Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Адвокаттардын II курултайында жаңжал чыкты

0
Адвокаттардын II курултайында жаңжал чыкты

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда 30-сентябрда өтүп жаткан адвокаттардын II курултайында жаңжал чыкты.

Түшкө чейин съезд өтүп саат 14:00дө Кыргызстандын Адвокатурасынын кеңешинин жаңы курамын шайлоо маселеси каралмак. Ага айрым жактоочулар кире албай калганын “Азаттык” радиосуна адвокат Бакыт Жумашев айтып берди.

“Саат 2де келсек, филармониянын эшиктерин жаап алып тизме менен гана киргизебиз деп коё бербей коюшту. Жыйынды көмүскө эле эч кимге билгизбей өткөрүү туура эмес. Съезд жабык болот деп айтылган эмес. Жабык өткөрүү да мыйзамсыз”, - деди Жумашев.

 

Адвокатуранын кеңешинин жаңы курамын шайлоо боюнча жыйынга жактоочу Арман Кайгырова да кире албай калганын айтты. Ал буга байланыштуу Бишкек шаардык прокуратурасына арыз жазганын билдирди.

Адвокатуранын кеңешинин мүчөсү Жыргалбек Бабаев жыйынга жети облустан, Бишкек жана Ош шаарынан шайланып келген делегаттар гана киргизилерин кабарлады. Ал Кыргызстанда иштеген 4 миңден ашык адвокаттын баары жыйынга катышат деген жобо жок экенин кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров Бишкекте Кыргызстандын адвокаттарынын II съездинде катышып, адвокаттар басым-кысымга кабылбай эркин иштеши керектигин билдирди. (BTo)




Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Уимблдон

Финалистка юниорского Уимблдона-2023 получила временное отстранение за допинг






Профессиональный праздник: Медсестра из НИИ имени Николая Склифосовского рассказала о своей работе

Тело изувечено. Пассажир такси погиб в массовом ДТП в Москве

Стрежевчане будут искать два бомбардировщика времен ВОВ в Калужской области

В Твери пройдет концерт памяти жертв в «Крокус Сити Холле»