Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Беларус: КГБнын огунан өлгөн адам АКШдагы фирманын кызматкери болгон

0

Эки күн мурда Минскидеги батиринде беларус коопсуздук күчтөрүнүн огунан каза тапкан адам АКШдагы EPAM Systems IT компаниясынын кызматкери болгон. Мындай маалыматты компания Reuters жаңылыктар агенттигине жөнөткөн катында ырастады. Бирок EPAM Systems бул кызматкеринин америкалык паспорту болгонун же болбогонун тактаган жок.

"Бул адамдын аты расмий булактарда аталбаса да, биз маалымат каражаттарында сөз болгон киши EPAM компаниясынын кызматкери экенин ырастайбыз", - деп айтылган билдирүүдө.

28-сентябрда Беларустун Мамлекеттик коопсуздук комитети (КГБ) "террорчу" деп мүнөздөлгөн 31 жаштагы адам атып өлтүрүлгөнүн, анын аялы кармалганын билдирген. Беларус бийлиги "террорчу" деген терминди өлкөнүн узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенконун режимине каршы чыккан демонстранттарды жана оппозиция өкүлдөрүн мүнөздөө үчүн колдонуп келет.

Коопсуздук кызматы атып өлтүрүлгөн киши коопсуздук кызматкерлерине ок чыгарганын, андан бир офицер мерт болгонун билдирген. Бирок офицерлерге ок атылганы тууралуу беларус бийлигинин айткандарын көз карандысыз башка булактар ырасташа элек.

Беларус оппозициясынын бозгундагы лидери Светлана Тихановскаянын кеңешчиси Франак Вякорка КГБнын колунан каза тапкан адамды Андрей Зельцар деп атап, ал EPAM компаниясынын кызматкери жана АКШ жараны болгонун билдирген.

Зельцердин "Инстаграм", "Фейсбуктагы" баракчаларынан анын фехтование менен машыгып, жарыштарга катышып жүргөнүн көрүүгө болот. Былтыр Беларустагы шайлоодон кийин нааразылыкка чыккандарды коргоп пост жазган.

АКШнын Беларустагы элчиси Жули Фишер Вашингтон Минскидеги бул окуяга Америка жараны аралашып, аралашпаганы жөнүндө кошумча маалымат топтоп жатканын билдирген.

Беларуста былтыркы талаштуу президенттик шайлоодон кийин Лукашенконун бийлигине каршы акциялар токтобой келет.




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Карен Хачанов

Теннисист Хачанов вышел в третий круг "Мастерса" в Риме






Президент РФ: мы должны больше сближаться с нашими партнерами по СНГ

ВЗУ для будущих жителей ЖК «Пятницкие Луга» в Солнечногорске достроят летом

Москвич, убивший жену ста ударами ножа, получил 13,5 лет колонии

Стартовал прием заявок на городской конкурс социальных проектов «ЛИЦА района»