Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

"Ата Мекен" жана "Реформа" партиялары демократиялык коалиция түздү

0

"Ата Мекен" жана "Реформа" партиялары демократиялык коалиция түзүү тууралуу меморандумга кол койду.

Бир коалицияга биригүүнүн максаты - алдыдагы парламенттик шайлоого катышуу экени партиялардын 11-сентябрда тараткан билдирүүсүндө маалымдалган. 

"Кыргызстандагы эң алгачкы, өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшүндө жана саясий күрөштө бай тажрыйбага ээ "Ата Мекен" жана жаш саясий күч -"Реформа" саясий партияларынын союзу -жарандарга коопсуз жана татыктуу жашоо камсыздалган мамлекетти түзүү максатыбызга жетүүгө туура кадам деген ишеничтебиз. Биз Кыргызстандын азыркысына жана келечегине жоопкерчилик алуу үчүн күчүбүздү бириктирип жатабыз. Мамлекетибиз тездик менен авторитаризмге баратканына, жумушсуздук күчөп, өлкөдөн акчалай гана эмес, адам ресурсу да чыгып кетип жатканына кайдыгер боло албайбыз", - деп жазылган билдирүүдө.

Билдирүү ээлери "Кыргызстан дайыма эркиндиги, экономикалык жана саясий активдүү коомчулугу, өз алдынча, жигердүү жарандары менен айырмаланып келгенин, үй-бүлөлүк, көмүскө башкарууга каршы экенин" белгилешкен. 

"Ата Мекен" жана "Реформа" - Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы партиялар. 2020-жылы парламенттик шайлоого экөө тең катышкан.

"Ата Мекен" саясий партиясы 1992-жылы негизделген. Партияны башынан бери саясатчы, Жогорку Кеңештин бир нече жолку чакырылышынын депутаты Өмүрбек Текебаев жетектейт.

"Реформа" партиясын 2012-жылы Азамат Акелеев "Тоскоолдуксуз жашоо үчүн" деген ат менен негиздеген. 2015-жылы партия Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышкан. Ошол эле жылы аталышын "Реформа" деп өзгөртүп, "Республика - Ата Журт" менен чогуу парламенттик шайлоого ат салышкан. Партиянын башында учурда Клара Сооронкулова турат.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублев о победе на "Мастерсе" в Мадриде: у меня нет слов






Песков: Изъятие активов России станет «солидным гвоздем» в гроб западной экономики

РЕН ТВ: один человек пострадал в результате стрельбы в Калуге

Коллекционер из Германии обнаружил в куске янтаря из Мьянмы осу возрастом 100 млн лет

Лавров: исход выборов в США не повлияет на их желание нанести поражение России