Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Тажикстанга жүк алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

0
Тажикстанга жүк алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, 31-августта Баткен облусунда аткезчилик жол менен чек арадан жүк алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Шектүүлөр эки "Мерседес-Бенц Спринтер" унаасы менен 3,6 тоннадан ашуун жүзүмдү мыйзамсыз ташып бараткан. Бир унаада Тажикстандын мамлекеттик номери болгон.

Чек ара кызматы тараткан маалыматка караганда, 1-сентябрда чек арачылар Дахан аймагында курулуш материалдары жүктөлгөн Hyundai-Porter унаасы менен Кыргызстандын үч жараны кармалган. Алар качып кетүүгө аракет кылып, асманга атылган октон кийин токтошкон.

Текшергенде жүктүн баасы 660 миң сомдон ашуун деп бааланып, тийиштүү документтер жок болуп чыккан. Аткезчилик менен кармалган жүк жана мыйзамсыз товар ташууга шектүүлөр андан аркы териштирүү үчүн тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы апрель айынын соңундагы куралдуу кагылыштан кийин жергиликтүүлөр Тажикстанга аткезчилик жүк ташууга каршы күрөшүүнү күчөтүү талабын коюп, акцияларды өткөрүшкөн. Жергиликтүү жаштардан ыктыярдуу топтор түзүлүп, чек арага жакын аймактарды көзөмөлдөө уюштурушкан.

Эки өлкө ортосундагы аткезчилик президенттердин деңгээлинде да талкууланган. 28-июнда Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаров Дүйшөмбүгө расмий сапар менен барганда тажик президенти Эмомали Рахмон менен бул жаатта биргелешкен билдирүү кабыл алышкан. Эки мамлекет башчылары мыйзамсыз товар ташуу токтобой жатканына тынчсызданышкан.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш "Головной" тилкесинде башталган.

Андан 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан.

Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Хачанов победил Шевченко во втором круге турнира ATP в Риме






Роботам-курьерам расширили ареал // Насколько эффективным окажется этот способ доставки

В 7 корпусах подмосковного ЖК «Прибрежный Парк» начали монтаж инженерных систем

Правительство РФ сообщило о перевыполнении планов по достижению цифровой зрелости национальной экономики

В отношении ударившего девочку в Люберцах мужчины возбудили второе уголовное дело