Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Ооганстанда талибдер Амрулла Салехтин агасын өлтүрүштү

0
Ооганстанда талибдер Амрулла Салехтин агасын өлтүрүштү

"Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылынын жоочулары мурдагы вице-президент Амрулла Салехтин агасы - Рохулла Салехти өлтүрүштү. Бул маалыматты анын жээни Reuters агенттигине маалымдап, маркумдун сөөгүн көмүүгө мүмкүнчүлүк берилбегенин билдирди.

India Today басылмасынын маалыматына ылайык, Рохулла Салех Панжшердеги кагылышуу учурунда өлтүрүлгөн. Hindustan Times Рохулла Салех Панжшерден Кабулга чыгып кетүүгө аракет кылган учурда өлтүрүлгөнүн жазды.

"Талибан" Панжшер капчыгайындагы кагылышта жеңишке жетишкенин эки жолу жарыялады. Ахмад Масуддун колбашчылыгы алдында талибдерге каршы күрөшүп жаткан тарап муну жокко чыгарууда.

Талибдер 15-августта Ооганстандын борбору Кабулду басып алган. Президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кеткенден кийин анын ордуна бийликти колго алганын мурдагы вице-президент Амрулла Салех жарыялаган.

"Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы 1996-жылдан 2001-жылга чейин Ооганстандын басымдуу бөлүгүн бийлеп турган. Талибдерди жана башка террордук уюмдарды жок кылуу максатында 2001-жылы өлкөгө кирген АКШ жана өнөктөштөрү быйыл жаздан тарта аскерлерин өлкөдөн чыгара баштаган. "Талибан" кайрадан күч алып, Ооганстандын көпчүлүк бөлүгүндө көзөмөлүн орнотту.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Швентек и Соболенко устроили триллер за престижный трофей






Киров оказался в конце рейтинга по качеству жизни в 2024 году

Капоэйристы из Химок стали победителями всероссийских соревнований

Сын британского фронтовика приехал в Москву на репетицию парада Победы

Открытие ХХIII Московского Пасхального фестиваля: Воскресение и Музыкальное Созвучие