Добавить новость
Главные новости Москвы
Москва
Январь
2022

Тарыхчы Нарынбек Алымкулов дүйнөдөн кайтты

0
Тарыхчы, окумуштуу Нарынбек Алымкулов 11-январда таңга жуук каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.


Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Нарынбек Ашыралы уулу Алымкулов 63 жашта болчу. Ал 1958-жылы Нарын облусунун Нарын районуна караштуу 8-март айылында жарык дүйнөгө келген.


Алымкулов Кыргыз улуттук университетинде, Москва мамлекеттик университетинде (ММУ) жогорку билим алган. 1988-жылы Москва  шаарында (ММУда) кандидаттык  диссертациясын коргоп, тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасына ээ болгон.




Ал 1989-жылдан тартып өмүр бою Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, бир катар жылдары удаа Борбор Азиядагы Америка университетинде дарстар оуп келген.


Алымкулов Экинчи дүйнөлүк согуш тарыхынын көйгөйлөрүн ар тараптуу иликтеген жергиликтүү мээнеткеч адис эле. Ал согушка катышкан кыргызстандыктардын буга чейин айтылбай келген тагдырларын архивдик маалыматка таянуу менен изилдөөгө чоң салым кошкон.


Маркумдун сөөгү 13-январда Кыргызстандагы ата-тегинин кичи мекенинде -  Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Жайыл айылында жерге берилет. (МТа)




 



Москва на Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в Москве

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина выдала тяжелый матч за полуфинал турнира в Абу-Даби






Фатальная блокировка счета вместе со всеми деньгами: всем, кто переводит деньги через банковские приложения – назад пути не будет

Позднякова: Атмосферное давление в Москве достигло 774,5 миллиметра ртутного столба

Посол: мечты НАТО о превращении Балтики во «внутреннее озеро» альянса не сбудутся

Москвичам пообещали облачную погоду без осадков 7 февраля