Мы в Telegram
Добавить новость
ru24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Новости за 24.10.2022

Кемпир-Абад: Чуулгандуу аудио тасма жана жапырт кармоо

Azattyk.org 

"Кемпир-Абадды сактоо комитетин" түзүү боюнча кармалган жыйырмадан ашык саясатчы, блогер жана активисттерге "массалык башаламандык даярдоо" беренеси менен кылмыш иштери козголду. Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-октябрда кечке жуук алардын бөгөт чарасын кароону баштап, баарын 20-декабрга чейин камакта калтырган чечим чыгарды. Саясатчы Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрь деп белгиленди. Сот башаламандык уюштурууга аракет кылган деген шек менен кармалган саясатчылардын жана активисттердин... Читать дальше...

Активист Эрлан Бекчоро уулу эки айга камалды

Azattyk.org 

Жапырт башаламандык уюштурууга шек саналып кармалган жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу эки айга камалды. Анын бөгөт чарасы 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Ушундай эле чечим активисттер Перизат Суранова менен Улукбек Маматаевге да чыгарылды. Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болору кабарланды. Буга чейин ушундай эле шек менен Равшан Жээнбеков... Читать дальше...

Асия Сасыкбаева эки айга камакка алынды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, "Ата Мекен" партиясынын төрайымы Асия Сасыкбаева 20-декабрга чейин камалды. Анын баш коргоо чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 24-октябрда каралды. Сасыкбаева "массалык башаламандыктарды уюштурууга даярданган" деп шек саналууда. Ушундай эле айып коюлган саясатчы Равшан Жээнбеков, журналист жана саясат талдоочу Айданбек Акматов, жарандык активисттер Али Шабдан, Таалай Мадеминов, "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери Чыңгыз Капаров, саясатчы Азимбек Бекназаров... Читать дальше...

Равшан Жээнбеков 20-декабрга чейин камакка алынды

Azattyk.org 

"Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн" деп шек саналган саясатчы Равшан Жээнбеков 20-декабрга чейин камакка алынды. Анын бөгөт чарасы 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Андан тышкары, журналист жана саясат талдоочу Айданбек Акматов, жарандык активисттер Али Шабдан, Таалай Мадеминов, "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери Чыңгыз Капаров, саясатчы Азимбек Бекназаров, президенттин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Бусурманкулов да эки айга камалган. Читать дальше...

Журналисттин өлүмү: 15 жыл чыкпаган чындык

Azattyk.org 

26 жаштагы Алишер Саиповдун киши колдуу болгонуна 15 жыл болду. Журналист 2005-жылдагы бийлик алмашууну, аймактагы диний экстремизмди, терроризмди жана Өзбекстанда 2005-жылы болгон Анжиян окуясын жеринен чагылдырган. Анын өлүмүнүн бети алигиче ачыла элек.

Сот Бекназаровду 23-декабрга чейин камакта калтырды

Azattyk.org 

"Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн" деп шек саналган саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды. 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту ушундай чечим кабыл алды. Мурдараак журналист жана саясат талдоочу Айданбек Акматов, жарандык активист Али Шабдан, "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери Чыңгыз Капаров 20-декабрга чейин камалган. 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Читать дальше...

Теңчилик үчүн коалициясы жапырт камоолор боюнча бийликке кайрылды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы Теңчилик үчүн коалициясы кыймылы кыргыз бийлигине, бардык укук коргоо органдарына жана эл аралык уюмдарга жапырт камоолор боюнча кайрылуу жолдоду. Анда аталган кыймыл жарандардын "ой-пикирин билдирүү эркиндиги жана адам укуктары кысымга алынып жатканына тынчсыздануусун" билдирген. "2022-жылдын 23-октябрында, жекшемби күнү убактылуу кармоочу жайга саясатчылардын жана активисттердин массалык кармалышы, тинтүүгө жана камакка алынуусу Кыргызстанда өзгөчөлөнгөн ой жүгүртүүлөргө орун болбой жаткандыгынан кабар берип турат. Читать дальше...

Көйгөйү көп Жаңы-Барак

Azattyk.org 

Өзбекстандын ичинде орун алган Барак эксклавынан көчүп чыккан Жаңы-Барак айылынын тургундары колдоого муктаж. Ат-Башыда картошканы мыкты өздөштүрүп, эселеп түшүм алган дыйкан эмнеге нааразы? Сузакта селден турак жайы тыптыйпыл болгондор жаңы конуштуу болушту. Кыргыз балетинин эртеңи үчүн күйгөн, өмүрүн искусствого арнаган артист.



Айданбек Акматов менен Али Шабдан 20-декабрга чейин камалды

Azattyk.org 

Журналист жана саясат талдоочу Айданбек Акматов менен жарандык активист Али Шабдан 20-декабрга чейин камалды. 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ушул эле күнү "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери Чыңгыз Капаровго ушундай чечим чыккан. Айданбек Акматов  1997-2017-жылдары "Азаттык" радиосунун кабарчысы жана саясий баяндамачысы болуп иштеген. 2021-жылы парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №3 Кадамжай округунан талапкер болгон. Ал Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүүгө жол бербөөгө... Читать дальше...

26-октябрда Бишкек шаарына жылуулук берилет

Azattyk.org 

26-октябрдан баштап Бишкек шаарына жылуулук берилет. Мындай чечим күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча шаардык штабдын 24-октябрдагы жыйынында кабыл алынганын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Алгач балдар бакчалары, мектептер, ооруканалар, төрөт үйлөрү жана социалдык коргоо мекемелери жылуулукка туташтырылат. Андан соң турак жайларга, карызы жок өндүрүш ишканаларына жана мекеме-уюмдарга берилет. Кыргызстанда 17-октябрдан аба ырайы кескин өзгөрүп, суук түштү. "Кыргызгидромет" өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан-чачын болуп... Читать дальше...

Кыргызстан он айда бюджетти колдоо үчүн 180 миллион доллар карыз алды

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү соңку он айда бюджетти колдоо үчүн эл аралык донор уюмдардан 180 млн. доллар алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 24-октябрдагы жыйынында каржы министринин орун басары Руслан Татиков билдирди. "Бюджетти колдоого 180 миллион доллар алганбыз. Анын 50 миллиону грант. Сом менен алганда 15 миллиард сомдой. Бул сумманы карыз алып, өнүктүрүүгө берип жатабыз", - деди министрдин орун басары. Бул күнү парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча... Читать дальше...

Жапырт кармоо: Чыңгыз Капаров 20-декабрга чейин камакта калды

Azattyk.org 

23-октябрда кармалган саясатчылардын жана активисттердин бири Чыңгыз Капаров 20-декабрга чейин камакта калтырылды. Мындай чечимди 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Анын адвокаты Айдар Сыдыков сот чечимин мыйзамсыз деп атады. Анын алдында акыйкатчы Атыр Абрахматова Чыңгыз Капаров саламаттыгына байланыштуу камакта отурушу мүмкүн эместигин, Омбудсмендин кеңсесинин кызматкерлери сотко мониторинг жүргүзүп жатканын айткан. Капаров өзү мыйзам бузбаганын билдирген. Чыңгыз Капаров - "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери. Читать дальше...

Британиянын башкаруучу партиясы Риши Сунакты премьерликке тандады

Azattyk.org 

Улуу Британиянын башкаруучу Консервативдик партиясы экс-финансы министри Риши Сунакты өзүнүн лидери кылып шайлады. Бул ал жакын арада премьер-министр болуп шайланат дегенди түшүндүрөт. Сунакты консерватор депутаттардын көпчүлүгү колдоду. Анын атаандашы, парламенттин төмөнкү палатасы – Жамааттык палатанын лидери Пенни Мордонт жарыштан чыгарын жар салды. Мурдараак экс-премьер-министр Борис Жонсон да шайлоого катышпай турганын жарыялаган. Консерваторлордун жетекчилиги маалыматты ырастап, бир эле талапкерди алып чыга турганын кабарлады. Читать дальше...

Садыр Жапаров жапырт камоолорго байланыштуу пикирин билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров жапырт камакка алынган саясатчыларга жана активисттерге байланыштуу улуттук "Кабар" агенттигине комментарий берди. Мамлекет башчы саясатчылар жана активисттер менен буга чейин да сүйлөшкөнүн, Кемпир-Абадга байланыштуу маселени түшүндүрүп бергенине карабай, майнап чыкпаганын билдирди. "Кыскасы менден кеткен жок. Баары менен диалогго барып атам", - деди президент. Жапаров камалгандардын ишине кийлигише албай турганын, чекитти сот кое турганын айтты. 23-октябрда Бишкекте... Читать дальше...

Камалган саясатчы, активисттердин тизмеси (Видео)

Azattyk.org 

23-октябрда Бишкекте бир катар оппозициялык саясатчылар менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. 20дан ашуун киши 48 саатка камалды. Cотто алардын бир тобунун бөгөт чарасы каралып жатат.

Равшан Жээнбеков жапырт кармалгандарга жасалма айып коюлуп жатканын айтты

Azattyk.org 

23-октябрда "массалык башаламандык уюштурууга даярданган" деген шек менен кармалгандардын бири, саясатчы Равшан Жээнбеков аларга жасалма айып коюлуп жатканын айтты. Мындай пикирин 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна бөгөт чарасын кароо үчүн алып келингенде "Азаттыктын" кабарчысына билдирди. Ал эч ким мамлекеттик башалмандык уюштурууну план кылбаганын белгиледи: "Бизди түрмө менен коркута албайт. Кемпир-Абад Кыргызстандын жери, аны бербегиле!"- деди ал. Кармалгандардын дагы бири... Читать дальше...

Тажикстан көмүр экспорттоого тыюу салды

Azattyk.org 

Тажик бийлиги коңшу Ооганстан, Пакистан жана Өзбекстанга көмүр экспорттоого тыюу салды. Дүйшөмбү мындай чечимге "кышында ички суроо-талапты камсыздоо" себеп болгонун билдирди. Алар арада тажикстандыктар “кара алтындын” кымбаттап жатканын айтып, нааразы болушууда. Тажикстандын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлиги 17-октябрдан тарта көмүр экспортуна тыюу салынганын, бул өлкөдө көмүрдүн кымбатташына жол бербөө үчүн кабыл алынган чара экенин билдирди. "Быйылкы жылдын жети айында Тажикстандан... Читать дальше...

Кармалган саясатчылардын жана активисттердин бөгөт чарасы сотто карала баштады

Azattyk.org 

Бишкекте жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин бөгөт чарасы 24-октябрда кечке жуук сотто карала баштады. Биринчи май райондук сотуна "Ата Мекен" партиясынын төрайымы Асия Сасыкбаеваны, саясатчы Азимбек Бекназаровду, активисттер Рита Карасартованы, Али Шабданды, Чыңгыз Капаров, журналист Айданбек Акмат уулун алып келишти. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен кабарлагандай, кармалгандардын баарынын баш коргоо чарасы ушул сотто карала турганы айтылууда.  23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун... Читать дальше...

Жапырт кармоо: укук коргоочулар камактагылардан кабар алып чыгышты

Azattyk.org 

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова менен биргеликте "массалык башаламандык уюштурууга даярданган" деген шек менен кармалган саясатчылар жана активисттер камалган убактылуу кармоочу жайларга барышты. Бул тууралуу аталган борбордон кабарлашты. Камакка алынгандар ал жерде ырайымсыз мамилеге туш болбогонун билдиришкен. Бирок төшөнчө, гигиеналык каражаттар жетишсиз экенин айтышкан. 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы... Читать дальше...

Новости России
Москва

Новый транспортный хаб начали строить Казахстан, РФ и Китай


Жарандык активист Тилекмат Куренов өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди

Azattyk.org 

"Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү, активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) Кыргызстандан убактылуу чыгып кеткенин өзү "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, 23-октябрга караган түнү өлкөдөн чыгып кеткен жана жапырт кармоолор тууралуу уккандан кийин азырынча келбей турууну чечкен. Активист Фейсбуктагы баракчасына Вильнюска жеткенин жазды. Тилекмат Кудайберген укук коргоо кызматкерлерине видеокайрылуу жасап, элдин коопсуздугун, мамлекеттин бүтүндүгүн бузуу максатында мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырды. Читать дальше...

Ата-баланын өлүмү: шектүүлөрдү кармоо учурунда атышуу болду

Azattyk.org 

Кадамжайда ата-баланы өлтүрүп кеткен шектүүлөрдү кармоо учурунда милиция кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүлүп, атышууда кылмышка шектүүнүн бири октон каза таап, үч милиция кызматкери жараат алды. Милицияга куралдуу каршылык көрсөткөн шектүүлөрдүн бири буга чейин издөөдө жүргөнү айтылууда. 18-октябрда түнү Кадамжай районунун Марказ айыл аймагында 62 жаштагы жарандын үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, 29 жаштагы уулу экөөсүн атып кетишкен. Үйдүн 59 жаштагы кожойкеси сабалып, ооруканага жеткирилген. Читать дальше...

Жапырт камалган саясатчылар жана активисттер кимдер?

Azattyk.org 

23-октябрда Ички иштер министрлиги “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөн оппозициялык саясатчылар менен жарандык активисттерди кармап кетти. Милиция аларды "массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алууга" катышы бар деп шек саноодо. Ички иштер министрлиги Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде саясатчылардын жана жарандык активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады. Читать дальше...

Райондук сот Канат Исаевдин кармалышы боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

23-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 24-октябрда билдирди. Ага ылайык, сот Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен Исаевдин 2018-жылдын октябрында тандалган эч жакка чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт чарасын өзгөрттү. Соттун чечими менен саясатчы 23-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Читать дальше...

Пакистандын бийлигин сындаган журналист Кенияда каза болду

Azattyk.org 

Пакистандык белгилүү журналист, өз өлкөсүнөн качып кеткен Аршад Шарифти 24-октябрда Кенияда ок атуудан улам каза болду. Бул тууралуу анын жубайы Жаверия Сиддик Твиттердеги баракчасында кабарлады. 49 жаштагы журналист Пакистандын азыркы өкмөтүн жана аскердик жетекчилигин ачык сындап келген. Ал ошондой эле быйыл жыл башында кызматтан алынган премьер-министр Имран Хандын тарапкери болгон. Маалыматты Пакистандын Тышкы иштер министрлиги ырастады. Кылмыштын деталдары тууралуу расмий комментарийлер жарык көрө элек. Читать дальше...

"Кылмыш ишин аягына чыгарып бергиле". Саиповдун апасы бийликке кайрылды

Azattyk.org 

Мындан 15 жыл мурун киши колдуу болгон, таанымал журналист Алишер Саиповдун апасы Зайнапхан Саипова президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, уулунун ишин иликтөөгө чекит коюп берүүнү суранды.  Кайрылууну 24-октябрда Бишкекте Саиповду эскерген иш-чарада иниси Шахрух Саипов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго бергенин айтты. "Мындан ары тергөө иштеринен үмүтүм деле калган жок. Баламды өлтүрүүгө буйрук бергендер, аны аткаргандар деле мүмкүн азыр бул жашоодо жоктур... Читать дальше...


Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Арина Соболенко

Арина Соболенко призналась в том, что не любит женский теннис






Минск на майские праздники обогнал по популярности Москву и Сочи

Врач Тяжельников назвал допустимую порцию шашлыка

Стало известно, в какую неожиданную страну русские отправятся на майские праздники

Улан-Удэнский ЛВРЗ подвел производственные итоги первого квартала 2024 года