Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Европанын соту Литвиненконун өлүмүнө Орусия жооптуу деп тапты

0
Европанын соту Литвиненконун өлүмүнө Орусия жооптуу деп тапты

Европанын Адам укуктары боюнча соту Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) мурдагы офицери Александр Литвиненконун өлүмү үчүн Орусия жооптуу деп тапты. Маркум 2006-жылы ноябрда Лондондо ууландырылган. Анын чайына "полониум 210" деген сейрек кездешүүчү радиоактивдүү зат кошулганы кийин аныкталган. Президент Владимир Путиндин сынчысы, 43 жаштагы Литвиненко бир нече күн ооруканада жатып көз жумган.

2016-жылы Британияда жүргүзүлгөн иликтөө Литвиненконун көзүн тазалоо операциясын балким президент өзү жактырган деген бүтүмгө келген. Кол салууну ишке ашырган шектүү катары ФСБнин мурдагы кызматкери, азыркы депутат Андрей Луговой жана Дмитрий Ковтундун аты аталган.

21-сентябрда Страсбургдагы сот чыгарган чечимде “кылмышты Луговой менен Ковтун жасашканы дээрлик анык”, алар “орус мамлекетинин агенттери катары аракеттенишкен” деп айтылат.

Сот орус бийлиги Британиянын версиясын төгүнгө чыгарган далилдерди берген жок жана кылмышты жакшылап тергеген эмес деп белгиледи.

Луговой менен Ковтун жана Орусия бийлиги кылмышка эч кандай тиешеси жоктугун айтып келишет.

Литвиненко 1999-жылы атайын кызматтын олигарх Борис Березовскийди жок кылууну пландап жатканын ачыкка чыгаргандан кийин Орусиядан качып кеткен.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Касаткина обыграла Марию и вышла в третий круг турнира WTA-1000 в Риме






Мусаев — о поражении от «Спартака»: извиняюсь перед всеми жителями Краснодара

Интрига в Кремле и майские морозы: резонансные новости недели

В Пензе начались соревнования по спортивному ориентированию

Собянин: Уникальный культурно-досуговый центр «Полярный» достроят в этом году