Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Марипов кадрларды алмаштыруу бажыдагы абалды өзгөртпөйт деп эсептейт

0
Марипов кадрларды алмаштыруу бажыдагы абалды өзгөртпөйт деп эсептейт

Бажы системасы толугу менен санарипке өтмөйүнчө коррупция жоюлбайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн жыйынында билдирди.

"Биз канчалык кадрдык өзгөртүүлөрдү жасабайлы, бажы системасын толугу менен автоматташтырбасак, иш оңолбойт", - деди Улукбек Марипов.

Анын айтымында, Бажы кызматы менен бизнес өз ара байланышпаган процессти түзүү зарыл. Бул үчүн жакында бажы декларациясын дистанциялык түрдө толтуруу системасы ишке кирет.

Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматы бирдиктүү санариптик платформасы менен иштөөгө өткөрүү үчүн “Смарт бажы” аттуу долбоор даярдалып жатканын кабарлаган. Ал 2021-2022-жылдары ишке ашат.

Үстүбүздөгү жылы 1-январдан тартып Кыргызстанга ЕАЭБ аймагынан алып кирилүүчү товарларды каттаган "Бирдиктүү пост" автоматтык системасы ишке кирген.

2020-жылы ноябрь айында ошол кезде премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков көзөмөл-өткөрүү пункттарын кыдырып, "Бирдиктүү пост" системасынын пилоттук долбоору иштебей турганын катуу сындаган. Натыйжада жооптуу кызматкерлердин айрымдары иштен алынган. 

2020-жылы Улуттук статистика комитети мамлекеттик органдарга элдин ишеним деңгээли боюнча иликтөө кылган. Анын жыйынтыгында Кыргызстанда Бажы кызматы «эң коррупциялашкан мекеме» деп табылган.

Быйыл Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жемкорлук боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Атайын кызмат бул иш боюнча тергөө жүргүзгөндө Райымбек Матраимов өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылы бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. Матраимов айыптуу экенин сотто мойнуна алган. Мамлекеттик чыгым катары 2 миллиард сом төлөп берип, жазадан кутулган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимовго карата кылмыштуу кирешени адалдоо боюнча кайрадан иш козгоп, 18-февралда камакка алган. 15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана өзүн боштондукка чыгарган.

Эл арасында“Райым миллион” деген каймана ат менен таанымал Райымбек Матраимов 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин коомчулукта аты атала баштаган. 49 жаштагы Матраимов Бажы казматында 1997-2017-жылдар аралыгында иштеген. "Азаттык" радиосу медиа өнөктөштөрү менен бирге Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык схемалар, ага аралашкан адамдар тууралуу бир нече иликтөөлөрдү жарыялаган. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Казахстан узнал еще одну печальную новость после сюрприза Рыбакиной






Суд заключил под стражу водителя влетевшего в Троицкий мост Петербурга Porsche

Россиянкам раскрыли четыре чудо-процедуры против морщин и старения кожи

«Ореховские» против «Коптевских». Бандиты 90-ых до сих пор сводят счеты

Танцоры из Асбеста выступят в Москве