Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Келдибеков: Маданият кызматкерлеринин кайрылуусу деген кат боюнча суракта болдум

0
Келдибеков: Маданият кызматкерлеринин кайрылуусу деген кат боюнча суракта болдум

Маданият кызматкерлеринин президентке кайрылуусу деген катта жазылгандар боюнча Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековду да суракка алды. Бул тууралуу 15-сентябрда Келдибеков сурактан чыккандан кийин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты:

“Биз сурак берип жатканда Сонунбүбү Кадырованын видеокайрылуусу чыкты. Ал андай жазбаганын, биринчи бет алмаштырылганын, фамилиялар жоктугун, көпчүлүк текст өзгөргөнүн айтты. Бул боюнча сөзсүз изилдөө жүргүзүү керек. Суракта маданият кызматкерлеринин кайрылуусу дегендеги түшкө кирбеген, ойго келбеген нерселер боюнча суроолор берилди. Ким фальсификация кылса, ошону ким жасаган болсо жоопко тартылышы керек”.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген кагазда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышты.

15-сентябрда ИИМге суракка ЖК депутаты Жанарбек Акаев да чакырылды. Азырынча ал сурактан чыга элек.

ЖК депутаттары Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов да ИИМде суракта болушту.

Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов ИИМге жеткирилди.

Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылар боюнча расмий маалымат бере элек.

Жазуучулар союзунун мүчөсү Сонунбүбү Кадырова “Азаттыктын” эфиринде сүйлөп жатып бийликке нааразылыгын билдиргендерди, митинг уюштурууга чакыргандарды токтотуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кат жөнөткөнү анык экенин, бирок анда 100 миң киши тууралуу жазбаганын, эки барактан турган катынын биринчи барагындагы текст бурмаланганын, катка өзүнөн башка эч ким кол койбогонун билдирди. (TSh/RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

После победы в Мадриде Рублев поднялся с 8-го на 6-е место в рейтинге ATP






Лучшая в России. Новую судоверфь для электросудов строят в Москве

Ушаков: на параде Победы в Москве будут присутствовать лидеры других государств

White Queen в честь своего дня рождения организовала вечер в морском стиле

Телеведущая Виктория Боня решила покинуть Россию и улететь в Монако