Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 19.09.2021

Орусия: Мыйзам бузуулар менен коштолгон шайлоо

Azattyk.org 

Орусияда үч күнгө созулган парламенттик шайлоо жыйынтыкталды. Жапырт мыйзам бузуулар менен коштолгон бул шайлоодо да бийликчил «Бирдиктүү Орусия» партиясы алдыга чыгары күтүлүп жатат. Өлкө боюнча добуш берүүгө катышкандардын саны кечки алтыга чейин 45% түздү.

Пакистанда шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөндөр чабуулга кабылды

Azattyk.org 

Пакистандын түндүк-батышында шал илдетине каршы эмдөө өнөктүгүн жүргүзгөндөрдү коштоп жүргөн полиция кызматкерин белгисиз бирөөлөр атып кетти. Окуя Хайбер-Пахтунхва провинциясынын баш калаасы Пешаварга жакын жерде болгон. Медициналык кызматкерлерден эч ким жабыркаган эмес. Жергиликтүү полиция окуя боюнча иликтөө башталганын кабарлады. Чабуул үчүн дароо жоопкерчиликти эч ким өз мойнуна алган жок. Адатта шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөндөргө «Ал-Каида» экстремисттик тобуна байланыштуу согушкерлер кол салып келишет. Читать дальше...

Францияда «СOVID паспортуна» каршы акция өттү

Azattyk.org 

Францияда «COVID паспортуна» каршы демонстрациялар өттү. Ушуну менен француздар 10-жекшемби катары менен каршылык акциясына чыгышты. Бул документке ылайык, жарандар кафе-ресторандарга, маданий жайларга кирүү жана узак аралыкка жол жүрүү үчүн коронавирустан эмделгени тууралуу кагазды, тесттин жыйынтыгын же болбосо жакында эле ооруп айыкканын далилдеши зарыл. Француз калкынын 65% толук эмделди. Ал арада Италияда соңку аптада коронавируска каршы эмделгендердин саны 35% көбөйдү. Буга өкмөттүн токтому түрткү болду. Читать дальше...

Ооганстанда талибдердин автоунаасы жардырылды

Azattyk.org 

Жергиликтүү маалымат каражаттары Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарында талибдердин автоунаасы жардырылганы тууралуу жазды. Алгачкы маалыматтарга караганда, 19-сентябрь күнү болгон окуяда беш киши набыт болду, арасында ымыркай да бар. Окуянын күбөлөрү "Талибан" кыймылынын бир нече жоочусу ооруканага жеткирилгенин айтты. Аталган кыймыл жардыруу тууралуу эч кандай маалымат бере элек. 18-сентябрда ушул эле Нангархар провинциясынын борбор калаасында болгон үч жардыруу кеминде үч адамдын өмүрүн алган. Читать дальше...

Аары багуунун мээнети күч

Azattyk.org 

Аксы районундагы Аркыт токой чарбасынын балчылары Кара-Суу айыл аймагына караштуу Миң-Бугу, Түрдүк, Кум-Бел жайлоорунан бал жыйнашат. Өткөн жылы бал жакшы топтолгон эмес. Быйыл болсо алда канча кирешелүү болуп жатыптыр. Балчылардын турмушун кабарчыбыз Талгат Абжалил уулу көрүп келген.

Сүрөтчү Татьяна Зеленская эл аралык сыйлыкка ээ болду

Azattyk.org 

Кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленская Британиядагы Index on Censorship уюмунун ой-пикирди эркин билдирүү боюнча эл аралык сыйлыгына татыктуу болду. Ал өзү "Фейсбуктагы" баракчасында билдиргендей, бул сыйлык жыл сайын журналистика, искусство тармагында өзүн көрсөткөн адамдарга берилет. Быйыл искусство боюнча сыйлык Татьяна Зеленскаяга ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземи Лондондо өттү. Пандемияга байланыштуу Татьяна Зеленская сыйлоо аземине онлайн катышты. Татьяна Зеленская 2020-жылы "Интерньюс" уюмунун "Умтулуу" сыйлыгына да ээ болгон. Читать дальше...

Экс-депутат жана мэр шектелген кылмыш

Azattyk.org 

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков жана экс-депутат Руслан Чойбеков былтыркы парламенттик шайлоодо ири суммадагы акча алган деген шек менен кармалды.  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков Жазык кодексинин 204-беренеси ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен шектүү катары кармалып, атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлады. “18-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жана алынган далилдердин натыйжасында... Читать дальше...

Евразия жазуучулар бирлиги Арслан Койчиевдин түркчө китебинин бет ачарын өткөрдү

Azattyk.org 

Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Евразия жазуучулар бирлиги кыргызстандык жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин жаңы чыгармасынын бет ачарын өткөрдү. Кыргызстандык жазуучунун "Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси" аттуу чыгармасы оболу түрк тилинде жарык көрдү. Кыргыз тилинде китеп болуп жарыялана элек. Уюмдун төрагасы Якуб Омероглу кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын түрк тилине которуу аракеттери жанданганын кубаттап, Арслан Койчиевге Евразия жазуучулар бирлигинин мүчөлүгүн тапшырды. Читать дальше...



Орусияда шайлоонун акыркы күнү мыйзам бузуулар көп катталууда

Azattyk.org 

Орусияда парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн үчүнчү күнү мыйзам бузуулар катталууда. Оппозициялык талапкерлер четтетилип, көз карандысыз медиа кысымга кабылган шайлоодо Кремл колдогон “Бириккен Орусия” партиясы жеңип чыгары күтүлүп жатат. Бул жолу шайлоо алдындагы сурамжылоолорга караганда, президент Владимир Путин колдогон партиянын популярдуулугу 30% түшкөндүктөн парламенттеги көпчүлүк мандатка ээ болбой калышы да мүмкүн. 450 орундуу Мамлекеттик думанын азыркы чакырылышында “Бирдиктүү Орусия” көпчүлүк мандатты алып... Читать дальше...

"Азаттыктын" мурдагы кабарчысы тарткан тасма эл аралык кинофестивалда сыйлык алды

Azattyk.org 

"Азаттыктын" мурдагы кабарчысы Айкөл Нурланбек уулунун “Мээрман” даректүү тасмасы “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалында "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” сыйлыгына ээ болду. Эл аралык сынакта "Эң мыкты фильм" наамын Тажикстандан келген режиссер Манзарали Шерали тарткан "Жүк" тасмаcы утту. "Мыкты режиссура" наамына эстониялык режиссер Керли Кирх Шнейдердин "Вираго", "Калыстар тобунун атайын сыйлыгына" Беларустан келген режиссер Андрей Светловдун "Дос" деп аталган тасмасы ээ болду. Читать дальше...

Сооронкулова: Соттордун жоопкерчилиги конституциялык мыйзам менен каралышы керек

Azattyk.org 

Конституциялык палатанын мурдагы мүчөсү, "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова соттордун жоопкерчилигин кароочу убактылуу жобонун мыйзамсыздыгын айтып чыкты. Сооронкулованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, Кыргызстандагы соттор кеңеши судьялардын жоопкерчилигин кароо үчүн убактылуу жобо иштеп чыккан. "Жаңы кабыл алынган Баш мыйзамда соттордун жоопкерчилиги Конституциялык мыйзам менен жөнгө салынат деп так жазылып турат. Бирок бизде азыр соттордун макамы тууралуу мыйзам жок, жазыла элек. Читать дальше...

Amnesty International Кабулда жай тургундардын өлүмүн толук иликтөөгө чакырды

Azattyk.org 

Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) АКШ куралдуу күчтөрүнүн учкучсуз учактарынын Кабулдагы чабуулунан жай тургундардын өлүмүн толук иликтөөгө чакырууда. Уюмдун 18-сентябрда тараткан билдирүүсүндө, бул чабуул катачылыктан улам болгонун америкалык аскерлер мойнуна алышы кубатталып, "биринчи жакшы кадам" деп бааланган. Уюмдун өкүлү Брайан Кастнер "эми Кошмо Штаттары бул окуяны толук, ачык жана бейтарап иликтөөгө тийиш экенин" белгиледи. Ал чабуулдан аман калгандарга келтирилген зыян толугу менен төлөнүп берилүүгө тийиштигин айтты. Читать дальше...

Президент Жапаров элди вакцина алууга чакырды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды коронавируска каршы вакцина алууга чакырды. Мамлекет башчынын кайрылуусу анын Instagram социалдык тармагындагы баракчасына чыкты. "Бүгүн коронавирус жуктурган 69 адам катталды. Алардын баары вакцина албагандар. Ошондуктан, бардык жарандарды коронавируска каршы эмделүүгө чакырам",-деп жазды Жапаров. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды коронавируска каршы эмделүүгө буга чейин да чакырып келген. Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда... Читать дальше...

Ооганстандык журналисттер дүйнөлүк коомчулукка кайрылышты

Azattyk.org 

Ооганстандагы жүздөн ашуун журналист куугунтукту жана кабарчылардын өлүмүн токтотууга көмөктөшүүсүн сурап, эл аралык коомчулукка кайрылды. Алардын кайрылуусун "Чек арасыз кабарчылар" уюму 18-сентябрда жарыялады. Кайрылууга анонимдүү түрдө 103 ооган журналист, анын ичинде 20 аял кол койгон. Булардын басымдуу бөлүгү учурда Ооганстанда иштешет, айрымдары башпаанек сурап кетсе, 10 журналист сүргүндө. Кайрылуу ээлери "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылынын мурунку режиминин (1996-2001... Читать дальше...

Космоско учкан туристтер аман-эсен кайтып келишти

Azattyk.org 

Жер орбитасынан биринчи жолу туристтерди алып чыккан Crew Dragon кемеси үч күндүк сапарын жыйынтыктады. Туристтик экипаж жайгашкан капсула 18-сентябрда Атлантика океанына келип түштү. Inspiration4 деп аталган экипаж НАСАнын Кеннеди борборунан 15-сентябрда космоско учкан. Сапар толугу менен автоматташтырылган. Буга чейин июль айында миллиардерлер Ричард Брэнсон менен Жефф Безос өздөрүнүн компаниялары жасаган кемелерде космоско көтөрүлүшкөн. Inspiration4 экипажын болсо миллиардер Жаред Айзекман... Читать дальше...

Элетте кийиз цехин ачкан Бегимжан

Azattyk.org 

30 жаштагы Бегимжан Молдобаева өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылына жүндү кайра иштетүүчү чакан ишкана ачты. Учурда ал ишкердикти ата-энеси менен чогуу жүргүзүп, тогуз кишини иш орун менен камсыз кылды.

Новости России
Москва

“Вилла Ливадия” - последние 6 апартаментов в уникальном комплексе у моря


Орусияда эки күндө 31,5% шайлоочу добуш берди

Azattyk.org 

Мамлекеттик Думанын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышкандар 31,5% болду. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Бул маалыматтар электрондук добуш берүүлөрдү камтыбайт. Орусиянын аймактарында добуш берүүнүн активдүүлүгү жагынан Чеченстан алдыга чыкты. Эки күндө республикадагы шайлоочулардын 73,5% добуш берди. Ал эми Хакасияда 17% шайлоочу катышты. Москвада 30%, Сантк-Петербургда 16% айланасында шайлоочу добуш берди. Үч күндүк шайлоо 17-сентябрда башталган. Читать дальше...

COVID-19: акыркы суткада 69 жаңы учур катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 19-сентябрга карата маалымдашынча, ооруну 69 адам жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Өткөн жылдын март айынан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 177 722 адамга жетти. Жалпы 172 189 киши сакайды. Акыркы суткада оору жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте: Бишкек - 41 Талас облусу - 3 Нарын облусу - 4 Ысык-Көл облусу – 11 Жалал-Абад облусу – 4 Баткен, Ош, Чүй облустарында жана Ош шаарында вирус жуктурган адамдар катталган жок. Читать дальше...

Кыз баланын билим алуусуна исламдын мамилеси

Azattyk.org 

Элмурат Кочкор уулунун кезектеги блогуна назар салыңыздар. Китептеги ислам менен калк арасында жашаган мусулманчылык түшүнүктүн ортосундагы айырманын аябагандай чоң экендиги маалым. Мунун эң чоң себептеринин бири - мусулман ой-чабытынын кризиске кептелгенинде. Кризистин негизги себеби катары исламдын баалуулуктарын ар бир доордун руху менен айкалыштыра түшүнүп кете албагандыгыбызда экенин айткан илимпоздор аз эмес. Мен да ушул тыянакты туура деп эсептейм. Мисалы, физикалык дүйнөбүз XXI кылымда... Читать дальше...

Бишкекте онкологиялык илдет менен ооруган балдар үчүн өзүнчө бөлүм ачылды

Azattyk.org 

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордо балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү ачылды. Беш кабаттуу имаратка жайгашкан бөлүмдүн ачылышына мамлекет башчы Садыр Жапаров катышты. Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүн баштан-аяк куруп, бардык зарыл медициналык жабдууларды, эмерек жана башка жабдыктарды "Ас-Сафа" коомдук бирикмеси каржылаган. Президенттик аппараттын маалыматына караганда, Кыргызстанда Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү алгачкы... Читать дальше...

Британия Кыргызстанды коронавируска коопсуз өлкөлөрдүн катарына киргизди

Azattyk.org 

Улуу Британия бийлиги жарандарына Кыргызстанга барууга уруксат берди. Мындай чечимди 17-сентябрда британ Тышкы иштер министрлиги кабыл алып, Кыргызстанды коронавирус пандемиясынан улам барууга кооптуу өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарганы расмий сайтына жарыяланды. Кыргызстан Британиянын эпидемиологиялык кооптуу өлкөлөр тизмесинен чыккан Борбор Азиядагы биринчи өлкө болуп калды. Британ бийлиги кыргызстандыктар үчүн да айрым чектөөлөрдү алып салды. Мындан ары коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын... Читать дальше...

Германияда салттуу "Октоберфест" фестивалы өтүп жатат

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясынан улам Мюнхенде быйыл экинчи жылы катары менен күзгү салттуу фестивалды өткөрүүгө тыюу салынды. Бирок ошого карабастан 18-сентябрь күнү Терезиенвизе аянтына кишилер чогулуп, фестивалды баштады. Улуттук кийим кийген адамдар пиво жана башка ичимдиктерин, тамак-аш алып келип, ырдап-бийлешти. 3-октябрга чейин созулуучу майрам быйыл Мюнхенде бир аз башкачараак өтөрү күтүлүүдө. Жыл сайын ресторан-пабдар "Октоберфест" учурунда тигилүүчү чатырлар сыяктуу жасалгаланып, фестивалдын музыкаларын жаңыртууну көздөп жатышат. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Свёнтек разгромила Кырстю и вышла в 1/8 финала турнира WTA-1000 в Мадриде






"Автодор" призвал заправляться заранее после сообщений об очередях на М-12

Предстоятель Русской Церкви совершил Литургию в Храме Христа Спасителя и возглавил хиротонию архимандрита Серафима (Пасанаева) во епископа Минусинского и Курагинского

Участники автопробега к Дню Победы развернули у Ржевского мемориала Советскому солдату масштабную Георгиевскую ленту

Водитель-мигрант ударил подростка по лицу в Подмосковье. Пассажиры спасли от дальнейшей расправы