Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Алтынбек Сулайманов: Шайлоо алдында чогулган командаларды алсыратуу аракети болуп жаткандай

0
Алтынбек Сулайманов: Шайлоо алдында чогулган командаларды алсыратуу аракети болуп жаткандай

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бир топ саясатчылардын Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылып жатканын алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштырууда. Мындай пикирин ал 15-сентябрда ИИМден сурактан чыккандан кийин “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Сулайманов суракка маданият ишмерлеринин президентке кайрылуусу деген катка байланыштуу чакырылганын билдирди:

“Менин жеке пикиримде, шайлоо алдында чоң командаларды алсыратуу түшүнүгү болуп жатат окшойт. Бизге келе тургандар качышы керекпи же башкабы... Мени чакырууга эч себеп жок эле. Эмнеге чакырышканын өзүмө да түшүнүксүз болууда”.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген кагазда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышты.

15-сентябрда ИИМге суракка ЖК депутаты Жанарбек Акаев да чакырылды. Азырынча ал сурактан чыга элек.

ЖК депутаты Бакытбек Жетигенов да ИИМде суракта болду.

Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов ИИМге жеткирилди.

Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылар боюнча расмий маалымат бере элек.

14-сентябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” деген 309-беренесинин негизинде шектүү катары кармалган. Адвокаты ал фейк маалыматтын негизинде кармалганын билдирген. 15-сентябрда Курсан Асановдун шайлоо штабында иштеген Алмаз Сарыбаев кармалды. (TSh/EBM/RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Андрей Рублев поднялся на шестое место в рейтинге ATP






Оркестр «Серебряные трубы» выступил в Чехове в преддверии 9 Мая

Деньги не вернут: авиабилеты из Сочи в Москву, Санкт-Петербург и Пермь оказались фальшивыми

В Подмосковье рассказали, что нужно знать о залоге недвижимости

Врио главы Раменского округа стал Эдуард Малышев