Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Тажикстан: Прокурор укук коргоочуну тогуз жылга кесүүнү суранды

0
Тажикстан: Прокурор укук коргоочуну тогуз жылга кесүүнү суранды

Эмгек мигранттарынын укугун коргогон, таанымал активист Иззат Амондун сотуна катышкан Тажикстандын Башкы прокуратурасынын прокурору айыпталуучуну тогуз жыл эркинен ажыратууну соттон суранды. Амон өтө чоң өлчөмдө көз боёмочулук кылган деп айыпталууда.

Ал ортодо Дүйшөмбүнүн шаардык сотунун катчысы Амондун иши жабылганын, 1 миллион 90 миң рубль чыгымды төлөп бергенин, эми ырайым алса абактан чыгарын билдирди. Укук коргоочу жети айдан бери камакта отурат.

Москвадагы тажик борборунун жетекчиси Иззат Амондун орус жарандыгы жокко чыгарылып, 25-мартта Орусиядан депортацияланган. Тажикстанга келгенде кармалганын коңшу өлкөнүн бийлиги билдирген. Расмий маалыматка караганда, активист андан алданып калдык деген бир нече кишинин арызынын негизинде кармалган. Жакындары укук коргоочуга коюлган айып негизсиз экенин билдирген.

Иззат Амондун тарапташтары активист тажик бийлигин сындаганы үчүн кармалганын айтып чыгышкан. Орусияда ал мигранттарга юридикалык жардам көрсөтүүдөн сырткары социалдык медиада тажик өкмөтүнүн айрым иштерин сындап турчу.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Новак Джокович

Первая ракета мира Джокович получил бутылкой по голове после матча в Риме






Молодожены из Алтайского края попали в Книгу рекордов России

«Молодёжь Москвы» и волонтёры провели патриотические акции в честь Дня Победы

Параллельный импорт выдохся: в топ-50 популярных авто в России не вошла ни одна «традиционная» иномарка

Три пары из Кузбасса зарегистрируют брак на выставке-форуме «Россия» в Москве