Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Казак абагындагы диссидент акын ооруканага түшкөнү кабарланууда

0
Казак абагындагы диссидент акын ооруканага түшкөнү кабарланууда

Казакстанда камактагы диссидент акын Арон Атабек ооруканага которулду. Бул тууралуу 28-сентябрда укук коргоочу, "Ар.Рух.Хак" уюмунун жетекчиси Бахытжан Торегожина "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Павлодарлык укук коргоочу Елена Семёнова Атабек оруканада жатканына бир жума болгонун "Азаттыктын" казак кызматына билдирди.

Азырынча Кылмыш жана жаза аткаруу системасы боюнча комитеттин өкүлдөрү бул боюнча эч кандай комментарий бере элек. Бийлик өкүлдөрү акындын саламаттыгы тууралуу маалымат айта элек.

Арон Атабек 2006-жылы Алматынын четиндеги Шанырак кыштагында болгон окуялар боюнча 18 жылга соттолгон. Ал полиция офицеринин өлүмүнө алып келген нааразылык акциясын уюштурган деп айыпталган болчу. Атабек өзү күнөөсүн моюнга албай келатат.

Соңку кезде жарандык коом өкүлдөрү 15 жылдан бери камакта отурган акындын саламаттыгына байланыштуу тынчсызданууларын билдирип келишкен. Августта Казакстандагы абак жайларына көз салган Улуттук алдын алуу механизминин өкүлдөрү Атабек менен жолугуп чыккандан кийин акындын абалы кыйла начарлап кеткенин билдиришкен.

Өткөн жумада жергиликтүү укук коргоочулар 68 жаштагы Атабекке ырайым берүү өтүнүчү менен президенттик администрацияга петиция жөнөтүшкөн. Ага эки жарым миңге жакын киши кол койгон. Азырынча бийлик бул кайрылууга жооп бере элек.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме






Жителям Подмосковья напомнили про добровольное страхование жилья

Михаил Мишустин пообещал не допустить пауз в работе правительства

Собянин: Количество креативных кластеров в Москве увеличилось почти в два раза

Анастасия Удальцова посетила выставку-форум «Уникальная Россия»