Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Жогорку Кеңеш Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагалыгына дайындоого макулдук берди

0

Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагалыгына дайындоо тууралуу президент Садыр Жапаровдун сунушуна парламенттин 76 депутаты "макул" деп добуш берди.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 29-сентябрда Улуттун банктын мурдагы төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алган. Андан кийин анын ордуна Улуттук банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевди дайындоо тууралуу президенттин сунушун карады.

Улуттук банктын төрагалыгына талапкер Кубанычбек Бөкөнтаев 2006-жылдан 2010-жылга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп иштеген. 2010-жылы 28-апрелде кызматтан бошотулган. Башкы прокуратура Улуттук банктын жетекчилигин "АзияУниверсалБанктын" ячейкаларынан 3 млрд. сом жоголгону үчүн айыптаган.

Бөкөнтаев ошондой эле "Ысык-Көл инвест" банкын басып алууга жана орусиялык насыя акча - 220 млн. доллар уурдоого айыпталган.

Бөкөнтаев бул айыптоолор боюнча бүгүн, 29-сентябрда парламентте жооп берди. Ал 2010-жылы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөт өзү коротуп салган акчаны мойнуна илип, кылмыш ишин козгогонун айтты. (ZKo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме






Пермские экологи сообщили о массовой гибели редких жаб под колесами автомобилей

20 лет без Ленина: выяснилось, зачем стали драпировать Мавзолей во время Парада Победы

Исполнительницу Аллу Пугачеву на официальном уровне признали в Израиле

Mercury засмотрелась на молодежь // Ритейлер пытается привлечь к люксу новое поколение