Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Жанарбек Акаев ИИМде үч саат суракта болду

0
Жанарбек Акаев ИИМде үч саат суракта болду

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 15-сентябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматында үч саат суракта болду. Сурактан чыккандан кийин ал “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган иштин алкагында жана маданият кызматкерлеринин президент Садыр Жапаровго жолдогон кайрылуусу деген катта жазылгандарга байланыштуу чакырылганын билдирди:

“Мен эч бир саясатчы же коомдук ишмер менен бийликти күч менен басып алуу аркетин көргөн эмесмин. Бир да, кымындай да далил жок экенин айттым. Маданият ишмерлеринин кайрылуусу деген боюнча “ар кандай интервью берип, элди митингге үндөгөн” деген да жалган”.

Акаев ИИМ имаратынан чыкканда анын ошол жерде чогулуп турган тарапкерлери "Жанар! Жанар!" деп кыйкырып жатышты.

Аны колдоп ЖК депутаттары Абдывахап Нурбаев, Дастанбек Бекешов, Мирлан Жээнчороев, Алтынбек Сулайманов да ИИМ алдында турушту.

14-сентябрда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов Жазык кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” деген 309-беренесинин негизинде шектүү катары кармалган. Адвокаты ал фейк маалыматтын негизинде кармалганын билдирген. 15-сентябрда Курсан Асановдун шайлоо штабында иштеген Алмаз Сарыбаев кармалды.

ИИМ Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деген шек менен кармалганын билдирген.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү" деген атайын материал көрсөткөн. Ага үндөш маданият ишмерлери кол койду деген кагазда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз" деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышты.

ЖК депутаттары Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков да ИИМде суракта болушту.

Чүй облусунун мурдагы башчысы, БШКнын экс-төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов ИИМге жеткирилди.

Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылардын суракка чакырылышы боюнча расмий маалымат бере элек. Комментарий сурап бир нече жолу кайрылганыбызда мекеме азырынча маалымат жок экенин, болор замат дароо жөнөтүлөрүн билдирди. 

Жазуучулар союзунун мүчөсү Сонунбүбү Кадырова “Азаттыктын” эфиринде сүйлөп жатып бийликке нааразылыгын билдиргендерди, митинг уюштурууга чакыргандарды токтотуу өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кат жөнөткөнү анык экенин, бирок анда 100 миң киши тууралуу жазбаганын, эки барактан турган катынын биринчи барагындагы текст бурмаланганын, катка өзүнөн башка эч ким кол койбогонун билдирди. (TSh/RK)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

WTA огорчила Елену Рыбакину после турнира в Мадриде






Звезда «Кухни» Ольга Кузьмина крестила дочь, которой дала двойное имя

Пашинян и Алиев не приедут на «инаугурацию» Путина

Инаугурация Путина: Приглашены все друзья и недруги - Ушаков

Экс-председатель совета директоров "Норникеля" Филипьев найден мертвым в Москве