Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 04.09.2021

Жерге-Тал кыргыздарын кыйнаган көйгөй

Azattyk.org 

1996-жылдын август айы такыр эсимден кетпейт. Бул күндү эстегенде Кудайдан бир гана нерсени – согуш болбошун тилейм. Бул каргыш тийгир сөз таптакыр сөздүктөн өчүп, унутулуп калса экен дейм. Ушул күнү кошуна айылда адам көтөрө алгыс чоң трагедия болду. Ушул күнү бир үй-бүлө чоң жоготууга учурады. Ушул күнү бир эненин өмүрү түбөлүк кайгы-муңга, арман, өксүккө айланды. Тажикстандагы согуштун аягы тыйылбай, ачарчылык алкымдап турганда Жерге-Талдын элинин бир даары Көк-Суунун жээгинен алтын казып, эптеп өлбөстүн күнүн көрүүгө өткөн эле. Читать дальше...

Ооганстанда аялдар укугун коргоп акцияга чыккандар кууп таратылды

Azattyk.org 

Кабулдун борборундагы тең укуктуулукту талап кылып акцияга чыккан ондогон аялдарга талибдер көздөн жаш агызуучу газ колдонуп жана асманга эскертүү иретинде ок чыгарышты. Демонстрация учурунда бир аял жараат алганы, айрымдары сабалганы кабарланды. Социалдык тармактардагы тараган видеодо аялдын башынан кан агып жатканын көрүүгө болот. Эки күндөн бери Кабулдун борборунда аялдар тең укуктуулук, акыйкаттык жана демократия үчүн акцияга чыгып жатышат. Ушундай эле митинг Ооганстандын батышындагы Герат шаарында өткөн жумада болгон. Читать дальше...

Москвада сөз эркиндигин колдогон акция өттү

Azattyk.org 

Москванын борборунда жана Чистопруд бульварында жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) эркиндиги үчүн акция өттү. Шаар бийлиги митинг өткөрүүгө тыюу салгандыктан акция Мамлекеттик Думанын депутаттыгына талапкерлер менен жолугушуу форматында болду. Журналисттердин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлеринин профсоюзу арыз берген. Акцияга "Яблоко" партиясынын өкүлдөрү, оппозициялык талапкерлер жана журналисттер катышты. Алар ЖМКлар жөнүндөгү "чет элдик агенттер" мыйзамын жокко чыгаруу талабын коюшту. Читать дальше...

Шайлоо-2021: саясий күчтөрдү эмне бириктирет?

Azattyk.org 

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниети менен 75 партия жазуу түрүндө билдирме тапшырды. Бул рекорддук көрсөткүч. Бирок анын баары тең шайлоого катышат дегенди билдирбейт. Ортодо саясий биригүүлөр болуп, талаптарды аткарбай шайлоодон четтетилген партиялар чыгат. Бул жолку парламенттик шайлоого кандай саясий күчтөр катышканы турат, оппозициянын алы кандай? Жарышка 75 партия катышуу ниетин билдирди Быйыл 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышууга партиялардан билдирме кабыл алуу 3-сентябрда аяктап... Читать дальше...

Чет тилдеги лекцияларды кыргызчалаган Гүлзире

Azattyk.org 

Кыргыз тили “Хан академиясынын” сабактары которулган 51-тил болуп калды. Бул тууралуу “Хан академиясынын” Кыргызстандагы расмий өкүлү Гүлзире Миңбаева билдирди. “Хан академиясы” – дүйнөдөгү ири акысыз онлайн билим берүүчү платформа. Сайтта математика, тарых, медицина, физика, химия, биология, астрономия, экономика, космология, искусство, тарых ж.б. ондогон тармактар боюнча миңдеген видео сабактар жана тапшырмалар бар. Гүлзире менен ушул багытта баарлаштык.  - Гүлзире, кыргыз тилин Khan Academy... Читать дальше...

Ооганстандын мурдагы вице-президенти талибдер Панжшерди алганын четке какты

Azattyk.org 

Reuters агенттигинин “Талибан” тобундагы үч булагы 3-сентябрда талибдер Кабулдун түндүгүндөгү Панжшер өрөөнүн басып алганын кабарлаган. Бул Ооганстандагы талибдердин негизги каршылашы Ахмад Масуд жетектеген топ ээлеген акыркы аймак болчу. “Жараткандын мээрими менен жалпы Ооганстанды көзөмөлдөп жатабыз. Тынчтыкты бузгандарды уттук, эми Панжшер биздин башкаруубузда турат”, - деп билдирген “Талибандагы” булак. Азырынча бул маалыматты тастыктоого мүмкүнчүлүк боло элек. Оппозиция лидерлеринин бири... Читать дальше...

Байден 11-сентябрдагы теракт тууралуу документтерди ачыкка чыгарууга буйрук берди

Azattyk.org 

АКШ президенти 2001-жылы 11-сентябры тууралуу жарым жылдык документтерди ачыкка чыгарууга буйрук берди.  Жо Байден жабык маалымат коомдук кызыгууну күчөтөт жана улуттук коопсуздукка коркунуч келтирет деп эсептейт.  Байден бул маалыматтарды ачыкка чыгаруу убадасын шайлоо өнөктүгү жүрүп жатканда айткан. Мындай талапты 20 жылдан бери маркумдардын жакындары коюп келет. Алар бул кол салууга Сауд Арабиясынын тиешеси бар деп эсептешет. Буга жанкечтилердин көбү падышалыктын атуулу болгону түрткү берген. Читать дальше...



Зеленский АКШ президентин Украинага чакырды

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский  АКШдагы сапарынын жыйынтыгына жакшы баа берди.   “Маанайым абдан жакшы. Америка Кошмо Штаты биздин сөз эмес, иш жүзүндөгү стратегиялык өнөктөшүбүз. АКШ Украинаны энергетикалык багытта, НАТОго келечекте мүчөлүккө кабыл алуу багытындагы иш-аракеттерди колдойт. Эң башкысы алар биздин суверенитет, аймактык бүтүндүгүбүздү колдойт. Бизде ири экономикалык алдыга жылуу болушу мүмкүн”, - деди Зеленский. Зеленский "Настоящее Время" телеканалынын кабарчысына АКШ... Читать дальше...

Жапониянын премьер-министри кызматтан кете турган болду  

Azattyk.org 

Жапониянын премьер-министри Ёсихидэ Суга башкаруучу Либерал демократиялык партиянын жетекчилигине шайлоого катышпайт. Бул өкмөт башчылык кызматты тапшыруу дегенди түшүндүрөт. Партиянын лидерин шайлоо 29-сентябрда өтүп, тандалган киши премьер-министр болот. Суга өз чечимине комментарий берип, “шайлоо алдындагы үгүт кампаниясына алаксыбай, мөөнөтүмдүн аягына чейин коронавирус менен күрөшүүгө күчүмдү жумшайм” деди. Жапонияда октябрь айында жалпы парламенттик шайлоо өтөт. Жергиликтүү массалык маалымат... Читать дальше...

Уяң жигиттин аруу колуктусу

Azattyk.org 

Кыргыз коомчулугунда жыныстык тарбияга маани берилбейт. Бул тууралуу ачык айтууга элдин кайсы бир катмары да каршы. Мунун кесепетинен далай тагдыр талкаланып, далай көңүл ооруганы да айтылбай, жабылуу аяк жабылуу бойдон калып келет. Абдыкерим Муратовдун “Кыя жол” аңгемесинде мына ушул көмүскөдөгү тема козголуп, тоо арасындагы эки жаштын бул стереотипти бузуп, өз бактысы үчүн күрөшкөнү сүрөттөлөт. Босогону жаңыдан аттап кирген жаш кызда не күнөө? Ал өзү каалайбы же каалабайбы илешип келаткан катаал сыноодон өтүшкө мажбур. Читать дальше...

Балдар үйүнүн өз жолун тапкан бүтүрүүчүлөрү

Azattyk.org 

Жыл сайын жүздөгөн өспүрүмдөр балдар үйүнөн тарбияланып чыгышкан. Аларды сыртта эч ким күтпөгөндүктөн, 16 жашында эле өзү менен өзү калып, чоң турмушка турак жайсыз, акча каражатсыз, эч кандай колдоосуз эле аттанышат. Ийгилик жаратып, максаттарына жетүү алар үчүн эки эсе оор. Бирок жолун таап кеткендер да жок эмес. Өз жашоосу үчүн жоопкерчиликти алган балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү жөнүндө "Азаттык плюстан" көрүңүз

Милицияга депутат Момбековдун үстүнөн арыз түшкөнү кабарланды

Azattyk.org 

Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго каршы милицияга арыз түшүп, териштирүү жүрүп жатканын жазып чыгышты. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү “Азаттык” радиосуна депутаттын үстүнөн арыз түшкөнү боюнча тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Милиция тараткан маалыматка ылайык, 3-сентябрда 102 кызматы Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде кишилер чырдашып жатканы жөнүндө кабар түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, BMW... Читать дальше...

"Баштан Башта" активисттерди тыңшоону айыптады

Azattyk.org 

«Баштан Башта» кыймылы укук коргоо органдарынын саясатчы, активисттерди тыңшоо аракетин кескин айыптайт. Бул тууралуу билдирүү кыймылдын “Фейсбуктагы” баракчасында жарыяланды. Кайрылууда "Баштан Башта" кыймылынын лидери Улан Үсөйүн өзү дагы тыңшалып жаткан адамдардын тизмесинде бар экенин белгилеп, муну бийликке сын айткандарга басым катары баалайт. “Мындай тергөө аракеттери бийликке жана коррупцияга каршы чараларды сынга алгандарды коркутуу же кысым көрсөтүү менен эмес, кылмыштуулук менен күрөшүү максатында гана жүргүзүлүшү керек. Читать дальше...

Ооган аялдарын азапка салган радикализм

Azattyk.org 

Талибдер бийлеп жаткан Ооганстанда аялдарга, кыз-келиндерге үйдөн чыкпай туруу, окуу жайларга барууга чектөө коюлганы маалым. Бул жолу “Эже-сиңдилер” берүүсүндө Ооганстандагы абалга, ал жактагы аялдар жагдайы жана бул окуялардын Кыргызстанга сабагы тууралуу кеп кылдык.

Опера жана балет театрында "Ак-Мөөр" спектакли коюлат

Azattyk.org 

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Жумакадыр Каниметовдун "Ак-Мөөр" спектакли көрсөтүлөт. Оюн 5-сентябрда, саат 17:00дө башталат. "Ак-Мөөр" спектакли Кыргызстандын эгемендигинин 30 жылдыгына карата коюлуп жатат. Эл ичинде уламышка айланган Ак-Мөөр менен Болоттун сүйүүсү тууралуу тасма 1969-жылы тартылган. Башкы ролдорду Таттыбүбү Турсунбаева, Болот Бейшеналиев жана Муратбек Рыскулов ойногон. (TSh)

Кыргызстандын экономикасы былтыркыдан да төмөн түштү

Azattyk.org 

Кыргызстандын экономикасы пандемиянын кесепетинен чыга албай, бир жарым жылдан бери нөлдүк өсүшкө да чыга элек. Жыл башынан бери ИДӨ былтыркы ушул убакка салыштырмалуу 1,6% түштү. Бирок өткөн жылы карантиндин айынан экономика такыр жылбай турган. Республикадагы структуралык көйгөйлөрдү жана кризистин канчалык терең экенин көргөзүп турган себептерге токтолобуз. Кумтөр – биздин бар байлыгыбыз Кыргызстандын экономикасы ушунчалык чакан, бардык “аба ырайын” бир эле кен өзгөртүп коет. Статистиканын... Читать дальше...

Бүгүн журналист Алишер Саипов 40 жашка чыкмак

Azattyk.org 

Бүгүн, 4-сентябрь маркум журналист Алишер Саиповдун туулган күнү. Ал тирүү болгондо 40 жашка чыкмак. Ош шаарында өзбек тилинде чыгып турган “Сиёсат” (Саясат) гезитинин редактору Алишер Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз кишилер атып кеткен. Анын өлүмү кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырылып келет. Азыркыга чейин кылмыштын бети ачыла элек.   Журналисттин өмүрү 26 жашында кыйылып, артында кызы менен жубайы калган. Алишер Саиповдун ысымы Вашингтондогу "Ньюс Музеймдин" дүйнө жүзүндө... Читать дальше...

Саясатчы Карганбек Самаковдун кылмыш иши токтотулду

Azattyk.org 

Парламенттин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго карата кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Самаковдун жакындары маалымдады. Маалыматка ылайык, июль айында Башкы прокуратура айыптоодон баш тарткандан кийин Октябрь райондук соту ишти токтоткон. 2-сентябрда Бишкек шаардык соту бул чечимди колдоду. 2021-жылдын февраль айында Жогорку сот Самаковго карата буга чейинки чыккан сот чечимдерин жокко чыгарып, ишти кайра кароого Октябрь райондук сотуна жиберген. Самаков 2019-жылы мунапыс... Читать дальше...

Коронавирус 154 кишиден аныкталып, беш бейтап каза болду 

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 4-сентябрдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада вирустан беш киши каза тапты. Жалпысынан COVID-19дан каза болгондордун расмий саны 2546 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 154 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 176 347 адам. Азыр ооруканада 918 бейтап жатат, 1035 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 135 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 170 396 кишиге жетти. (TSh)

Ош шаарына "Коопсуз шаардын" камералары коюлду

Azattyk.org 

Шаар боюнча 11 кесилишке жол эрежесин бузган автоунааларды тарткан жана адамдын жүзүн тааныган камералар орнотулду. Алар сентябрдын аягында иштей баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Мекеменин башкы адиси Айнура Замирбекованын айтымында жалпысынан шаар ичинде 35, шаардан сырткары 34 жерге камералар коюлат. "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи баскычын кытайлык ишкана утуп алган. Кыргызстанда 2019-жылдан тарта "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштаган. Долбоордун биринчи этабын орусиялык “Вега” компаниясы ишке ашырган. Читать дальше...

Инспекторлордун мыйзамсыз аракеттерин кабарлоо үчүн байланыш телефону ишке кирди

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин кабарлоо үчүн ыкчам байланыш телефону ишке кирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Ыкчам телефон номурлары - 0312-63-09-01, факс 0312630900, 0556630009, Whatsapp 0703630900. Бул байланыш телефондору күнү-түнү иштейт. Кайрылган жаран өзүнүн аты-жөнүн, жашаган жерин жана байланыш телефондорун калтырышы керек. Өткөн жумада, 27-августта Бишкекте айдоочуну... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000






Самолеты Ту–154 в аэропорту Внуково, 1973 год, Москва

В Москве из-за холодов снизится число комаров

Раис Татарстана Рустам Минниханов встретился с Президентом Гвинеи-Бисау Умару Сисоку Эмбало

Уехавший в Минск судья отверг обвинения в предательстве Польши