Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Пакистанда шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөндөр чабуулга кабылды

0
Пакистанда шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөндөр чабуулга кабылды

Пакистандын түндүк-батышында шал илдетине каршы эмдөө өнөктүгүн жүргүзгөндөрдү коштоп жүргөн полиция кызматкерин белгисиз бирөөлөр атып кетти.

Окуя Хайбер-Пахтунхва провинциясынын баш калаасы Пешаварга жакын жерде болгон. Медициналык кызматкерлерден эч ким жабыркаган эмес. Жергиликтүү полиция окуя боюнча иликтөө башталганын кабарлады.

Чабуул үчүн дароо жоопкерчиликти эч ким өз мойнуна алган жок. Адатта шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөндөргө «Ал-Каида» экстремисттик тобуна байланыштуу согушкерлер кол салып келишет. Алар Батыштын бул программасы балдарды тукумсуз кылууга багытталган деп эсептешет.

Хайбер-Пахтунхва провинциясында беш жашка чейинки алты миллиондон ашуун баланы эмдөө зарыл. Бул полиомелит оорусун 2021-жылдын соңуна чейин толук жок кылууга багытталган жалпы улуттук программанын бир бөлүгү.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме






Программа наставничества для бизнеса начнется в Подмосковье 21 мая

В Богородском округе планируют провести реконструкцию Центра образования № 23

Государственные детские сады Петербурга с 1 сентября будут бесплатными

Суд арестовал фигуранта дела о взятке экс-начальнику кадрового главка МО