Иранда нааразылык акциялары уланууда
Бүгүн 8-октябрда Иранда бийликтин катуу эскертүүлөрүнө карабастан айрым аймактарда нааразылык акциялары уланды. Интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап жаткан видеолордон митингдер Тегеранда, Каражда жана борбор калаадан анча алыс эмес бир катар майда шаарларда өткөнүн көрүүгө болот. Бул жолу буга чейин нааразылык анча катуу болбогон райондордо да эл көчөгө чыкканы кабарланууда. Осло шаарында жайгашкан «Ирандагы адам укуктары» уюмунун соңку маалыматына караганда, күч кызматкерлеринин колунан митингге чыккан кеминде 92 адам өлтүрүлдү... Читать дальше...