Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

"Азаттыктын" мурдагы кабарчысы тарткан тасма эл аралык кинофестивалда сыйлык алды

0

"Азаттыктын" мурдагы кабарчысы Айкөл Нурланбек уулунун “Мээрман” даректүү тасмасы “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалында "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” сыйлыгына ээ болду.

Эл аралык сынакта "Эң мыкты фильм" наамын Тажикстандан келген режиссер Манзарали Шерали тарткан "Жүк" тасмаcы утту. "Мыкты режиссура" наамына эстониялык режиссер Керли Кирх Шнейдердин "Вираго", "Калыстар тобунун атайын сыйлыгына" Беларустан келген режиссер Андрей Светловдун "Дос" деп аталган тасмасы ээ болду.

Улуттук сынакта "Мыкты фильм" деп режиссер Байзак Маматалиевдин "Кайыкта" деген тасмасы табылды.

“Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” эл аралык кинофестивалы быйыл Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгына арналып өттү.

КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрү катышкан иш-чарада 500дөн ашуун тасма көрсөтүлүп, эл аралык сынакка 14ү, улуттук сынакка 12си тандалып алынган.

Кинофестивал быйыл онунчу ирет уюштурулуп жатат. Иш-чараны КМШнын гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекет аралык фонду Кыргызстандын “Айтыш” коомдук фонду менен бирге уюштурду. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Павлюченкова не смогла выйти в третий круг турнира WTA 1000 в Риме






Woman.ru: певице Гагариной стало плохо на премии «Жара Music Awards» в Москве

Шадаев: Минцифры начало обсуждать отмену роуминга с Белоруссией

Вирусолог Малинникова объяснила, как избежать заражения крысиным гепатитом

В Подмосковье обсудили повышение профсоюзного членства для работников здравоохранения