Стамбулда акын Жолон Мамытовду эскерүү кечеси өттү
28-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы Топкапы маданият борборунда Кыргыз эл акыны Жолон Мамытовдун 80 жылдыгына карата эскерүү кечеси уюштурулду. Ага акындын жубайы, эл акыны Меңди Мамазаирова, кыргызстандык жаш акындар жана түркиялык коомдук ишмерлер катышты. Бул кечеде Жолон Мамытовдун ырлары окулуп, анын замандаштары жана анын ырлары тууралуу илимий изилдөө жазган түркиялык илимпоздор сөз сүйлөштү. Буга чейин Мамытовдун ырлары түрк тилине которулбаганы, эми котормочулар бул иштин үстүндө иштеп жатышканы айтылды. Читать дальше...