Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Жанар Акаев өлкөгө жылына 4,5 млн. уюлдук телефон аткезчилик менен кирерин айтты

0
Жанар Акаев өлкөгө жылына 4,5 млн. уюлдук телефон аткезчилик менен кирерин айтты

Кыргызстанга жылына болжол менен 4,5 млн. уюлдук телефон аткезчилик менен кирерин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 29-сентябрда парламенттин отурумунда билдирди.

"Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына ылайык, бир жылда 1,5 млн. чамалуу телефон Кыргызстандын базарларына кирет экен. Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматында "жылына 6 млн. телефон кирет" деп турат. Демек, ортодо 4,5 млн. чамалуу телефон аткезчилик менен кирип жатат. Мындан мамлекеттик бюджет олчойгон зыян тартып жатат".

Ушул тапта Жогорку Кеңеш гаджеттерди идентификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун 1-окуудан карап жатат. Мыйзам долбоору уюлдук телефон, планшет жана башка гаджеттердин аткезчилигин азайтуу жана телефон уурулугуна бөгөт коюу максатында сунушталып жатканы кабарланды.

Cанариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоевдин айтымында, өзгөртүүлөр жөнүндөгү мыйзам кабыл алынса, Интернетке туташтырылуучу телефон же модем сыяктуу техникалык каражаттар өлкөнүн аймагына импорттолуп киргенде милдеттүү түрдө идентификациядан өтөт.

Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Догоев мыйзам кабыл алынса, идентификациядан өтпөгөн гаджеттер иштебей турганын айтты.

"Мыйзам долбоору терроризм-экстремизмге каршы күрөштө да салым кошот, андан тышкары салыктардын ачык түшүүсүн шарттайт. Үчүнчүдөн жарандардын укугу корголот", - деди Догоев.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште быйыл 22-июлда кабыл алынган. Президент каршы пикирин билдирип аны кайра иштеп чыгуу үчүн парламентке жөнөткөн. Догоев долбоор мамлекет башчынын сунуштарын эске алуу менен кайра иштелип чыкканын кошумчалады.(ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Теннисист Джокович раздавал автографы в шлеме после попадания бутылкой в голову






Трансформация M&A: эксперты обсудили изменения на российском рынке слияния и поглощения

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об экономических и социальных проектах в регионах Арктики и Дальнего Востока

Госдума утвердила Голикову заместителем председателя правительства

Чем заняться в Москве на этой неделе: «Буерак», «Москва слезам не верит» и еще 11 событий