Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

"Коопсуз шаар" камералары Ош жана Токмок шаарларына орнотулууда

0

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 1-сентябрдагы маалыматы боюнча, Бишкек шаарында 16 кесилишке Ош шаарында 11, Токмок шаарында 6, ал эми Кант шаарында бир кесилишке камера түркүктөрү орнотулду.

Маалыматка ылайык, "Г" формасындагы ар бир түркүккө үчтөн камера бекитилген. Алардын бири жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Жол сызыктарынын, жөө адамдар өтүүчү жана веложолдорду тебелеген, каршы тилкеге чыгып туура эмес жерден кайрылган, ылдамдыкты көбөйтүп, жол чырактын талабына көңүл бурбагандарды каттайт. 

Экинчиси, унаалардын агымына байкоо салат. Ылдамдыкты өлчөп, машинелердин мамлекеттик номурларын сүрөткө тартып, эреже бузгандарын "Коопсуз шаар" долбоорунун базасына киргизет.

Үчүнчүсү, жалпы көрүнүштү тартып берет. Токтотууга тыюу салынган жерге коюлган машинелерди аныктап, "Коопсуз шаар" долбоорунун базасына жиберет. Көзөмөл камералары күнү-түнү иштейт.

Кыргызстанда 2019-жылдан тарта "Коопсуз шаар" долбоору иштеп баштады. Долбоордун биринчи этабын ишке ашырган орусиялык “Вега” компаниясы 35 миллион долларга Бишкек менен Чүйдөгү жолдорго 110 көзөмөл камера-комплексин орноткон. Анын 90у стационардык, 20сы көчмө аппараттар. Кийинчерээк бул камералардын саны көбөйгөн эле.

"Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенден берки аралыкта жол эрежесин бузган айдоочуларга 2 миллион 373 миң 355 токтом толтурулду. Анын ичинен 1 миллион 566 миң 870 токтом боюнча айып пул төлөнгөн.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000






В Ленобласти пройдет первая российская конференция про внедрение ИИ в сфере строительства

Порядка 350 рабочих привлекли к строительству дороги в Одинцове

Спасатель объяснил, была ли у погибших пассажиров возможность эвакуироваться из затонувшего автобуса

«Ночные волки» провели мотопробег к 9 Мая в Воскресенске