Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Аскер кызматкерлеринин айлыгы 40% көтөрүлдү

0
Аскер кызматкерлеринин айлыгы 40% көтөрүлдү

2021-жылдын 1-октябрынан тарта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин айлык маянасы 40% жогорулатылды. Буга байланыштуу токтомго Министрлер комитетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Чечим социалдык кепилдиктерди камсыздоо, аскер кызматкерлерине кошумча стимул берүү максатында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Аскер кызматкерлеринин эмгек маянасы көтөрүлөрү тууралуу президент Садыр Жапаров август айында Ички иштер министрлигинин аскер кызматкерлеринин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада айткан.

Кыргызстанда ушул жылдын экинчи кварталында жашоо минимуму 6332 сом деп эсептелип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 15,6% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. 2020-жылы ал 4900 сомду түзгөн.

Статкомдун 2020-жылга карата эсеби боюнча, ар бир төртүнчү кыргызстандык жакырчылыкта жашайт. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анна Блинкова

Россиянки Аванесян и Блинкова вышли во второй тур турнира в Риме






«Как минимум»: синоптик Леус рассказал, когда на Земле завершатся магнитные бури

«Лучше ты умрешь!» Семья убитой в Турции москвички проклинает ее мужа

"Динамо" обыграло "Балтику", дважды забив в компенсированное время

В РПЛ сменился лидер турнирной таблицы