Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2021

Новости за 28.09.2021

2020-жылы АКШда киши өлтүрүү фактылары көбөйгөн

Azattyk.org 

2020-жылы Кошмо Штаттарда жарандар киши колдуу болгон учурлар бир жыл мурдагыга салыштырмалуу дээрлик 30% көбөйгөн. Бул каттоо башталган 1960-жылдан бери бир жылдык статистикадагы эң чоң секирик. Федералдык иликтөө бюросу 27-сентябрда жарыялаган маалыматка ылайык, АКШда былтыр 21 570 адам өлтүрүү фактысы катталды. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 4901 фактыга көп. Былтыр адам өлтүрүү фактыларынын 76% ок атуучу курал-жарактар себеп болгон. 2019-жылы бул көрсөткүч 73%  түзгөн. Эксперттер кылмыштуулуктун... Читать дальше...

Түндүк-түштүк автожолунун 2-фазасы аяктоодо

Azattyk.org 

Бишкек - Ош жолуна альтернавтивдүү "Түндүк-түштүк" автожолунун 2-фазасы аягына чыгып калды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Азия өнүктүрүү банкынын координатору Санжар Асаналиев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, жолдун 2-фазасына асфальт төшөлүп бүттү. Учурда эки эстакадалык көпүрө курулуп жатат: "Биринчи көпүрөнүн узундугу - 1 чакырым, экинчиси 400 метр. Жыл аягына чейин эки көпүрө тең курулуп бүтөт". Асаналиевдин маалымдашынча, Азия өнүктүрүү банкы "Түндүк-түштүк" альтернативдүү... Читать дальше...

Кара-Суу районунда каналга түшүп кеткен ымыркайдын сөөгү табылды

Azattyk.org 

26-сентябрь күнү Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр каналына 24 жаштагы келин эки кызы менен түшүп кеткен. Кыздардын бири үч жашта, кичүүсү бир жашта болгон. Жергиликтүү эл келин менен улуу кызын куткарып алышкан. Кичүү кызынын сөөгү бүгүн, 28-сентябрда сууга түшкөн жерден 1,5 чакырым аралыкта табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, ымыркайды издөө ишине ӨКМдин 16 куткаруучусу жана жергиликтүү элдин өкүлдөрү катышты. Учурда кырсыктын себеби иликтенүүдө.(ZKo)

Түркмөн бийлигин сындаган активист Стамбулда кармалды

Azattyk.org 

Президент Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлигин кескин сындап келаткан түркмөнстандык активист Дурсолтан Таганова өзү жашаган Түркиянын Стамбул шаарында кармалды. Бул тууралуу Москвадагы "Мемориал" укук коргоо борбору 27-сентябрда билдирип, активист Түркмөнстанга депортацияланышы мүмкүндүгүн эскертти. Маалыматка ылайык, 26-сентябрда түрк полициясы Таганованын Стамбулдагы үйүнө келип кеткен. Бирок активист үйүндө болбогондуктан укук коргоо кызматкерлери анын коңшусуна Таганованы полиция бекетине... Читать дальше...

Кыргызстан издеген соода жолдору: деңиз, аба жана темир жол

Azattyk.org 

Кыргызстандын бийлиги соода жүгүртүүдө автоунаа жолунан башка багыттарды издөөнү жандантты. Анын ичинде темир жолу, деңиз жолу жана аба жолу бар. Алардын ар бири боюнча аракеттер жасалып жатканы менен азырынча жемиштер аз. “Элдик экономика” түрмөгүндө экономикадагы альтернативдик каттамдардын мүмкүнчүлүктөрү талданды. Деңиз жолуна умтулган өлкө Кыргызстандын деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү тууралуу жаңы кабар тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Нью-Йорктогу жолугушууларынан кийин тарады. Өлкөнүн башкы дипломаты анда ондогон мамлекеттин... Читать дальше...

Равшан Жээнбеков прокурордун үстүнөн сотко кайрылды

Azattyk.org 

Оппозициячыл саясатчы, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Равшан Жээнбеков Октябрь райондук сотуна Башкы прокуратуранын кызматкеринин үстүнөн даттанып, кайрылды. Саясатчы прокурорду өзүнүн арызын 24 саат бою бирдиктүү реестрге каттабай, 14 күн ичинде кароо чечимин кабыл алганы үчүн жооп берүүсү керек деп билдирүүдө. "14-сентябрь күнү мен - Равшан Жээнбеков адвокатым Замир Жоошев аркылуу Башкы прокуратурага кайрылып, Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеровду кызмат абалынан пайдаланып... Читать дальше...



Аман болуңуз, Ангела Меркел

Azattyk.org 

Жекшембиде Германияда жалпы шайлоо өттү. Аны менен өлкө тарыхындагы биринчи айым канцлер, эң узак мөөнөттөгү башкаруучу жана XXI кылымдагы дүйнөнүн эң таасирлүү лидерлердин бири Ангела Меркелдин доору соңуна чыкты. Саясий карьерасы Ангела Меркел саясатка Берлин дубалы кулагандан кийин келген. 1980-жылдардын аягында жана 1990-жылдардын башында Германияда болгон окуялар ага катуу таасир берген. 1989-жылы ал Демократиялык Кыймыл уюмуна кошулуп, бир жылдан кийин анын маалымат катчысы болгон жана бир... Читать дальше...

COVID-19: Эки бейтап каза болуп, 58 жаңы учур катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 28-сентябрда Кыргызстанда COVID-19 вирусунан эки бейтап каза болуп, 58 адам жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Бишкек - 30 Ош шаары - 1 Чүй облусу – 14 Ош облусу – 2 Нарын облусу - 1 Ысык-Көл облусу – 10 Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында вирус жуктургандар катталган жок. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын расмий саны 178 375 адам болду. Оорудан 173 005 адам айыгып чыкты. Читать дальше...

Дары-дармек мафиясы, көзөмөлдөнбөгөн баа саясаты

Azattyk.org 

Атайын кызмат саламаттык сактоо тармагындагы системалык коррупцияны аныктаганын жарыялады. УКМК фармацевтикалык компаниялардын кеңсесинде жана кампасында тинтүү жүргүзгөн. "Фармацевтикалык мафия" Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер, дарыгерлер аралашкан фармацевтикалык мафиянын бети ачылганын жарыялады. Ал бул тууралуу  25-сентябрда Алай районундагы УКМКнын жаңы имаратынын ачылышына барган жерде айтты.  "Кечээ эле... Читать дальше...

"Спутник V" вакцинасы менен эмделгендер АКШга кире албайт

Azattyk.org 

Ноябрь айынан тарта "Спутник V" вакцинасы менен коронавируска каршы эмделгендер АКШга кире албайт. Бул вакцинаны Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана америкалык бийлик тастыктаган эмес. Буга чейин ДСУ "Орусиянын вакцинасын чыгарган фабрикалардын биринде өндүрүштүк иштер тийиштүү талапты аткарбай жатканын" жарыялаган. Washington Post гезити "Спутник V" вакцинасы дүйнөнүн төрт миллиарддай адам жашаган 70 өлкөсүндө тастыкталып, 448 миллион дозасы чет өлкөгө сатылганын кабарлаган. Орусиянын туристтик... Читать дальше...

Орусиядагы "миграциялык жеңилдик" 30-сентябрда аяктайт

Azattyk.org 

Тышкы иштер министрлиги Орусияда жүргөн кыргызстандык жарандарды 30-сентябрга чейин миграциялык документтерин толугу менен иреттөөгө чакырды. Бул тууралуу аталган мекеме атайын билдирүү таратты. Орусияда быйыл 15-июнда президент Владимир Путин “коронавирустун алдын алуу үчүн чет өлкөлүк жарандардын жана Орусиянын жарандыгы жок адамдардын абалын жөнгө салуу боюнча” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 30-сентябрда Орусиянын аймагында жүргөн башка өлкөнүн атуулдарына карата “миграциялык жеңилдиктердин” мөөнөтү аяктайт. Читать дальше...

Жо Байден үчүнчү ирет эмделди

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден COVID-19 вирусуна каршы вакцинанын үчүнчү дозасын алды. Ал америкалыктарды эмдөөгө активдүү катышууга үндөдү. "Бустер ыкмасы менен эмделүү өтө маанилүү, биз калкты жапырт эмдөөгө тийишпиз. Вакцинадан качкан азчылык коомчулукка эсепсиз кыйынчылык алып келүүдө",-деди президент Байден. Америкалыктардын төрттөн үч бөлүгү вакцинанын биринчи дозасын алышты. Бул өлкөдө 12 жаштан 65 жашка чейинкилер коронавируска каршы эмделиши керек. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын... Читать дальше...

Өзбек-ооган чек арасындагы атышуудан аскер окко учту

Azattyk.org 

Өзбекстан менен Ооганстандын чек арасында болгон ок атышуудан өзбекстандык чек арачы окко учту. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Намангандагы сапары учурунда айтты. "Нигох" телеграм-каналынын маалыматына караганда, атышуу 26-сентябрда Ооганстандагы баңгизат соодагери Өзбекстан аймагына өтүүгө аракет кылганда болгон. "Кечээ биздин мамлекеттик чек араны белгилүү ооганстандык баңгизат соодагери бузуп кирүүгө аракет кылды. Зарыл болгон шартта биз чек арабызды курал менен кайтарабыз. Читать дальше...

"Озоди": Тажикстан кыргызстандык 2 өспүрүмдү кармабаганын билдирди

Azattyk.org 

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын башкармалыгы 16 жаштагы кыргызстандык эки өспүрүм кармалганы тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун тажик кызматы ("Озоди" радиосу) 27-сентябрда өз булактарына таянып жазып чыкты. Тажик тараптын маалыматына ылайык, окуя 23-сентябрда өспүрүмдөр Бобожан Гафуров районундагы Хистеварз айыл аймагында "Мерседес-Бенц Спринтер" микроавтобусунан жүзүм түшүрүп жаткан учурда болгон. Читать дальше...

Коронавирустан каза болгондордун көбү Бишкек менен Чүйдө

Azattyk.org 

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин акыркы маалыматына караганда, коронавирустан каза болгондордун басымдуу бөлүгү Бишкек шаарын менен Чүй облусуна туура келүүдө. Акыркы беш аптада вирус 113 кыргызстандыктын өмүрүн алды. Бирок, июль айына салыштырмалуу өлүм саны эки эсеге азайды. Бир айдан ашык убакыттын ичинде Бишкекте 61, Чүй облусунда 28, Ысык-Көл облусунда 10, Нарын менен Жалал-Абад облустарында бештен, Талас менен Баткенде бирден киши COVID-19дун курмандыгы болду. ... Читать дальше...

Ооганстан БУУнун Башкы ассамблеясына кайрылуу жасабайт

Azattyk.org 

Ооганстандын өкүлдөрү 27-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына кайрылуу жасабай турган болду. Буга "Талибан" кыймылы кулаткан мурдагы ооган өкмөтүнүн БУУдагы элчиси Гулам Исакзайдын өз атын жадыбалдан артка чакыртканы себеп болду. Графикке ылайык, ал дүйшөмбү күнү акыркы болуп, Ооганстандын атынан ассамблеянын алдына чыгып сүйлөшү керек эле. Reuters жана AFP жаңылыктар агенттиктери жазгандай, элчинин кайрылуудан баш тартышына "Талибан" өкмөтүнүн БУУга кайрылуу жасоо үчүн башка адамды сунуштаганы себеп болду. Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Анастасия Павлюченкова

Павлюченкова официально аккредитовала на турнир в Риме двух своих собак






Хоккей на траве. Волгодонская «Дончанка» в Кубке России 5х5 заняла пятое место

Реалити-шоу "Дом 2" так ее и не отпустило. Плохой сценарий для Либерж Кпадону

Исполнилось 100 лет со дня рождения Булата Окуджавы

Праздничная линейка и шествие прошли на выставке «Россия» в честь Дня Победы