Тажикстанда Ооганстандагы урушка катышты делген келин 12 жылга кесилди
Тажикстанда "Ооганстандагы согуштук аракеттерге катышты" деп айыпталган тажик жараны Олима Камолова 12 жылга түрмөгө кесилди. Мындай өкүмдү 30-сентябрда баш калаа Дүйшөмбүнүн жанындагы Вахдат шаарынын соту чыгарды. Сот Камолованы 2015-жылы Ооганстандын убагында "Ислам мамлекети" террордук тобунун жергиликтүү бутагы көзөмөлдөп турган аймагындагы урушка катышкан деп тапты. Прокуратура 31 жаштагы келинди 15 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн. Олима Камолова төрт баланын энеси. Ал Ооганстанда... Читать дальше...