Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Орусиядагы шайлоодо талапкер болгон боордоштор

0
Орусиядагы шайлоодо талапкер 
болгон боордоштор

Орусиядагы үч күнгө созулган парламенттик шайлоодо орус жарандыгын алган кыргызстандыктар активдүү катышты.

Бул жолу Мамлекеттик Думага жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо теги кыргызстандыктар дагы талапкер катары чыкты. Орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны болжол менен 500 миңден көп.

Айнура Жээнбекованын Орусияда жашап, иштеп жүргөнүнө 20 жылдын жүзү болду. 2004-жылы орус жарандыгын алган. Ал буга чейинки шайлоолорго активдүү катышпаганы менен быйыл 17-19-сентябрь күндөрү өткөн шайлоодо электрондук добуш берген.

"Биз буга чейин шайлоолорго катышкан эмеспиз. Былтыр жергиликтүү кеңештин шайлоосуна катышып калдык. Бул жолу да шайлоодо онлайн добуш бердим. Мага Москвадагы шайлоо ушунусу менен жакты. Мен Москвада ушунча жыл жашап бир жолу "ушуну шайлап кой, ушул партияга добуш бер" деп акча, пакет сунуштаганды көргөн эмесмин. "Бирдиктүү Орусияга" добуш бердим. Анткени Путин (Орусиянын президенти Владмир Путин - ред.) келгенден бери эле ушул жакта жашап жатабыз да. Ошонун убагында стабилдүү сезилет. Ал эми мигранттардын добуш бергенин байкаган жокмун. Эл шайлоодон тажап, көңүлү калган. Жаштар такыр эле барбайт. Ошондуктан машина ойнотуп кызыктырып жатат. Былтыр бир жума мурда катталып анан добуш бергенбиз. Ошондо картабызга 1000 рублден салышкан. Бул жолу беш машина ойнотуп жатат. Көбүнчө эле шайлоого жашы өткөндөр барганын байкадым. Ошондуктан онлайн добуш берүүнү ойлоп табышты окшойт. Азыр көбү онлайн шайлашты", - деди Жээнбекова.

Орусияда миграцияда жүрүп, орус жарандыгын алган кыргызстандыктар жүз миңдеп саналат. Федералдык миграция кызматы 1992-2014-жылдары 516 миң кыргызстандык орус жарандыгын алганын билдирген. Андан кийинки жалпы сандар ачык айтыла элек. Өткөн жылы 9,5 миңге жакын кыргызстандык орус жарандыгын алганы айтылган.

Быйылкы шайлоодо теги кыргызстандыктар ар кайсы шаардан Мамлекеттик Думага талапкерлигин койгон. Алар "Бирдиктүү Орусия", "Адилеттүү Орусия", "Жаңы адамдар" жана "Коммунисттик партиянын" тизмеси менен шайлоого катышкан.

Москва шаарында жергиликтүү кеңешке талапкер болгон мекендештер да бар. Мурдагы элчи Райымкул Аттокуров бул жолу кыргызстандыктар талапкер катары да, шайлоочу катары да активдүү катышканын "Азаттыкка" белгиледи.

"Шайлоого жеке жарандык түрүндө катышуу менен бирге биздин жердештер депутаттык орунга да ат салышты. Быйыл мекендештердин көбү онлайн катышты, добушканага баргандар да көп болду. Биз тизмеден өзүбүздүн мекендештерди карап жаттык. Бул жолу Москва шаарында жергиликтүү кеңешке үч мекендеш кызыбыз катышты. Көп жылдан бери жашап, ар кайсы кызматта иштеген мекендештер шайлоо комиссияларында болду", - деди Аттокуров.

Мисалы Сузак районунун (Жалал-Абад облусу) Кара-Дарыя айылында туулуп, Орусияда чоңойгон 26 жаштагы Канат кызы Жумагүл шайлоого "Бирдиктүү Орусиянын" тизмеси менен барган.

Өзүнүн айтымында, ал праймеризде жетиштүү добуш алып талапкерлердин катарына кошулган. Ал сүрөмөлөп жаткан партия шайлоодо утуп чыкты. Бирок Жумагүл мандатка илинеби же жокпу азырынча белгисиз.

Дагы бир кыргызстандык, Кыргыз конгрессинин президенти Кубанычбек Кожоев ушул эле партиядан шайлоого катышып, алдын ала добуш берүүнүн жыйынтыгы менен талапкерлердин тизмесине илинбей калган.

Орусияда үч күнгө созулган шайлоого кыргызстандык байкоочулар дагы көз салды. Алардын бири, акыйкатчы Токон Мамытов кыргызстандыктар басымдуулук кылган Свердлов облусуна, Екатеринбург шаарына барган.

"Темир жол району деп коет экен, ошол жакта 149-мектептин ичинде эле үч участок бар экен. Ошол жерде биздин кыргызстандыктар шайлоого катышты. Башка улуттар да бар экен. Ал жерде коопсуздук, тартипти сактап турган милиция кызматкерлердин арасында өзгөндүк кыргыз жигит туруптур. Калган чакан шаарларда бирин-серин эле бар экен. Ал тургай жолугушуу учурунда эртең шайлоого барат элек деп шашып жатышты", - деди акыйкатчы.

Сургуттагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси, Кыргыз конгрессинин вице-президенти Кубанычбек Айдаров, бул жолу талапкерлер катарында кыргыз тектүүлөр да болгондуктан добуш берген мекендештер көбүрөөк болгонун белгилейт.

Анткен менен шайлоо тууралуу мигранттардын пикири бир кылка эмес. Арасында "биздин добуш жыйынтыкка таасир этпейт" дегендер да жок эмес. Атын атагысы келбеген кыргызстандык акыркы шайлоолорго мигранттардын көбү барбай калганын айтты.

"Шайлоого эки жолу эле баргам, анан биздин добуш эч нерсени деле чечпейт. Интернеттен көрсөң болот, пачкалап кагаздарды салып жатышат", - деди орус жарандыгын алган мекендешибиздин бири.

Мигранттардын кайдыгерлигин же добуш берүүгө кызыкпаган себебин Орусиядагы Кыргыз диспорасынын өкүлү Руслан Эшимов мындайча түшүндүрдү:

"Азыр орус жарандыгын алгандар 600 миңден ашып, 700 миңге жетип калды. Алардын каттоосу бар шайлоого катыша ала тургандары 5-10 пайызды түзөт. Башкасы бара албайт, анктени алар жарандыкты алган менен каттоого турган эмес. Каттоосу болсо дагы өздөрү Москвада жашаган менен Орусиянын башка шаарларында. Добуш бере алгандар деле эмне өзгөрүп кетмек эле деп барбайт. Көбү дем алыш күндөрү да иштегени үчүн барбайт".

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү дагы Орусиядагы шайлоого байкоо салды. Алардын бири Кайрат Маматов Москвада кыргызстандык мекендештерди көрө албаганын билдирди.

"Биз Москвада көп эле участокторду кыдырдык. Бирок ал жерден бир дагы мигрантты көргөн жокмун. Балким башка күндөрү шайлап кеткенби? Биз бир күнүнө эле катышып калдык".

Бул шайлоодогу жаңылык – шайлоо үч күнгө созулуп, биринчи жолу электрондук добуш берилди. Башка аймактардан катышкан орус жарандыгын алган түбү кыргызстандык талапкерлердин жыйынтыгы кандай болгонун азырынча билүүгө мүмкүн болгон жок. Орусиядагы мекендештер учурда толук жыйынтыкты күтүп жатышат.

Анткен менен бул шайлоо болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен коштолгонун жергиликтүү байкоочулар белгилешүүдө.

БШК маалыматына караганда, "Бирдиктүү Орусия", Коммунисттик партия, Либерал-демократиялык партия, "Адилеттүү Орусия" жана "Жаңы адамдар" партиясы Мамлекеттик Думага өткөн.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
ATP

Хачанов победил Шевченко во втором круге турнира ATP в Риме






Поддержка малого и среднего агропромышленного комплекса

Красноярский врач спас пассажирку самолета с приступом аллергии

Парад Победы на "Первом Тульском" посмотрел каждый третий телезритель в Тульской области

В петербургском сквере имени Кнорозова проведут работы по благоустройству