Лондондо демонстранттар Брексит боюнча референдумду талап кылышты
Уюштуруучулардын айтымында демонстрацияга 600 миңдей киши катышты. Скотленд-Ярд (полиция) нааразычылык акциясына чыккандарды санай албай турган абалда экенин моюнга алды.
Манифестант топ Брексит боюнча экинчи реферондум өткөрүүнү талап кылышты. Алар азыр абал өзгөргөнүн, Евробиримдиктен чыгууга добуш бергендер, Британиянын азыркы бийлигинин тушуна дал келүүчү кесепеттери менен макул эместигин билдиришти.
Буга чейин Тереза Мэй бул маселе боюнча кайра референдум өткөрүү ыктымалдыгын жокко чыгарган.
Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу тууралуу референдум 2016-жылы жайында өткөн. Анда британдыктардын 52 пайызы Брекситти колдогон. Өлкөнүн биримдик курамынан чыгуусунун шарттары тууралуу сүйлөшүүлөр 2017-жылдын июнунан бери уланып келет.
Брекситтин шарттары боюнча Лондон менен Евробиримдиктин ортосундагы сүйлөшүүлөр быйыл ноябрда аяктайт. Британиянын Евробиримдиктен чыгуусу 2019-жылы мартта башталып, 2020-жылдын соңуна чейин аякташы керек. (TSh)
