Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

УКМК: БШКнын мүчөсү алдамчылыкка шек саналып камакка алынды

0
УКМК: БШКнын мүчөсү алдамчылыкка шек саналып камакка алынды

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А. Э. алдамчылык менен кармалды. Бул тууралуу маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 11-сентябрда таратты.

Анда айтылгандай, коопсуздук комитетине А. Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, БШКнын мүчөсү "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганын билдирген. Акча 2020-жылы, июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынган.

Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандан кийин акчанын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылган.

УКМК Боршайкомдун мүчөсү А. Э. Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен шек саналып жатканын, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна бөгөт чарасын кароо үчүн жеткирилгенин маалымдады.

Райондук сот аны эки айга УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарган.

УКМК алдыдагы парламенттик шайлоого катышуучу саясий партияларды бул окуяга көңүл бурууга чакырып, шайлоо мыйзамдарын бузууга жана саясий коррупцияга жол берилбей турганын эскертүүдө.

2020-жылы 4-октябрдагы парламенттик шайлоого 16 саясий партия катышкан. "Кыргызстан" саясий партиясы 7% босогодон ийгиликтүү өткөн партиялардын катарында болгон. Шайлоонун акыйкатсыз өткөнүнө нааразылыктан улам, өлкөдө бийлик алмашкан. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Российский бизнесмен обвинил Алькараса в договорных матчах. Он направил письмо в ATP






Экс-футболист Мостовой о предложении от "Пари НН": будем думать и смотреть

«Динамо» на 95-й минуте вырвало победу у «Сочи» и вышло на первое место в турнирной таблице

Пушилин: девочке из Макеевки подарили щенка по поручению Путина

КАЛМЫКИЯ. В Москве презентовали первый калмыцкий парфюм