Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Кой-Таш окуясы боюнча сот 27-сентябрга жылды

0
Кой-Таш окуясы боюнча сот 27-сентябрга жылды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 20-сентябрда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму бир аптага жылдырылды. Буга айыпталуучулар жана адвокаттардын толук келбегени себеп болду. Кийинки отурум 27-сентябрга белгиленди.

Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов сотко алынып келинген жок. Адвокаттары мунун себеби белгисиз экенин айтышты.

Буга чейин Атамбаев ооруп калганы, бирок медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы аны отурумга катышууга уруксат бергенин адвокат  Сергей Слесаров билдирген.

Апрель айынан бери токтоп турган соттук жараян 13-сентябрда уланмак. Ал жараян ишти караган судья Азирет Медеров ооруп калгандыгына байланыштуу болбой калган.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президентти кармоо операциясын жүргүзгөн. Анын тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып, бир офицер курман болгон.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев ушул тапта Бишкектеги №47 колонияда отурат.  

Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин тарапташтарына жана Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкинага да айып коюлган.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Блинкова

Россиянки Аванесян и Блинкова вышли во второй тур турнира в Риме






Поезд раздавил 17-летнего подростка в Московской области

Опытный и самостоятельный: в ОЭЗ «Технополис Москва» составили портрет инженера

Жители деревни Русавкино-Романово в Балашихе провели субботник

Ночная авария в Ступино унесла жизнь 16-летней девушки