Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Алайда “Тоо театрларынын биринчи фестивалы” башталды

0
Алайда “Тоо театрларынын биринчи фестивалы” башталды

29-сентябрда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында фестивалдын ачылышы болду. Тоо театрларынын башын бириктирген маданий иш-чара Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай театрынын 75 жылдыгына арналууда.

Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын жетекчиси Алымкул Исаков бул иш-чаранын максаты аймактагы чыгармачыл топторду колдоо, элдин жан дүйнөсүн байытуу экенин белгиледи.

Фестивалда өлкөнүн жети облусунан келген жана Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык-драма театрынын жамааты спектаклдерин тартуулайт.

Иш-чара 30-сентябрь күнү да уланып, күнү бою айылдыктар үчүн спектаклдер тартууланат.

Алай районундагы музыкалык-драма театры Кыргызстандагы райондук деңгээлдеги үч театрдын бири. (DU)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Тарпищев: нельзя Медведева назвать главным претендентом на золото Олимпиады






Клоун-интроверт ростом 145 сантиметров: как сложилась судьба Михаила Румянцева

Около 900 фасадов жилых домов приведут в порядок в Москве

Пензенские регбистки выиграли первенство России

В преддверии Дня Победы кировские росгвардейцы посетили могилы ветерана и коллег, погибших при исполнении служебных обязанностей