Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

"Озоди": Талибдер Тажикстан менен чектеш аймакка жоокерлерин жөнөттү

0

Ооганстандагы бийликти колго алган "Талибан" кыймылы "коопсуздукка байланыштуу жана башка коркунучтарды жок кылуу үчүн" Тажикстан менен чектеш Тахор провинциясына "миңдеген" жоокерлерин жөнөттү. Бул тууралуу талибдердин расмий өкүлдөрүнө шилтеме кылып "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун тажик кызматы ("Озоди" радиосу) 26-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, "Талибандын" басма сөз өкүлү Забиулла Мужахид 25-сентябрда аскердик унаалардын жана аскер кийимчен кишилердин сүрөтүн "Твиттерге" жарыялап, Мансури армиясынын атайын даярдыктагы ондогон аскери Тахорго жөнөтүлгөнүн жазган.

Бирок "Озоди" радиосу билдиргендей, тажик бийлиги мындай маалыматты "бир аз апыртылган" деп мүнөздөп, "чек аранын арткы жагындагы экстремисттик топтордун аракетин көзөмөлдөп жатканын" билдирүүдө. Маселен Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдук облусундагы чек ара кызматынын өкүлү "миңдеген жоокерлер" тууралуу маалыматтар тынчсыздануу жаратарын, бирок тажик тарап чек ара аймагындагы кырдаалга тыкыр көз салып турганын айтып берген.

"Бизге белгилүү болгондой миңдеген адам келген жок. Бирок эгер керек болсо он киши чогулса да, биз аны коркунуч катары кабыл алабыз", - деп айткан чек арачы.

"Озоди" радиосу жазгандай, Ислам Эмиратынын Мансури армиясы негизинен жанкечти террорчулардан турат. Өткөн аптада талибдер алардын бир бөлүгү Ооганстандын Бадахшан провинциясына жайгаштырылганын билдирген.

Тажикстан Ооганстандын коңшуларынын ичинен "Талибан" өкмөтүн кескин сынга алган саналуу мамлекеттердин бири. Буга чейин тажик президенти Эмомали Рахмон талибдерди Ооганстандагы этникалык тажиктердин укуктарын көз жаздымда калтырганы үчүн бир нече жолу сындаган.

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 1400 чакырымды түзөт. Соңку күндөрү Тажикстан Орусия жана башка Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) менен бирге тажик-ооган чек арасына жакын жерде машыгууларды өткөрүүдө.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг






Баскетбольный клуб «Химки» стал призером Суперлиги

«Зоо/Био»: выставка творческого объединение «Сезон» при ТСХР в зале «Лаврушинский`15»

Для кировчан понедельники станут приятнее

«Верди-гала» при информационной поддержке Relax FM