Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Орусияда шайлоонун акыркы күнү мыйзам бузуулар көп катталууда

0
Орусияда шайлоонун акыркы күнү мыйзам бузуулар көп катталууда

Орусияда парламенттик шайлоодо добуш берүүнүн үчүнчү күнү мыйзам бузуулар катталууда. Оппозициялык талапкерлер четтетилип, көз карандысыз медиа кысымга кабылган шайлоодо Кремл колдогон “Бириккен Орусия” партиясы жеңип чыгары күтүлүп жатат.

Бул жолу шайлоо алдындагы сурамжылоолорга караганда, президент Владимир Путин колдогон партиянын популярдуулугу 30% түшкөндүктөн парламенттеги көпчүлүк мандатка ээ болбой калышы да мүмкүн.

450 орундуу Мамлекеттик думанын азыркы чакырылышында “Бирдиктүү Орусия” көпчүлүк мандатты алып, башкаруучу партияга кеңири укук берилген. Былтыр Конституцияга өзгөртүү киргизип, 2024-жылдан кийин Путиндин президенттик мөөнөтүн дагы эки мөөнөткө узарткан.

Улгайып калган орусиялыктардын колдоосуна таянган Коммунисттик партия бул жолу Навальныйдын тарапташтарынын добушун алышы да мүмкүн.

Ушул тапта абакта отурган оппозициялык лидер Алексей Навальныйдын командасы иштеп чыккан “Акылдуу добуш берүү” механизми “Бирдиктүү Орусиянын” талапкери кайсы жерде жеңип чыга турганын аныктап, оппозициянын добушун сактап калууга багытталган.

Кремл Навальныйдын уюмун “экстремисттик” деп таап, саясатчынын үзөңгүлөштөрүн шайлоого катыштырбай койду.

17-сентябрда шайлоо башталганда "Акылдуу добуш берүү" тиркемеси Apple жана Google интернет-дүкөндөрүнөн өчүп калган. Навальныйдын колдоочулары муну "цензура жана Кремлдин басымына баш ийип берүү" деп баалашкан.

Навальныйдын тарапташтары активдүү пайдаланган Телеграм каналы дагы “Акылдуу добуш берүүнүн” ботторун өчүрүп салды. Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров муну добуш берүү жүрүп жатканда шайлоо өнөктүгүн жүргүзүүгө болбойт деген мыйзамга байланыштырды.

17-18-сентябрдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча добуш берген жарандардын саны 31,5% түздү. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Бул маалыматтар электрондук добуш берүүлөрдү камтыбайт.

Орусияда Мамлекеттик Думанын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-сентябрда башталган.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Андрей Рублёв

Рублёв в трёх сетах обыграл Маркоса Гирона и вышел в третий круг «Мастерса» в Риме






Changerella: мониторинг обменников в Telegram для выгодных сделок

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.

Заполняемость индустриальных парков Подмосковья достигла 87%

«Пока не приходится»: Позднякова предупредила о неблагоприятной погоде в Москве