. Читать дальше...

Кызыл-Кыяда экстремизмдин, терроризмдин алдын алуу талкууланды

Azattyk.org 

Кызыл-Кыя шаар аймагында 2021-жылдын башынан бери диний экстремизмге байланышкан беш учур катталып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди . 24-26-август күндөрү милициянын демилгеси менен шаардын активисттери, мечит имамдары катышкан терроризм жана экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйын өттү.  Бул иш-чара улуттар аралык кастыкты козутуунун, диний экстремизм, терроризмдин алдын алуу максатында уюштурулган. Читать дальше...

“Али Токтакунов МедиаХабы”: ИИМ жасалма ПЧР тест саткан адам кармалганын билдирди

Azattyk.org 

Коронавирустан таза экени жөнүндө ПЧР тесттин жасалма тастыктамасын сатууга шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдиргенин “Азаттык” радиосуна 27-августта иликтөө жүргүзгөн “Али Токтакунов МедиаХабы” кабарлады. Маалыматка караганда, иликтөөдө аты “Бека малыш” деп аталган адам кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетинин аймагынан кармалганын журналист Мээрим Сырдыбаевага ИИМдин тергөөчүсү Гүлжигит Мурзабаев билдирди. Сырдыбаева өзү бүгүн саат 11:00гө күбө... Читать дальше...

Президент чек ара жаңжалында талкаланган Максат айылына барат 

Azattyk.org 

Президенттин расмий сайтында кабарлангандай Садыр Жапаров 27-28-август күндөрү Баткен облусунда иш сапары менен болуп, чек арага чектеш айылдарга барып, өнөр жай ишканаларынын абалы менен таанышат. Ошондой эле, жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрөт. Жергиликтүү бийликтен билдиргендей, мамлекет башчысы иш сапардын биринчи күнү Лейлек районуна барат. Чек арадага жаңжалда талкаланып, кайра калыбына келтирилип жактан Максат айылында да болот. Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы апрель... Читать дальше...

Бийлик олимпиадаларда байгелүү орун алган окуучуларды сыйлады

Azattyk.org 

Мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев президент Садыр Жапаровдун атынан эл аралык олимпиадаларга активдүү катышкан, билим берүүдө ийгиликке жетишкен окуучуларга ыраазычылык билдирип, белек тапшырды. Бул тууралуу басма сөз кызматы маалымдады. Анда мамлекеттик катчы билим берүү тармагына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бөлүнөрүн белгилеген. Сыйланган окуучулардын тизмеси бул жакта. Жуманын башында президент Олимп оюндарында ийгилик жараткан спортчуларга баалуу сыйлыктарды тапшырган. Коомчулукта... Читать дальше...

COVID-19: АКШ Кыргызстанга 3,7 миллион сомдук гумжардам берди

Azattyk.org 

АКШ Кыргызстанга коронавирустан коргонуу каражаттарын бөлүп берди. 26-августта Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) жалпы баасы 3,7 миллион сомдук беткап, көз айнек жана санитардык кийим тапшырышты. Бул коргонуучу жеке каражаттар ӨКМ системасынын коронавирусту алдын алуу жана ага каршы күрөшүү багытында иштеген кызматкерлерине бөлүштүрүлүп берилет. Гуманитардык жардамды тапшыруу иш-чарасында жалпысынан Кошмо Штаттар Кыргызстанга COVID-19га... Читать дальше...

Новости России
Москва

Азербайджанцев оправдали за убийство спортсмена Евгения Кушнира в Самарской области. Делом заинтересовался глава Следкома РФ А. Бастрыкин


Байматовдун билдирүүсү кыргыз футболуна сынды күчөттү

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын мурдагы капитаны Азамат Байматов өлкөнүн футбол союзун сындап, башкы машыктыруучу Александр Крестининдин кызматтан кетишин талап кылууда. Кыргызстанда буга чейин оюнчунун футбол жетекчилигине ачык каршы чыккан учуру болгон эмес. Жаңыланган рейтинг, Жапониядан жаза баскан команда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) август айында жаңыланган рейтингинде бир нече позиция ылдый түшүп, 101-орунду ээлеп турат. Читать дальше...

Караколдон бери сүзүп келаткан суучул Балыкчыдагы финишке жакындап калды

Azattyk.org 

Караколдон Балыкчыга чейин Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүүнү көздөгөн суучул Владислав Шулико Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылына келип калды. 27-августтун саат 11ине карата маалымат ушундай экенин "Азаттык" радиосуна аны коштоп жүргөндөр кабарлашты. Спортчу 180 чакырымдын 170ин багындырып койду, азыр Балыкчыны көздөй сүзүп баратат. Сууда сүзүү боюнча спорт чебери, 21 жаштагы Владислав Шулико марафонун 22-августта баштаган.  Шуликонун коопсуздугун камсыздоо үчүн облустук Өзгөчө кырдаалдар... Читать дальше...

Бишкек милициясы шаардагы чет элдик жарандарга кайрылуу жасады

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы калаада жүргөн чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде пакистандыктарга Кыргызстандын мыйзамдары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Шаардык милиция чет элдик жарандарды зарыл жумушу жок болсо, үйдөн же мейманканалардан чыкпоого чакырып, санитардык эрежелерди сактоону сунуштайт. 23-августта Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга келген пакистандыктардын көбү Бириккен Араб Эмирликтерине жана Сауд Арабиясына жөнөп жаткан эмгек мигранттары экенин... Читать дальше...

Мамкатчы Абыкеев: Бизди колдоп, эки жыл чыдап берсеңер келечекте өнүккөн өлкө болобуз

Azattyk.org 

Кыргызстан 10 жылдан кийин өнүккөн алдыңкы 50 мамлекеттин катарына кошулат. Мындай пикирин 27-августта “Биринчи радионун” эфиринде сүйлөп жатып мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев билдирди. Ал кыргызстандыктарга кайрылып, алдыдагы эки жыл оор болорун, бирок үчүнчү жылдан тартып өнүгүү башталарын айтты. Абыкеев Малайзия, Сингапурдун мисалын келтирип “Бизге ишенип, эки жыл чыдап бериңиздер” деди: “Элибиз бизден өтө тездикти талап кылып жатат. Бүгүн эле өнүгө калсак деп жатат. Бирок, тилекке каршы, баары жомоктогудай болбойт экен. Читать дальше...

Октябрдагы өлүм менен аяктаган тополоң, сотко нааразылык

Azattyk.org 

Аксыда 2020-жыл 7-октябрдагы жарандар ортосундагы жаңжалдан Уланбек Жаманкулов каза болгон. 7-октябрда Кербен шаарынын борборуна акимди кызматтан кетирүү талабы менен чогулган эл эки жаат болуп мушташып, алты адам ооруканага түшкөн. Жаңжалдан кийин жараат алгандардын бири ооруканада каза болгон. Маркумдун айылдаштары жана жакындары бул окуянын уюштуруучулары 16-августта жеңил жаза менен абактан чыгып кеткенин айтып чыгышты. Ал эми экинчи тарап баары мыйзамдуу болгонун жана шектүүлөр ансыз да 8 ай бекер эле камакта жатканын билдиришүүдө. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Роджер Федерер

Теннисисты Роджер Федерер и Рафаэль Надаль стали лицами рекламной кампании Louis Vuitton






Аналитика МТС Travel: приморцы устремились в Японию на цветение сакуры

Актёр Олег Зимин умер за десять дней до своего 65-летия

Историческая граница: «Динамо» достаточно ничьей для золота РПЛ

Мощный пожар охватил торгово-офисное здание в Москве