Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Вице-спикер Касымалиева "Ынтымак" телеканалы боюнча маселени көтөрдү

0
Вице-спикер Касымалиева

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева 29-сентябрдагы парламент жыйынында "Ынтымак" телеканалы тууралуу маселени көтөрдү. Ал телеканалды азыркы отурган имаратынан чыгаруу аракети териштирилиши керектигин белгиледи.

"Коомдук статусу бар телеканалды шарттарын айтпастан кууп чыкканы туура эмес. Бул боюнча териштирүү болуш керек. Маданият министрлигинде жана телеканалды караган тийиштүү органдарда так чечимдер болушу зарыл жана коргоого алууга тийиш", - деди Касымалиева.

Эл өкүлү бул боюнча парламенттин тийиштүү комитетине протоколдук тапшырма берди.

Телеканал "Кыргызжылуулукэнергого" жалпысынан 486 миң сомдон ашык акча карыз болуп калган. Бул мамлекеттик казынадан которулушу керек. "Ынтымактын" директорунун орун басары Абазбек Айтиев телеканал аукциондон утпай калса, башка жакка көчүп кетүү кыйынчылык жаратарын билдирүүдө.

"Ынтымак" телеканалы жайгашкан имаратка "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы ээлик кылып, ижара акы алып турат. 2018-жылы түзүлгөн кошумча келишимдин негизинде "Ынтымак" айына 73 миң сом төлөп келет. Ишкана "Ынтымак" 2021-жылдын январь айынан бери ижара акысын төлөбөгөндүктөн, келишимди бир тараптуу бузуп, аукцион өткөрүүгө камынып жатканын билдирген.

Маданият министрлигинин Маалымат жана коммуникация департаментинин директору Салкын Сарногоева көйгөйдү чечүү үчүн жакынкы күндөрү Мүлк фонду менен министрдин орун басары жолугарын айтып, өлкө түштүгүндөгү жалгыз коомдук телеканалдын иши токтобойт деп билдирген эле.

Кыргыз, өзбек жана орус тилиндеги берүүлөр менен обого чыккан "Ынтымак" телеканалы 2012-жылы алгач радио журнал болуп, жыл аягында телеканал катары иштей баштаган. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Теннисист Джокович раздавал автографы в шлеме после попадания бутылкой в голову






200й спектакль ТАМ ЖЕ ТОГДА ЖЕ с Максимом Авериным и Анной Якуниной состоится в Москве 16 мая

Собянин: в Москве стартовал отборочный этап чемпионата «Абилимпикс-2024»

СЭ: «Спартак» связался с Циципасом, чтобы передать греку клубную футболку

Правнучку Валерия Чкалова объявили в розыск: Возбуждено уголовное дело