Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 15.09.2021

Жети саясатчы сурак берди, экөө камалды

Azattyk.org 

15-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов, Канат Исаев, мурдагы депутаттар Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков жана Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов Ички иштер министрлигине сурак берип чыгышты. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов, анын штабында иштеген Алмаз Сарыбаев "бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн" деген шек менен кармалган.

Президент Жапаров ЖККУ жана ШКУ саммиттерине катышуу үчүн Дүйшөмбүгө барды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 15-сентябрдын кечинде иш сапары менен Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына барды. Шаардын эл аралык аэропортунан Кыргызстандын расмий делегациясын тажик өкмөтүнүн башчысы Кохир Расулзода тосуп алды. Бүгүн 16-сентябрда Дүйшөмбүдө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жана 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) президенттеринин саммиттери өтөт. Президенттер эл аралык жана аймактык коопсуздук, экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулап, жыйынтыгында жалпысынан кырктан ашуун документке кол коюлат. Читать дальше...

Исмаил Исаков: Кат-кайрылуулар боюнча суракка чакыра берүү - эркиндикти кысуу

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков “маданият ишмерлеринин президентке кайрылуусу” деген кат боюнча бир топ саясатчы Ички иштер министрлигинде (ИИМ) суракка алынышын мыйзам бузуу деп сыпаттады. Мындай пикирин ал 15-сентябрда ИИМдин Тергөө кызматынан сурактан чыккандан кийин “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып билдирди. Саясатчы жазылган түрдүү кат, кайрылуулар боюнча адамды суракка алуунун шайлоого байланыштуу ыктымалдыгын четке каккан жок: “Бул өзүм билемдик, мыйзамды бузгандык. Читать дальше...

Кумтөр: Нью-Йорктогу сот Кыргызстанга санкция салуу тууралуу арызды четке какты

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кенине байланыштуу ишти караган Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сот Кыргызстанга санкция салуу тууралуу “Центерра Голд” колдогон адвокаттардын өтүнүчүн четке какты. Мындай чечимди судья Лиза Г. Бекерман 15-сентябрда видео-конференция режиминде өткөн соттук отурумда кабыл алды. Ал өз чечимин жарыялап жатып, Кумтөргө байланыштуу “автоматтык токтото туруу тартиби” азырынча бузулду деп айтууга болбой турганын билдирди. "Кумтөр Голд" жана "Кумтөр Оперейтинг" компанияларынын атынан иш... Читать дальше...

Сонунбүбү Кадырова: Президентке жазган катыбыздын биринчи бети өзгөртүлүп жарыяланып кетти

Azattyk.org 

“Маданият ишмерлеринин президент Садыр Жапаровго кайрылуусу” деп интернетте тарап жаткан каттын тексти түп нускасынан бурмаланган. Бул тууралуу 15-сентябрда “Азаттык” радиосуна каттын автору, Жазуучулар союзунун мүчөсү Сонунбүбү Кадырова билдирди. Кадырова президентке “адамдарды чогултуп, ызы-чуу жана тополоң кылгысы келгендерге чара көрүү, аларды тартипке чакыруу” демилгеси менен кайрылганы чын экенин, эки барактан турган катынын биринчи барагындагы текст бурмаланганын, катка өзүнөн башка эч ким кол койбогонун айтты... Читать дальше...

Тихановская Парижде Беларустагы кризисти жөнгө салуу зарылдыгын айтты

Azattyk.org 

Беларус оппозициясынын бозгундагы лидери Светлана Тихановская Франциянын президенти Эммануэл Макронду Беларустагы "кризисти жөнгө салуу үчүн чечкиндүү кадамдарга" барууга чакырды. Ал 15-сентябрда Париж шаарында Франциядагы төрт күндүк сапарынын биринчи күнүндө сүйлөгөн сөзүндө "демократиялуу өлкөлөр бекем жана принципиалдуу болушу керек" деп белгиледи. "Дүйнөлүк лидерлердин колдоосу беларус элине эркиндик жана демократия үчүн күрөштө жалгыз эмес экенин түшүнүүгө жардам берди. Бирок өткөн жылдан... Читать дальше...

"Маданият ишмерлеринин каты" боюнча Исаев жана Абдраимов да сурак беришти

Azattyk.org 

Маданият ишмерлеринин президентке митингдерди токтотуу тууралуу кайрылуусу деген кат боюнча 15-сентябрда Ички иштер министрлигинде (ИИМ) суракта Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев жана Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы Туйгунаалы Абдраимов да болушту. Мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөткөн. Ага үндөш маданият ишмерлери кол койду деген кагазда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов... Читать дальше...

Жанарбек Акаев ИИМде үч саат суракта болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 15-сентябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматында үч саат суракта болду. Сурактан чыккандан кийин ал “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган иштин алкагында жана маданият кызматкерлеринин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу деген катта жазылгандарга байланыштуу чакырылганын билдирди: “Мен эч бир саясатчы же коомдук ишмер менен бийликти күч менен басып алуу аркетин көргөн эмесмин. Читать дальше...



Ооганстандык футболчу кыздар Пакистанга качып келишти

Azattyk.org 

Ооганстандагы футбол боюнча кыздар курамасынын бир катар алдыңкы оюнчулары, алардын машыктыруучулары жана үй-бүлө мүчөлөрү Пакистанга качып келишти. Бул тууралуу Ооганстандагы кыз-келиндер курамасынын мурдагы капитаны, Данияда жайгашкан "Кыздардын күчү" бейөкмөт уюмунун директор Халида Попалзай "Фейсбукка" жазды. "Бүгүн 79 жаш футболчу кыз жана алардын үй-бүлөcү Ооганстандан аман-эсен чыгып кеткенин кубануу менен жарыялагым келет", - деп билдирди Попалзай. Лондондогу "Тынчтык үчүн футбол" уюмунун элчиси Сардар Навид Хайдер маалымдагандай... Читать дальше...

Келдибеков: Маданият кызматкерлеринин кайрылуусу деген кат боюнча суракта болдум

Azattyk.org 

Маданият кызматкерлеринин президентке кайрылуусу деген катта жазылгандар боюнча Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековду да суракка алды. Бул тууралуу 15-сентябрда Келдибеков сурактан чыккандан кийин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты: “Биз сурак берип жатканда Сонунбүбү Кадырованын видеокайрылуусу чыкты. Ал андай жазбаганын, биринчи бет алмаштырылганын, фамилиялар жоктугун, көпчүлүк текст өзгөргөнүн айтты. Бул боюнча сөзсүз изилдөө жүргүзүү керек. Читать дальше...

Бишкек транспорт тартыштыгын окуу башталганда сезди

Azattyk.org 

Бир жарым жылдан бери дээрлик жабык турган мамлекеттик билим берүү мекемелери 15-сентябрдан баштап кадимки тартипте иштей баштады. Ушул эле күнү коомдук транспорттун жетишсиздиги дароо байкалды.  Шаар тургундары коомдук транспорт кеч жүрүп жатканын, айрым каттамдар такыр жоюлуп кеткенин айтууда. Бишкек мэриясы жол киренин арзандыгы жана күйүүчү майдын кымбатташынан улам шаарда каттаган маршруттук таксилердин саны эки жылда эки эсе азайганын билдирди. Бишкек шаарындагы бир катар жаңы конуштарда... Читать дальше...

"Талибан" Барадардын өлгөнүн төгүндөдү

Azattyk.org 

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов "бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн" деген шек менен камалды. Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов Ички иштер министрлигине сурак беришти.Чүй облусунун мурдагы башчысы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов да ИИМге жеткирилди. Ооганстанда бийликти басып алган “Талибан” кыймылы анын негиздөөчүлөрүнүн бири молдо Барадардын өлүмү тууралуу маалыматты четке какты. Кыргызстанда 1,5 жылдан бери... Читать дальше...

Ооганстанда молдо Барадар "жоголду"

Azattyk.org 

Ооганстанда бийликти басып алган “Талибан” Дохадагы саясий кеңсесинин мурдагы жетекчиси молдо Абдул Гани Барадардын өлүмү тууралуу маалыматтарды четке какты. Кыймылдын маалымат катчысы Сухайл Шахин Барадар соңку учурда тарап кеткен имиштерди четке каккан аудио билдирүү жөнөткөнүн айтты. “Ал мунун баары жалган жана негизсиз экенин айтты”,- деп көрсөтүлгөн Шахиндин билдирүүсүндө. “Талибан” молдо Абдул Гани Барадар жакында Кабулдан Кандагарга кеткенин баяндаган каттын сүрөтүн да жарыялады. Кыймылдын... Читать дальше...

Казак мажлиси соцтармактарга бөгөт коё турган мыйзам долбоорун колдоду

Azattyk.org 

15-сентябрда Казакстандын парламентининин төмөнкү палатасы (Мажлис) өлкө ичинде жергиликтүү кеңселерин ачпаган социалдык түйүндөргө бөгөт коё турган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. "Балдардын укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө ылайык, интернеттеги чет өлкөлүк социалдык түйүндөр жана кыска билдирүүлөрдү жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк берген тиркемелер Казакстанда каттоодон өтүшү керек. Ошондой эле, бул компаниялар Казакстанда жергиликтүү филиалдарын ачып, өлкө ичинде иштөө үчүн бийликтен уруксат алышы кажет. Читать дальше...

Балет артисттеринин чыры бүтө элек

Azattyk.org 

Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрынын балет труппасы президентке кайрылды. Балет солисттери эмгек укуктары тебеленип, театрда бийлеген балет труппасынын белдүү артисттери четинен жумуштан кетип жатканын айтышууда. Ошондой эле коммерциялык тартипте коюлган спектаклдерден артисттерге акы төлөө маселеси дагы деле чечилбегенин белгилешти. Бул айыптоолорду театрдын жетекчилиги четке кагууда.

Алтынбек Сулайманов: Шайлоо алдында чогулган командаларды алсыратуу аракети болуп жаткандай

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бир топ саясатчылардын Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылып жатканын алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштырууда. Мындай пикирин ал 15-сентябрда ИИМден сурактан чыккандан кийин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты. Сулайманов суракка маданият ишмерлеринин президентке кайрылуусу деген катка байланыштуу чакырылганын билдирди: “Менин жеке пикиримде, шайлоо алдында чоң командаларды алсыратуу түшүнүгү болуп жатат окшойт. Бизге... Читать дальше...

Спорт жана үй-бүлө: Изабековдордун жашоо философиясы

Azattyk.org 

Чынарбек Изабеков – эркин күрөш боюнча ардагерлер арасында эки жолку дүйнө чемпиону. Жакында эле Токиодо өткөн Олимпиадада коло медаль уткан Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу. Келинчеги Назира Айдарова – Кыргыз Республикасынын Көркөм гимнастика федерациясынын директору. Экөө 30 жылга чукул түтүн булатып, алты баланы тарбиялап келет.

ЖК депутаты Бакытбек Жетигенов ИИМде суракта болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов Ички иштер министрлигинде (ИИМ) суракта болду. Суракка кирип чыкканын ал 15-сентябрда “Азаттык” радиосуна билдирди. Мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген кагазда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган... Читать дальше...

Кыйынчылыктарды жеңген кыргыз тилдүү мектеп

Azattyk.org 

Быйылкы окуу жылы Кыргызстанда 15-сентябрда башталды. Пандемиядан кийин окуучуларын тосуп алган мектептердин арасында Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясы дагы бар. Мектеп өткөн кылымдын 80-жылдарында курулган. Совет маалында борбордогу кыргыз тилдүү саналуу мектептердин бири кантип курулуп калганы тууралуу баянды сунуштайбыз.

Новости России
Москва

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Айзаданын өлүмү: милициянын иши прокуратуранын көзөмөлүндө

Azattyk.org 

Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин иши прокуратуранын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Аталган мекеме милицияларга карата "шалаакылык" беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши токтотулду деген маалыматты четке какты. Буга чейин Айзада Канатбекованын жакындарынын адвокаты Нурбек Токтакунов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү Ормон Амангуловдун айтканына таянып... Читать дальше...

Трансгендер уул жөнүндө повесть

Azattyk.org 

Жазуучу жана публицист Олжобай Шакир трансгендер уулунун жашоосун чагылдырган “Адам+” деген повесть жазды. Автор баласынын тагдыры аркылуу ЛГБТ коомчулугунун көйгөйүн баяндайт. Бул эмгек – жыныстык азчылык жөнүндө жазылган кыргыз адабиятындагы алгачкы көркөм чыгарма. Китеп кыргыз жана орус тилдеринде 3710 нускада басылып, 15-сентябрда окурмандарга тартууланды. Өзбек жана казак тилдериндеги котормосу электрондук түрдө жарыяланат. Олжобай Шакир жана анын уулу Алик (чыгарманын негизги каарманы)... Читать дальше...

Туйгунаалы Абдраимов ИИМге жеткирилди

Azattyk.org 

Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов Ички иштер министрлигине жеткирилди. Бул тууралуу ИИМдин жанында турган "Азаттыктын" кабарчысы жеринен кабарлады. Ал эми Kaktus media басылмасы Абдраимовду милицияга алып кетип жаткан видеону жарыялады. Анда ал бийликти басып алуу беренесине шек саналып жатканы айтылат. Абдраимов микрофон сунган журналисттерге "беренеде айтылгандар чындыкка дал келбейт" деп жооп берди. Туйгуналы Абдраимовдун жактоочусу же жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. Читать дальше...

Депутаттар Акаев менен Сулайманов ИИМге сурак бергени кирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев жана Алтынбек Сулайманов Ички иштер министрлигине суракка кирип кетти. Анын алдында депутат Жанар Акаев анын аты аталып жаткан аудиодо айтылгандарды каралоо деп атады. Ал эми Сулайманов президенттин атына жазылган айрым маданият ишмерлеринин кайрылуусу боюнча чакырылганын билдирди. Буга чейин Акаев өзүнүн аты аталып жаткан аудио жөнүндө кайрылуу жасап, анда айтылгандарды карандай калп деп атаган. Ал “Фейсбуктагы” баракчасындагы видео кайрылуусунда бийликти... Читать дальше...

БУУ: Ооганстанга чукул арада 36 миллион доллар керек

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (FAO) согуштан жана кургакчылыктан жапа чеккен Ооганстандын алыскы аймактарына колдоо көрсөтүү үчүн чукул арада 36 миллион доллар керек экенин билдирди. Бул каражат Ооганстандагы аялуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү, мал-жандыкка жем-чөп жана кышка буудай камдоо үчүн керектелет. Уюмдун өзгөчө кырдаалдар боюнча кеңсесинин директору Рейн Полсен 14-сентябрда Кабулдан видео байланыш аркылуу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кургакчылык... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Медведев остался лучшим среди россиян в обновлённом рейтинге ATP, Рублёв — восьмой






Церемония вручения паспортов школьникам прошла в Зарайске

Историк Вятчин рассказал, куда можно поехать в Москве и Подмосковье в майские

Сублимированная клубника, микрозелень и кедровые орешки: стартапы от молодых предпринимателей Красноярского края

Владимир Ефимов: 147 учреждений образования построили в ТиНАО за 12 лет