Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Мамлекеттик Думага беш партия өттү

0
Мамлекеттик Думага беш партия өттү

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шейшемби күнү эртең менен Мамлекеттик Думага шайлоонун бардык бюллетендерин санап чыкканын билдирди.

Алдын ала жыйынтыкка ылайык, “Бирдиктүү Орусия” партиясына добуштардын дээрлик 50 проценти (49,8) тийди. КПРФ – 19, ЛДПР– 7 жарым проценттен бир аз ашыгырак, “Адилет Орусия” – 7 жарым процентке жакын добуш алды. Думага 2003-жылдан бери алгачкы жолу дагы бир партия – “Жаңы адамдар” кирди.

Бир мандаттуу чөлкөмдөрдө "Бирдиктүү Орусиянын” талапкерлери басымдуу көпчүлүгүндө же 198синде жеңди.

Шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 52 проценти катышканы маалымдалды. Парламенттик шайлоонун соңку жыйынтыгы 24-сентябрда жарыяланмакчы.

Ошентип, Кремлдин колдоосуна ээ болгон «Бирдиктүү Орусия» партиясы Думада конституциялык көпчүлүктү сактап каларын азыртадан эле айта берсе болот. Аларга парламенттин төмөнкү палатасында 300дөн кем эмес мандат тиет.

Оппозиция үч күндүк өнөктүк маалында бир топ мыйзам бузуу катталып, байкоочуларды Думага шайлоодо биринчи жолу колдонулган электрондук добуш берүү өзгөчө күмөн санатканын айтууда. Анын Москвадагы жыйынтыгын жарыялоо улам жылдырылып, дүйшөмбү күнү түштөн кийин гана шардана кылышты.

Ал эми БШК көп киши алыстан добуш бергендиктен бюллетендерди саноого убакыт көбүрөөк кеткенин билдирди.

КПРФ Москвадагы электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тартты.

Шейшембиде ошондой эле баш калаада шайлоодогу бурмалоолорго каршы акция өттү.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг






В России намерены провести шашлычную амнистию

Самолет Москва – Гуанчжоу вынужденно сел в Иркутске

Землевладелица в Суздальском районе успела убрать свалку до решения суда

Неправильный Рязанов, плохая Пугачева. Худшие фильмы советского кино