Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Жээнбеков шайлоого катышуусуна жол берилбей жатканын билдирди

0
Жээнбеков шайлоого катышуусуна жол берилбей жатканын билдирди

Саясатчы, Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого талапкер катары катышууну каалаганын, бирок Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) документтерди кабыл албай жатканын айткан. Саясатчынын айткандарын 24.kg агенттиги жазды.

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча ишти карады. Жээнбеков ошол сотко алып келинген.

"Мен өзүмдүн ишенимдүү өкүлүмдү документтерди тапшыруу үчүн жөнөткөм. Боршайком документти кабыл албай койду, мен өзүм барышым керек экен. Тергөө абагынан чыгып бармак белем?", - деди саясатчы соттук отурум башталардын алдында.

БШК Равшан Жээнбековдун атынан эч ким документ тапшырбаганын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президентти кармоо операциясын жүргүзгөн. Анын тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып, бир офицер курман болгон.

Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин тарапташтарына жана Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага, саясатчы экс-депутат Равшан Жээнбековго да айып коюлган. (КЕ)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Тарпищев: нельзя Медведева назвать главным претендентом на золото Олимпиады






Лагерь «Литвиново» примет 49 детей из Лобни

Источник 360.ru: пожар произошел в общежитии воинской части на улице Бутлерова

Собянин рассказал о проведении конного фестиваля

Заполняемость индустриальных парков Подмосковья достигла 87%