Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын 70 пайызынан "дельта" штаммы аныкталды

0
Кыргызстанда коронавирус жуккандардын 70 пайызынан

Кыргызстанда соңку үч айдагы изилдөөгө караганда, коронавирус жуктурган бейтаптардын 70 пайызында инфекциянын "дельта" варианты аныкталды.

Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жетектөөчү адиси Султан Суранбаев "Азаттыкка" билдирди. 

"Бизде июлга чейин британиялык штамм (85,6%) болуп жаткан. Акыркы жөнөткөн үч айдын жыйынтыгы боюнча ооругандардын 70% ашуунуна индиялык "дельта" штаммы жуккан. Ошону менен Кыргызстанда төрт штамм катталды. Эң көп катталганы "дельта" болуп жатат", - деди Суранбаев.

Суранбаевдин белгилешинче, Кыргызстан штаммдарды аныктоо үчүн Британиядагы жана Орусиянын Новосибирск шаарындагы лабораториялар менен келишим түзгөн.

Учурда айрым өлкөлөрдө вирустун "дельта" деп аталган варианты тарагандан кийин абал курчуган. "Дельта" деп аталган коронавирустун жаңы түрү Индияда былтыр күздө пайда болгон.

Соңку маалыматтарга караганда, "дельта" кадимки коронавирустан жугуштуулугу менен айырмаланат, белгилери дароо сезилет жана оор өтөт.

Кыргызстанда да адистер "үчүнчү толкундун" башталышына "дельта" себеп болгонун боолгошууда. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларына туура келиши ыктымал экенин билдирди.

Кыргызстанда коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 25-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду. 79 учур жаңы катталды. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Стефанос Циципас

Греческий теннисист Стефанос Циципас поблагодарил мать за советское воспитание






Школу и детские сады построят в Царицыне по городской программе

ФК «Краснодар» в рамках 28-го тура РПЛ сыграет со «Спартаком»

Современный городской квартал построят в столичном районе Южное Бутово

Синоптики предупредили москвичей о дождливой и ветреной погоде 11 мая